1Буларды Мен силерге азгырылып кетпешиңер үчүн айттым.
2Силерди синагогалардан кууп чыгарышат, атүгүл, силерди өлтүрүп жаткан адам: “Кудайга кызмат кылып жатам!” – деп ойлогон күндөр келет.
3Алар Атамды да, Мени да тааныбагандыктан, ушундай кылышат.
4Ошол күндөр келгенде, ушул айткандарымды эстешиңер үчүн, Мен буларды силерге алдын ала айттым. Бул жөнүндө мурун айтпаганымдын себеби: Мен силердин жаныңарда элем.
5Азыр болсо Мен Мени Жибергенге бара жатам. Бирок эч кимиңер Менден: “Кайда бара жатасың?” – деп сураган жоксуңар.
6Айткан сөздөрүмдөн улам жүрөгүңөр кайгыга толду.
7Бирок силерге чындыкты айтып коёюн, Менин кеткеним силер үчүн жакшы! Эгерде кетпесем, силерге Сооротуучу келбейт. Эгерде кетсем, Аны силерге жиберем.
8Ал келип, бул дүйнөнүн күнөөсүн ашкере кылат, адилдик жана келечектеги сот жөнүндө билдирет.
9Бул дүйнөнүн күнөөсү – Мага ишенбегендиги.
10Адилдик – Менин Атама бараткандыгым. Мындан ары силер Мени көрбөйсүңөр.
11Ал эми сот – бул дүйнөнүн төрөсү шайтандын соттолгондугу.
12Силерге айта турган сөзүм көп, бирок азыр силер түшүнө албайсыңар.
13Чындык Руху келгенде, силерди чындыкка үйрөтөт. Ал Өз атынан сүйлөбөйт, эмнени укса, ошону айтат жана силерге келечекте эмне болорун билдирет.
14Ал Мени даңктайт, анткени Менден алганын силерге билдирет.
15Атамда эмне болсо, ошонун баары Меники, ошондуктан Мен: “Менден алганын силерге билдирет”, – деп айттым.
16Бир аз убакыттан кийин силер Мени көрбөй каласыңар, дагы бир аз убакыттан кийин кайра көрөсүңөр, анткени Мен Атама бара жатам».
17Ошондо Ыйсанын кээ бир шакирттери: «“Бир аз убакыттан кийин Мени көрбөй каласыңар, дагы бир аз убакыттан кийин кайра көрөсүңөр”, “Атама бара жатам”, – дегенин кандай түшүнсө болот?
18“Бир аз убакыттан кийин”, – дегени эмнеси? Эмне жөнүндө айтып жатканын түшүнгөн жокпуз», – дешти.
19Ыйса алардын эмне жөнүндө сурагылары келип жатканын билип, мындай деди: «“Бир аз убакыттан кийин Мени көрбөй каласыңар, дагы бир аз убакыттан кийин кайра көрөсүңөр”, – деп айтканым жөнүндө бири-бириңерден сурап жатасыңарбы?
20Чындыкты, силерге чындыкты айтып коёюн, силер боздоп ыйлайсыңар, бул дүйнө болсо кубанат. Кайгырасыңар, бирок кайгыңар кубанычка айланат.
21Төрөр маалы келген аял толгоо тартып кыйналат. Төрөгөндөн кийин, дүйнөгө наристе келди деп, кубанганынан кыйналганын унутуп коёт.
22Ошол сыяктуу эле силер да азыр кайгырып жатасыңар. Бирок Мен силерди кайра көрөм, ошондо жүрөгүңөр кубанычка толот жана ал кубанычты силерден эч ким тартып албайт.
23Ошол күнү силер Менден эч нерсе сурабайсыңар. Чындыкты, силерге чындыкты айтып коёюн, Атамдан Менин ысымым урматына эмне сурасаңар да, Ал берет.
24Буга чейин силер Менин ысымым урматына эч нерсе сураган жоксуңар. Кубанычыңар толук болуш үчүн сурагыла, аласыңар!
25Ушул убакка чейин Мен силерге үлгү-насаат аңгемелер менен сүйлөдүм. Атам жөнүндө үлгү-насаат аңгемелер менен эмес, ачык айта турган убак келет.
26Ошол күнү Атамдан Менин ысымым урматына сурайсыңар. Ошондо Мен силерге: “Атамдан силер үчүн өтүнүп сурайм”, – деп айтпайм.
27Анткени Атам Өзү силерди сүйөт. Себеби силер Мени сүйөсүңөр жана Кудайдан келгениме ишендиңер.
28Мен бул дүйнөгө Атамдан келдим. Азыр болсо бул дүйнөнү таштап, кайра Атама бара жатам».
29Ошондо шакирттери: «Мына азыр үлгү-насаат аңгемесиз, ачык айттың.
30Биз азыр Сенин баарын билериңди билдик. Сага суроо берүүнүн деле кереги жок экен, анткени Сен биз сурай электе эле эмнени сурарыбызды билесиң, ошондуктан Кудайдан келгендигиңе ишенебиз», – дешти.
31Ошондо Ыйса аларга мындай деп жооп берди: «Азыр ишенип жатасыңарбы?
32Мына, ар кимиңер ар кайсы жакка чачырап кете турган убак келе жатат, атүгүл, келип да калды. Силер Мени жалгыз таштап кетесиңер. Бирок Мен жалгыз эмесмин, анткени Атам Мени менен.
33Мен муну силерге Менин тынчтыгым силерде болсун деп айттым. Бул дүйнөдө азап тартасыңар, бирок кайраттуу болгула, анткени Мен бул дүйнөнү жеңдим».