1Мен чыныгы жүзүм Сабагымын, Атам болсо – Жүзүмчү.
2Мендеги жемиш бербеген ар бир бутакты Ал кесип таштайт. Ал эми жемиш берип жаткан ар бир бутакты дагы көбүрөөк жемиш берсин деп тазалайт.
3Силер Менин сөзүм аркылуу тазартылдыңар.
4Менин ичимде болгула, ошондо Мен силердин ичиңерде болом. Сабактан ажыраган бутак жемиш бере албайт. Ошол сыяктуу эле силер да Менин ичимде болбосоңор, жемиш бере албайсыңар.
5Мен Сабакмын, силер болсо бутактарсыңар. Ким Менин ичимде болсо, Мен анын ичинде болсом, ал көп жемиш берет. Анткени силер Менсиз эч нерсе кыла албайсыңар.
6Ким Менин ичимде болбосо, ал бутак сыяктуу сыртка ыргытылат да куурап калат. Андай бутактарды чогултуп, отко ыргытышат, алар күйүп кетет.
7Эгерде Менин ичимде болсоңор, Менин сөздөрүм силердин ичиңерде болсо, эмне кааласаңар да сурагыла, силерге берилет.
8Эгерде силер көп жемиш берсеңер, Атам даңкталат, Менин шакирттерим болосуңар.
9Атам Мени кандай сүйсө, Мен силерди ошондой сүйөм. Силерде Менин сүйүүм болсун.
10Мен Атамдын осуяттарын аткаргандыктан, Менде Анын сүйүүсү бар. Ошол сыяктуу эле Менин осуяттарымды аткарсаңар, силерде Менин сүйүүм болот.
11Силерде Менин кубанычым болсун деп, силерде толук кубаныч болсун деп, Мен силерге ушул сөздөрдү айттым.
12Менин осуятым бул: бири-бириңерди Мен силерди сүйгөндөй сүйгүлө.
13Достору үчүн өз жанын берип коюудан өткөн сүйүү жок.
14Эгерде силер Менин айткан сөздөрүмдү аткарсаңар, Менин досторумсуңар.
15Мындан ары силерди кул дебейм, анткени кул өз кожоюнунун эмне кылып жатканын билбейт. Мен силерди досторум дедим, анткени силерге Атамдан уккандарымдын баарын айтып бердим.
16Силер Мени тандаган жоксуңар, Мен силерди тандап алдым. Барып, жемиш берсин деп, жемишиңер туруктуу болсун деп, силерди дайындадым. Ошондо Атамдан Менин ысымым урматына эмне сурасаңар да, Ал силерге берет.
17Силерге бере турган осуятым бул: бири-бириңерди сүйгүлө.
18Эгерде бул дүйнө силерди жек көрсө, силерден мурун Мени жек көргөнүн билгиле.
19Эгерде силер бул дүйнөнүкү болсоңор, анда дүйнө өзүнүкүн сүймөк. Силер бул дүйнөнүкү эмессиңер, Мен силерди бул дүйнөдөн тандап алдым, ошондуктан бул дүйнө силерди жек көрөт.
20“Кул өз кожоюнунан жогору эмес” деген сөзүм эсиңерде болсун. Эгерде Мени кубалашкан болсо, силерди да кубалашат. Эгерде Менин сөзүмдү угушкан болсо, силерди да угушат.
21Мунун баарын силерге Менин ысымым үчүн кылышат, анткени Мени жиберген Кудайды билишпейт.
22Эгерде Мен келбесем, аларга айтпасам, аларда күнөө жок болмок. Азыр болсо алардын күнөөлөрү үчүн кечирим жок.
23Ким Мени жек көрсө, ал Атамды да жек көрөт.
24Эгерде Мен аларга Менден башка эч ким кылбаган иштерди көрсөтпөгөн болсом, аларда күнөө жок болмок. Алар көрүштү, бирок Мени да, Атамды да жек көрүшөт.
25Алардын мыйзамындагы “Мени себепсиз эле жек көрүшөт” деген сөз аткарылышы үчүн ушундай болду.
26Мен силерге Сооротуучуну жиберем. Атамдан чыгып келе турган Ал чындык Руху келгенде, силерге Мен жөнүндө күбөлөндүрөт.
27Силер да күбөлөндүрөсүңөр, анткени башынан бери Менин жанымда болдуңар.