Жакан 2:1-25 KYB2004 - Bible AI

1Эки күндөн кийин Галилеядагы Каана шаарында үйлөнүү тою болду. Ыйсанын энеси ошол жерде болчу.

2Ыйса да шакирттери менен бирге тойго чакырылды.

3Шарап жетпей калганда, энеси Ыйсага: «Шараптары түгөнүп калыптыр», – деди.

4Ыйса ага: «Сен экөөбүздүн ишибиз эмне, аял! Менин убагым али келе элек», – деди.

5Энеси кулдарга: «Ал силерге эмнени айтса, ошону кылгыла», – деди.

6Ошол жерде жүйүттөрдүн тазалануу расмисин аткарууга арналган, эки-үч ченем суу баткан алты таш идиш турган эле.

7Ыйса кулдарга: «Идиштерге суу толтургула», – деди. Кулдар идиштерге мелт-калт кылып суу толтурушту.

8Андан кийин аларга: «Эми сузуп алгыла да, той башкаруучуга алып баргыла», – деди. Алар алып барышты.

9Той башкаруучу шарапка айланган суудан татып көргөндөн кийин, (ал шараптын кайдан экенин билген жок, аны суу сузуп алган кулдар гана билишчү), күйөөнү чакырып:

10«Элдин баары адегенде шараптын жакшысын беришет, коноктор кызып калгандан кийин, начарын беришет. Сен болсо шараптын жакшысын ушул убакка чейин сактап коюптурсуң», – деди.

11Ошентип, Ыйса Галилеядагы Каанада Өзүнүн эң алгачкы кереметин жасап, Өзүнүн даңкын көрсөттү. Ошондо шакирттери Ага ишенип калышты.

12Ошондон кийин Ыйса энеси, инилери жана шакирттери менен Капернаумга барып, ал жерде бир нече күн болду.

13Жүйүттөрдүн Пасах майрамы жакындаганда, Ыйса Иерусалимге келип,

14ийбадаткананын короосунда өгүз, кой, көгүчкөн саткандарды жана акча алмаштырып отургандарды көрдү.

15Аркандан камчы жасап алып, алардын баарын кой, өгүздөрү менен кошо ийбадаткананын короосунан кууп чыкты. Акча алмаштыруучулардын акчасын чачып, үстөлдөрүн көңтөрүп салды.

16Анан көгүчкөн саткандарга: «Буларыңарды бул жерден алып кеткиле! Атамдын үйүн базарга айландырбагыла!» – деди.

17Ошондо шакирттер Ыйык Жазуудагы «Сенин үйүңө болгон кызганыч Мени жеп жатат» деген сөздөрдү эстешти.

18Жүйүттөр Ыйсадан: «Ушундай кылууга укугуң бар экенин кандай жышаан менен көрсөтө аласың?» – деп сурашты.

19Ыйса аларга: «Бул ийбадаткананы бузгула, Мен аны үч күндүн ичинде кайра тургузам», – деп жооп берди.

20Жүйүттөр буга: «Бул ийбадаткана кырк алты жылда курулуп бүткөн. Сен аны үч күндүн ичинде тургузуп коёсуңбу?» – дешти.

21Ыйса болсо «ийбадаткана» деп, Өзүнүн денеси жөнүндө айткан эле.

22Ыйса өлүп, кайра тирилгенден кийин, шакирттери Анын ушул жөнүндө айтканын эстешип, Ыйык Жазууда жазылгандарга жана Анын сөзүнө ишеништи.

23Көп адамдар Ыйсанын Иерусалимде, Пасах майрамында кылган кереметтерин көрүп, Ага ишенип калышты.

24Алардын баарынын кандай экендигин билгендиктен, Ыйса Өзүн аларга ишенип тапшырган жок.

25Адамдын жүрөгүндө эмне бар экендигин билгендиктен, Ал кимдир бирөөнүн адам жөнүндө күбөлөндүрүүсүнө муктаж эмес эле.

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
iv>