1Андан кийин Ыйса Тиберия көлүнүн жээгинде шакирттерине дагы бир жолу көрүндү. Бул мындайча болду:
2Шымон Петир, Томас-Эгиз, Галилеянын Каана шаарынан болгон Натанаел, Зебедейдин уулдары жана дагы эки шакирт чогуу жүрүшкөн эле.
3Шымон Петир аларга: «Мен балык кармаганы барам», – деди. Алар ага: «Биз да сени менен барабыз», – дешти да, барып, кайыкка түшүштү. Бирок ал түнү алар эч нерсе кармай алышкан жок.
4Таң атып калганда, Ыйса жээкте турган эле. Шакирттери болсо Анын Ыйса экенин билишкен жок.
5Ыйса алардан:
6Ыйса аларга:
7Ошондо Ыйсанын сүйгөн шакирти Петирге: «Бул Теңирибиз», – деди. Шымон Петир Анын Теңир экенин укканда, кийимин кие калып (анткени ал жылаңач эле), сууга секирди.
8Калган шакирттер балыкка толгон торду сүйрөп, жээкке сүзүп келишти. Анткени алар жээктен анча алыс эмес жерде жүрүшкөн. Алар менен жээктин ортосундагы аралык эки жүз чыканактай эле.
9Жээкке чыгышканда, жагылган оттун чогун жана анын үстүндөгү балык менен нанды көрүштү.
10Ыйса аларга:
11Шымон Петир барып, чоң-чоң балыктарга толгон торду жээкке тартып чыгарды. Тордо жүз элүү үч балык бар экен. Балыктын көптүгүнө карабастан, тор айрылбаптыр.
12Ыйса аларга:
13Ыйса басып келип, аларга нанды жана балыкты берди.
14Бул Ыйсанын тирилгенден кийин шакирттерине үчүнчү жолку көрүнүшү эле.
15Алар тамактанып бүтүшкөндөн кийин, Ыйса Шымон Петирден:
16Ыйса андан экинчи ирет:
17Ыйса андан үчүнчү ирет:
18
19Ыйса бул сөздөрдү Петир өз өлүмү менен Кудайды даңктарын билдирүү үчүн айтты. Ушул сөздү айткандан кийин, Ал ага:
20Петир артын карап, Ыйса сүйгөн шакирттин ээрчип келе жатканын көрдү. Ал кечки тамак убагында Ыйсанын төшүнө башын коюп, «Теңир, Сага чыккынчылык кыла турган ким?» деп сураган шакирт эле.
21Петир ошол шакиртти көргөндө: «Теңир, ал эми булчу?» – деди.
22Ыйса ага:
23Ошондон кийин бир туугандар арасында
24Ушулардын баарын ошол шакирт жазып алып, күбөлөндүрүп жатат. Биз анын күбөлөндүрүүсү чындык экенин билебиз.
25Ыйса булардан башка дагы көптөгөн иштерди кылган. Эгерде алардын баарын жазып чыга турган болсо, жазылган китептер бул дүйнөгө батмак эмес деп ойлойм. Оомийин.