1Кайгырбагыла. Кудайга жана Мага ишенгиле.
2Атамдын үйүндө орун көп. Эгерде андай болбосо, Мен силерге айтмакмын. Мен силерге орун даярдаганы бара жатам.
3Барып, силерге орун даярдап койгондон кийин, кайтып келем да, Мен болгон жерде силер да болууңар үчүн, силерди жаныма алып кетем.
4Ал эми Менин кайда бара жатканымды, ал жакка алып баруучу жолду силер билесиңер».
5«Теңир, Сенин кайда бара жатканыңды билбесек, ал жакка алып баруучу жолду кайдан билмек элек?» – деди Томас.
6Ыйса ага: «Жол, чындык жана өмүр Менмин. Атама Мен аркылуу гана барууга болот, Менсиз эч ким бара албайт.
7Эгерде Мени билсеңер, Атамды да билмексиңер. Ушул убакыттан тартып, Аны билип калдыңар жана көрдүңөр», – деди.
8Ошондо Филип: «Теңир, бизге Атаңды көрсөт, бизге ошол жетиштүү болот», – деди.
9Ыйса ага мындай деп жооп берди: «Ушунча убакыттан бери Мен силердин жаныңарда жүрсөм да, сен Мени тааныбайсыңбы, Филип? Мени көргөн адам Атамды да көрдү. “Бизге Атаңды көрсөт”, – дегениң кандай?
10Менин Атамдын ичинде экендигиме, Атамдын Менин ичимде экендигине ишенбейсиңби? Силерге айткан сөздөрдү Мен Өз атымдан айткан жокмун. Менин ичимде жашаган Атам Өз иштерин кылып жатат.
11Мага ишенгиле: Мен Атамдын ичиндемин, Атам Менин ичимде. Сөзүмө ишенбесеңер да, кылып жаткан иштеримди көрүп, Мага ишенгиле.
12Чындыкты, силерге чындыкты айтып коёюн, Мен кылып жаткан иштерди Мага ишенген адам да кыла алат, атүгүл, алардан да чоң иштерди кыла алат. Анткени Мен Атама кетип жатам.
13Атасы Уулу аркылуу даңкталышы үчүн, Атамдан Менин ысымым урматына эмнени сурасаңар да, Мен аны аткарам.
14Менин ысымым урматына эмнени сурасаңар да, Мен аны аткарам.
15Эгерде Мени сүйсөңөр, осуяттарымды аткаргыла.
16Мен Атамдан өтүнүп сурайм, Атам силерге башка Сооротуучуну, чындык Рухун берет: Ал түбөлүк силер менен болот,
17бул дүйнө Аны кабыл ала албайт, анткени Аны көрө да, биле да албайт. Ал эми силер билесиңер, анткени Ал силер менен, силердин ичиңерде болот.
18Силерди жетимсиретпейм, силерге кайра келем.
19Бир аз убакыттан кийин бул дүйнө Мени көрбөй калат, ал эми силер Мени көрөсүңөр. Мен жашап жаткандыктан, силер да жашайсыңар.
20Мен Атамдын ичинде экендигимди, силер Менин ичимде экендигиңерди, Мен силердин ичиңерде экендигимди ошол күнү түшүнөсүңөр.
21Ким Менин осуяттарымды билсе жана аткарса, ал Мени сүйөт. Ал эми Мени сүйгөн адамды Атам сүйөт. Аны Мен да сүйөм жана ага Өзүмдү ачып берем».
22Ошондо Жүйүт (Искариот эмес) Ыйсадан: «Теңир, эмне үчүн Сен Өзүңдү дүйнөгө эмес, бизге тааныткың келип жатат?» – деп сурады.
23Ыйса ага мындай деп жооп берди: «Ким Мени сүйсө, ал Менин сөзүмдү аткарат. Ошондо аны Атам сүйөт, Биз ага келип, анын ичинен орун алабыз.
24Мени сүйбөгөн адам Менин сөздөрүмдү аткарбайт. Силер уккан сөз Меники эмес, Мени жиберген Атамдыкы.
25Мен бул сөздөрдү силердин араңарда жүргөндө айттым.
26Менин ысымым урматына Атам жибере турган Сооротуучу, Ыйык Рух, силерге баарын үйрөтөт жана Мен айткан сөздөрдүн баарын эсиңерге салат.
27Силерге тынчтык калтырып жатам, силерге Өз тынчтыгымды берип жатам. Менин силерге бергеним бул дүйнөнүн бергениндей эмес. Кайгырбагыла жана коркпогула.
28“Кетем, бирок силерге кайра келем”, – деп айтканымды уктуңар. Эгерде Мени сүйсөңөр, анда Менин: “Атама барам”, – деп айтканыма кубанмаксыңар, анткени Атам Менден улук.
29Мага ишенип калышыңар үчүн, Мен бул сөздөрдү алдын ала айттым. Алар аткарылгандан кийин, силер Мага ишенип каласыңар.
30Эми Мен силер менен көп нерсени сүйлөшө албайм. Анткени бул дүйнөнүн төрөсү келе жатат. Менин үстүмөн анын эч кандай бийлиги жок.
31Бирок дүйнө билсин: Мен Атамды сүйөм, Атам Мага эмнени осуят кылган болсо, Мен ошону аткарам. Тургула, бул жерден кетели.