1Ыйса ушул сөздөрдү айткандан кийин, асманды карап, мындай деди: «Ата! Убагы келди. Уулуңду даңкта, Уул да Сени даңктасын.
2Сен Ага ар бир адамдын үстүнөн бийлик бердиң. Өзүң Ага кимдерди берсең, ошолордун баарына Ал түбөлүк өмүр берет.
3Ал түбөлүк өмүр – жалгыз чыныгы Кудай Сени жана Өзүң жиберген Ыйса Машайакты таануу.
4Мага тапшырган ишиңди аткарып, Мен Сени жер үстүндө даңктадым.
5Эми Мени Сен Өз ичиңде даңкта, Ата! Мени дүйнө жаратыла электен мурун эле Сенин ичиңде ээ болгон даңкыма бөлө.
6Дүйнөдөн тандап, Мага берген адамдарыңа Мен Сенин ысымыңды ачып бердим. Алар Сеники болчу, Мага бердиң, алар Сенин сөзүңдү кабыл алышты.
7Алар азыр Мага бергениңдин баары Сенден экендигин түшүнүштү.
8Анткени Мага берген сөздөрүңдү Мен аларга айттым, алар кабыл алышты жана Менин Сенден келгендигимди чындап түшүнүп, Мени Сен жибергендигиңе ишеништи.
9Мен алар үчүн өтүнөм: бүт дүйнө үчүн эмес, Мага бергендериң үчүн өтүнөм. Анткени алар Сеники.
10Мендегинин баары – Сеники, Сендегинин баары – Меники, Мен алар аркылуу даңкталдым.
11Мен азыр бул дүйнөнү таштап, Сага бара жатам. Алар болсо бул дүйнөдө. Ыйык Ата, Мага кимдерди берген болсоң, ошолорду Өз ысымың үчүн сакта, алар да Биз сыяктуу бир болушсун.
12Мен бул дүйнөдө алар менен бирге жүргөнүмдө, аларды Өз ысымың үчүн сактадым. Мага кимдерди берген болсоң, ошолорду сактадым. Ыйык Жазууда жазылгандай, өлүм уулунан башка эч кимиси өлгөн жок.
13Азыр болсо Сага бара жатам. Бирок Менин кубанычым аларда толугу менен болсун деп, буларды бул дүйнөдө экенимде айтып жатам.
14Аларга Сенин сөзүңдү айттым. Мен сыяктуу эле алар да бул дүйнөдөн эмес, ошондуктан бул дүйнө аларды жек көрүп калды.
15Мен Сенден аларды бул дүйнөдөн алып кетүүңдү өтүнбөйм, шайтандан сактооңду өтүнөм.
16Мен сыяктуу эле алар да бул дүйнөдөн эмес.
17Аларды Өзүңдүн чындыгың аркылуу ыйыкта. Сенин сөзүң – чындык.
18Сен Мени бул дүйнөгө жибергендей эле, Мен да аларды бул дүйнөгө жибердим.
19Алар да чындык аркылуу ыйыкталышы үчүн, Мен Өзүмдү аларга арнайм.
20Алар үчүн гана эмес, алардын сөзү аркылуу Мага ишенип калгандар үчүн да өтүнөм.
21Алардын бардыгы бир болушсун. Ата, Сен Менин ичимде болгондой, Мен Сенин ичиңде болгонумдай, алар Биздин ичибизде бир болушсун. Мени Сен жибергендигиңе дүйнө ишенсин.
22Алар да Биз сыяктуу бир болушу үчүн, Мага берген даңкыңды аларга бердим.
23Алардын ортосунда толук биримдик болушу үчүн, Сен Менин ичимде болгондой, Мен алардын ичинде болоюн. Мени Сен жибергендигиңди, Мени кандай сүйсөң, аларды да ошондой сүйөрүңдү дүйнө билсин.
24Ата! Сенин Мага бергендериң да Мен болгон жерде Мени менен бирге болушун жана Мага берген даңкыңды көрүшүн каалайм. Анткени Сен Мени дүйнө жаратыла электе эле сүйчүсүң.
25Оо, адилеттүү Ата! Бул дүйнө Сени тааныган жок, бирок Мен Сени тааныйм. Ал эми булар Мени Сен жибергендигиңди түшүнүштү.
26Сенин Мага болгон сүйүүң алардын ичинде болушу үчүн, Мен алардын ичинде болушум үчүн, Мен Сенин ысымыңды аларга ачып бердим жана ачып бере берем».