Жакан 18:1-40 KYB2004 - Bible AI

1Ыйса ушул сөздөрдү айткандан кийин, шакирттери менен ал жерден чыгып, Кидрон суусунун наркы өйүзүнө өттү. Ал жерде бир бак бар эле. Ыйса шакирттери менен ошол бакка кирди.

2Ыйса ал жерде шакирттери менен тез-тез чогулуп тургандыктан, Ага чыккынчылык кылган Жүйүт да ал жерди билчү.

3Ал бир топ аскерди жана башкы ыйык кызмат кылуучулар менен фарисейлердин кызматчыларын ээрчитип келип калды. Алардын колунда шамана, чырак жана курал бар эле.

4Өзүн эмне күтүп турганын толук билген Ыйса алардан: «Кимди издеп жүрөсүңөр?» – деп сурады.

5Алар Ага: «Назареттик Ыйсаны!» – деп жооп беришти. Ошондо Ыйса аларга: «Менмин», – деди. Чыккынчы Жүйүт да алар менен турган эле.

6Ыйса аларга: «Менмин», – дегенде, алар артка кетенчиктеп, жерге жыгылышты.

7Ыйса алардан дагы бир жолу: «Кимди издеп жүрөсүңөр?» – деп сурады. «Назареттик Ыйсаны», – деп жооп беришти алар.

8Ыйса аларга: «“Менмин”, – деп, Мен силерге айттым. Эгерде Мени издеп жүрсөңөр, буларды коё бергиле, кете беришсин», – деди.

9Анын «Мага бергендериңдин эч кимиси өлгөн жок» деген сөзү аткарылышы үчүн ушундай болду.

10Ошондо Шымон Петир кылычын кынынан сууруп алып, башкы ыйык кызмат кылуучунун кулунун оң кулагын шылый чапты. Кулдун аты Малкос эле.

11Бирок Ыйса Петирге: «Кылычыңды кынына сал! Атам берген чөйчөктөн ичпей коймок белем?» – деди.

12Миң башы менен аскерлер жана жүйүт башчыларынын кызматчылары Ыйсаны кармап алып, байлашты да,

13адегенде Анаска алып барышты. Ал ошол жылы башкы ыйык кызмат кылуучу болуп турган Кайапанын кайнатасы эле.

14«Эл үчүн бир адамдын өлгөнү жакшы», – деп, жүйүт башчыларына кеңеш берген ошол Кайапа эле.

15Шымон Петир менен дагы бир шакирт Ыйсанын артынан бара жатышты. Ал шакирт башкы ыйык кызмат кылуучунун таанышы болгондуктан, анын короосуна Ыйса менен бирге кирди.

16Петир болсо дарбазанын сыртында калды. Башкы ыйык кызмат кылуучунун таанышы болгон жанагы шакирт сыртка чыгып, дарбазачы күң менен сүйлөшүп, Петирди да киргизди.

17Дарбазачы күң Петирден: «Сен да Ушул Адамдын шакирттеринен эмессиңби?» – деп сурады. Петир ага: «Жок», – деп жооп берди.

18Күн суук болгондуктан, кулдар менен кызматчылар от жагып алып, отту тегеректеп жылынып турушту. Петир да алардын жанында жылынып турду.

19Башкы ыйык кызмат кылуучу болсо Ыйсадан шакирттери жана окутуусу жөнүндө сурады.

20Ыйса ага мындай деп жооп берди: «Мен жүйүттөр ар дайым чогулган жерде, синагогаларда жана ийбадатканада элди окутуп жүрдүм. Элге ачык сүйлөдүм, жашыруун сүйлөгөн жокмун.

21Эмне үчүн Менден сурап жатасың? Менин эмне жөнүндө сүйлөп жүргөнүмдү уккандардан сура. Алар Менин эмне жөнүндө сүйлөгөнүмдү билишет».

22Ыйса ушинтип айтканда, ошол жерде турган кызматчылардын бири Аны жаакка чаап жиберди да: «Башкы ыйык кызмат кылуучуга да ушинтип жооп бересиңби?» – деди.

23Ошондо Ыйса ага: «Эгерде туура эмес айтсам, туура эмес экенин көрсөт. Эгерде айтканым туура болсо, Мени эмнеге уруп жатасың?» – деди.

24Ушундан кийин Анас Ыйсаны байлануу бойдон башкы ыйык кызмат кылуучу Кайапага жиберди.

25Шымон Петир болсо дагы эле отко жылынып турган. Ошол учурда андан: «Сен да Анын шакирттеринен эмессиңби?» – деп сурашты. Ал болсо: «Жок», – деп танып койду.

26Ошондо башкы ыйык кызмат кылуучунун кулдарынын бири, Петир кулагын шылый чапкан кулдун тууганы: «Мен сени бактан, Анын жанынан көргөндөй болуп жатам», – деди.

27Петир дагы танып койду. Ошол учурда короз кыйкырды.

28Эртеси таң заардан жүйүт башчылары Ыйсаны Кайапаныкынан Пилаттын ак сарайына алып келишти, бирок өздөрү киришкен жок. Анткени алар таза эмес болуп эсептелип, Пасах тамагын жей албай калышмак.

29Пилат чыгып, алардан: «Бул Адамга кандай айып коюп жатасыңар?» – деп сурады.

30«Эгерде жамандык кылбаса, Аны сенин алдыңа алып келмек эмеспиз», – деп жооп беришти алар.

31Ошондо Пилат аларга: «Аны алып кеткиле да, өз мыйзамыңар боюнча соттой бергиле», – деди. Жүйүт башчылары ага: «Бирөөнү өлүм жазасына тартууга бизге тыюу салынган», – дешти.

32Өзүнүн кандай өлүм менен өлөрүн алдын ала айткан Ыйсанын сөзү аткарылышы үчүн ушундай болду.

33Пилат ак сарайга кайра кирип, Ыйсаны чакыртып алды да: «Сен жүйүттөрдүн Падышасысыңбы?» – деп сурады.

34Ыйса ага: «Муну сен өзүң айтып жатасыңбы же Мен жөнүндө сага бирөө айттыбы?» – деди.

35Пилат ага: «Мен, эмне, жүйүт белем! Сени мага Өз элиң жана башкы ыйык кызмат кылуучулар алып келишти. Эмне кылдың эле?» – деди.

36Ыйса ага мындай деп жооп берди: «Менин Падышачылыгым бул дүйнөдөн эмес. Эгерде Менин Падышачылыгым бул дүйнөдөн болсо, анда кызматчыларым Мени жүйүттөрдүн колуна түшүрбөө үчүн күрөшүшмөк. Менин Падышачылыгым бул дүйнөдөн эмес».

37Ошондо Пилат Ага: «Демек, Сен Падыша экенсиң да?» – деди. Ыйса ага: «Өзүң айтып жатасың. Мен Падышамын. Мен чындык жөнүндө күбөлөндүрүү үчүн төрөлгөм жана ошол үчүн бул дүйнөгө келгем. Ким чындык тарапта болсо, ал Менин үнүмдү угат», – деди.

38Пилат Андан: «Чындык деген эмне?» – деп сурады да, кайра чыгып, элге мындай деди: «Мен Андан эч кандай айып тапкан жокмун.

39Силердин салтыңар боюнча Пасах майрамы сайын бир туткунду бошотуп берчү эмес белем. Каалайсыңарбы, мен силерге жүйүт Падышасын бошотуп берейин?»

40Ошондо алар: «Аны эмес, Бараббаны!» – деп кыйкырышты. Барабба болсо кылмышкер эле.

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
div>