1Ушундан кийин Пилат Ыйсаны камчы менен сабаттырды.
2Аскерлер тикенектен таажы өрүп, Ыйсанын башына кийгизишти да, үстүнө кочкул кызыл түстөгү чапан жабышты.
3Анан алар: «Салам, жүйүт Падышасы!» – деп, Аны жаакка чапкылашты.
4Пилат кайра сыртка чыгып: «Аны силердин алдыңарга алып чыгам. Бирок билип койгула, мен Андан эч кандай күнөө тапкан жокмун», – деди.
5Ошондо башына тикенек таажы, үстүнө кочкул кызыл чапан кийген Ыйса сыртка чыкты. Пилат аларга: «Мына, Ал Адам!» – деди.
6Башкы ыйык кызмат кылуучулар менен алардын кызматчылары Ыйсаны көрүшкөндө: «Аны айкаш жыгачка када! Айкаш жыгачка када!» – деп кыйкырышты. Пилат аларга: «Алып кеткиле да, өзүңөр кадагыла! Мен Андан эч кандай күнөө тапкан жокмун!» – деди.
7Жүйүт башчылары ага мындай деп жооп беришти: «Бизде мыйзам бар, ошол мыйзам боюнча Ал өлүүгө тийиш. Анткени Ал Өзүн Кудайдын Уулумун деп айтып жатат».
8Пилат бул сөздү укканда, мурункудан да катуу коркуп кетти.
9Кайра ак сарайга кирип, Ыйсадан: «Кайсы жерденсиң?» – деп сурады. Бирок Ыйса ага жооп берген жок.
10Ошондо Пилат ага: «Мага жооп бергиң келбейби? Сени айкаш жыгачка кадатуу да, бошотуп жиберүү да менин колумда экенин билбейсиңби?» – деди.
11Ыйса ага:
12Ошол убакыттан тартып, Пилат Ыйсаны бошотуунун жолун издей баштады. Бирок жүйүттөр: «Эгерде Аны бошотуп жиберсең, анда сен Рим падышасынын досу эмессиң! Өзүн падыша эсептеген адам Рим падышасына каршы», – деп кыйкырышты.
13Пилат бул сөздү укканда, Ыйсаны сыртка чыгартты. Анан ал грекче «Литостротон», эврейче «Габбата» деп аталган аянттагы сот тагына отурду. Бул «Таш аянт» деп которулат.
14Ошол күн Пасах майрамынын алдындагы жума күн эле. Алтынчы саат чамасы болчу. Пилат жүйүттөргө: «Мына, силердин Падышаңар!» – деди.
15Бирок алар: «Жогот, жогот Аны! Айкаш жыгачка када!» – деп кыйкырышты. Пилат алардан: «Падышаңарды айкаш жыгачка кадайынбы?» – деп сурады. Башкы ыйык кызмат кылуучулар ага: «Рим падышасынан башка падышабыз жок», – деп жооп беришти.
16Акырында Пилат Ыйсаны айкаш жыгачка кадатуу үчүн, алардын колуна салып берди. Алар Ыйсаны алып кетишти.
17Ыйса Өзүнүн айкаш жыгачын көтөрүп, «Баш сөөгү» деп аталган жерге жөнөдү. Бул жердин эврейче аталышы – Голгофа.
18Аны ошол жерде айкаш жыгачка кадашты. Ыйсанын эки жагына дагы эки адам айкаш жыгачка кадалды.
19Пилат тактайча жасаттырып, анын бетине: «Назареттик Ыйса – жүйүттөрдүн Падышасы», – деп жаздырды да, айкаш жыгачтын өйдө жагына илдирип койду.
20Бул жазууну жүйүттөрдүн көпчүлүгү окушту, анткени Ыйса айкаш жыгачка кадалган жер Иерусалим шаарынан алыс эмес болчу. Жазуу эврей, латын жана грек тилдеринде жазылган эле.
21Жүйүттөрдүн башкы ыйык кызмат кылуучулары болсо Пилатка мындай дешти: «“Жүйүттөрдүн Падышасы” деп эмес, “Ал: "Мен жүйүттөрдүн Падышасымын", – деди” деп жаз».
22Пилат аларга: «Болду, жазарымды жаздым», – деп жооп берди.
23Аскерлер болсо Ыйсаны айкаш жыгачка кадагандан кийин, Анын кийимин бөлүп алышты. Анын кийимин төрт аскер бөлүп алды. Анын узун көйнөгүн да алышты. Ал тигилген эмес, токулган көйнөк эле.
24Ошондуктан алар бири-бирине: «Муну айрыбай, өкчөмө таш ыргытып, кимге тиерин билели», – дешти. Ыйык Жазуудагы «Менин көйнөгүмдү өз ара бөлүп алышты, Менин кийимим үчүн өкчөмө таш ыргытышты» деген сөз аткарылышы үчүн ушундай болду. Аскерлер ушундай кылышты.
25Ыйса кадалган айкаш жыгачтын жанында Анын энеси, таежеси, Клеопанын аялы Мариям жана магдалалык Мариям карап турушкан эле.
26Ыйса энесин жана анын жанында турган сүйүктүү шакиртин көргөндө:
27Андан кийин шакиртине:
28Ошондон кийин Ыйса баары аткарылганын билип:
29Ошол жерде ачуу ичимдик куюлган бир идиш турган эле. Аскерлер ага соргучту малып, аны иссоп бутагына байлап, Ыйсанын оозуна такашты.
30Ыйса аны таткандан кийин:
31Ал күн жума күн болгондуктан, жүйүттөр алардын ишембиге чейин айкаш жыгачта калышын каалашкан жок. Ошондуктан алар Пилатка барып, алардын буттарын сындырып, өздөрүн жыгачтан түшүртүп салуусун суранышты. Анткени ал ишемби күн улуу күн эле.
32Ошентип, аскерлер келишти да, Ыйсанын жанына кадалган эки адамдын буттарын сындырышты.
33Ыйсанын жанына келип, Анын өлүп калганын көрүшкөндө, Анын бутун сындырышкан жок.
34Бирок аскерлердин бири Ыйсаны найза менен кабыргага сайды. Ошол замат кан менен суу акты.
35Муну өз көзү менен көргөн адам күбөлөндүрүп жатат жана анын күбөлөндүрүүсү чындык. Ал өзүнүн чындыкты айтып жатканын билет. Ал силердин да ишенип калышыңар үчүн күбөлөндүрүп жатат.
36Ыйык Жазуудагы «Анын сөөгү сындырылбасын» деген сөздүн аткарылышы үчүн ушундай болду.
37Ыйык Жазуунун дагы бир жеринде: «Алар өздөрү найза менен сайган Адамды көрүшөт», – деп жазылган.
38Андан кийин ариматаялык Жусуп Пилаттан Ыйсанын сөөгүн айкаш жыгачтан түшүрүп алууга уруксат сурады. Ал Ыйсанын шакирти эле, бирок жүйүттөрдөн корккондуктан, ишенгенин жашырып жүрчү. Пилат уруксат берди. Жусуп барып, сөөктү түшүрүп алды.
39Бир жолу Ыйсага түн жамынып келип кеткен Никедим да ушул жерге келди. Ал жыпар жыттуу смирна майы менен алой чайырынын аралашмасынан жүз фунттай ала келди.
40Алар жүйүттөрдүн сөөк коюу салты боюнча Ыйсанын сөөгүн жыпар жыттуу май менен майлап, кепиндешти.
41Ыйса айкаш жыгачка кадалган жерде бир бак бар эле. Ал бакта эч ким коюла элек бир мүрзө бар болчу.
42Ал күн жүйүттөрдүн жума күнү болгондуктан, анын үстүнө, мүрзө жакын болгондуктан, алар Ыйсанын сөөгүн ошол мүрзөгө коюшту.