Жакан 20:1-31 KYB2004 - Bible AI

1Жуманын биринчи күнү эртең менен эрте, жарык кире электе магдалалык Мариям мүрзөгө келип, анын оозундагы таштын жылдырылып калганын көрдү.

2Ошондо ал Шымон Петирге жана Ыйсанын сүйгөн шакиртине жүгүрүп барып: «Теңирибизди мүрзөдөн алып кетишиптир! Аны кайсы жерге коюшканын билбейбиз», – деди.

3Петир менен ошол шакирт дароо мүрзөгө бет алышты.

4Экөө тең чуркап бара жатышты. Тиги шакирт Петирге караганда батыраак чуркап, мүрзөгө биринчи жетти.

5Ал мүрзөнүн ичин эңкейип карап, кепинди көрдү, бирок мүрзөгө кирген жок.

6Анын артынан Шымон Петир жетип келип, мүрзөгө кирди.

7Ал кепинди жана Ыйсанын башын орогон орогучту гана көрдү, бирок орогуч кепин менен бирге эмес, оролуу боюнча бөлөк жаткан эле.

8Анан биринчи келген шакирт да мүрзөгө кирди. Ал көрүп, ишенди.

9Анткени алар Ыйсанын тирилиши керектиги жөнүндө айтылган Ыйык Жазуудагы сөздөрдү түшүнүшө элек болчу.

10Анан шакирттер үйлөрүнө кайтышты.

11Мариям болсо мүрзөнүн жанында ыйлап турду. Ал ыйлап жатып, мүрзөнүн ичин эңкейип карап,

12ак кийимчен эки периштени көрдү. Бирөө Ыйсанын сөөгү коюлган жердин баш жагында, экинчиси аяк жагында отурган экен.

13Алар Мариямдан: «Аял, эмнеге ыйлап жатасың?» – деп сурашты. «Теңиримди алып кетишиптир, Аны кайсы жерге коюшканын билбейм», – деп жооп берди ал периштелерге.

14Ушинтип айткандан кийин, ал артына бурулуп, туруп турган Ыйсаны көрдү, бирок Аны тааныган жок.

15Ыйса андан: «Аял, эмнеге ыйлап жатасың? Кимди издеп жүрөсүң?» – деп сурады. Мариям Аны бакчы экен деп ойлоп: «Мырза, эгерде Анын сөөгүн сен алып кеткен болсоң, кайсы жерге койгонуңду айтчы, алып келейин», – деди.

16Ошондо Ыйса ага: «Мариям», – деди. Мариям Ыйсага бурулуп: «Устат!» – деди.

17Ыйса ага: «Мага колуңду тийгизбе, анткени Мен али Атама көтөрүлүп кете элекмин. Бир туугандарыма барып, Менин Өз Атама – силердин да Атаңарга, Менин Өз Кудайыма – силердин да Кудайыңарга көтөрүлүп кетеримди айт!» – деди.

18Магдалалык Мариям шакирттерге барып, Теңирди көргөнүн жана Анын ушул сөздөрдү айтканын айтып берди.

19Ошол эле күнү кечинде, жуманын биринчи күнү, Ыйсанын шакирттери бир үйгө чогулуп, жүйүттөрдөн корккондуктан, эшиктерин бекитип алып отурушкан эле. Ошол учурда Ыйса келип, алардын ортосуна турду да: «Силерге тынчтык болсун!» – деди.

20Ушинтип айткандан кийин, Ыйса аларга Өзүнүн колдорун, буттарын жана кабыргаларын көрсөттү. Шакирттер Теңирди көрүп кубанышты.

21Ыйса аларга дагы бир жолу: «Силерге тынчтык болсун! – деп айтты да, – Атам Мени жиберген сыяктуу, Мен да силерди жиберем», – деди.

22Ушуну айткандан кийин, Ал шакирттерине демин үйлөп: «Ыйык Рухту кабыл алгыла!

23Кимдин күнөөлөрүн кечирсеңер, ал кечирилет, ал эми кимдин күнөөлөрүн кечирбесеңер, ал кечирилбейт», – деди.

24Он эки шакирттин бири, Эгиз деген да ысымы бар Томас Ыйса келген учурда алардын арасында жок эле.

25Шакирттер ага: «Биз Теңирди көрдүк», – дешти. Бирок ал: «Мен Анын колдорундагы мыктын тагын көрмөйүнчө, мыктын тагы калган жерине жана кабыргаларына колумду тийгизип көрмөйүнчө ишенбейм», – деди.

26Сегиз күндөн кийин Ыйсанын шакирттери ошол үйгө дагы чогулушту, алардын арасында Томас да бар эле. Эшик бекитилүү болчу, бирок Ыйса келип, алардын ортосуна турду да: «Силерге тынчтык болсун!» – деди.

27Андан кийин Томаска кайрылып: «Менин колдорум менен кабыргаларыма колуңду тийгизип көр да, ишенбеген адам болбой, ишенген адам бол!» – деди.

28Томас Ага: «Теңирим менин! Кудайым менин!» – деп жооп берди.

29Ыйса ага: «Сен Мени көргөндөн кийин ишенип жатасың, көрбөй ишенгендер бактылуу», – деди.

30Ыйса шакирттеринин көз алдында көптөгөн кереметтерди көрсөттү, бирок бул китепке алардын баары жазылган жок.

31Булар болсо Ыйсанын Кудайдын Уулу, Машайак экенине ишенишиңер үчүн жана ишенип, Анын ысымы аркылуу өмүргө ээ болушуңар үчүн жазылды.

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
div>