Жакан 3:1-36 KYB2004 - Bible AI

1Фарисейлер арасында жүйүт эл башчыларынын бири Никедим деген киши бар эле.

2Ал бир күнү түн ичинде Ыйсага келип: «Устат, Сенин Кудайдан келген Устат экениңди билебиз. Анткени Сен кылып жаткандай кереметтерди Кудайсыз эч ким кыла албайт», – деди.

3Ыйса ага: «Чындыкты, сага чындыкты айтып коёюн, кимде-ким жогорудан төрөлбөсө, Кудайдын Падышачылыгын көрбөйт», – деп жооп берди.

4Никедим Андан: «Карыган адам кайра кантип төрөлмөк эле? Эмне, ал энесинин курсагына экинчи жолу кирип, кайра төрөлөбү?» – деп сурады.

5Ыйса ага мындай деп жооп берди: «Чындыкты, сага чындыкты айтып коёюн, кимде-ким суудан жана Рухтан төрөлбөсө, Кудайдын Падышачылыгына кире албайт.

6Денеден төрөлгөн – дене, Рухтан төрөлгөн – рух.

7“Жогорудан төрөлүшүң керек”, – деп айтканыма таң калба!

8Шамал каалаган жеринде согот, анын үнүн угасың, бирок кайдан келип, кайда кетерин билбейсиң. Ыйык Рухтан төрөлгөн адамда да ушундай болот».

9Ошондо Никедим Андан: «Бул кандай болушу мүмкүн?» – деп сурады.

10Ыйса ага мындай деп жооп берди: «Ысрайыл элинин окутуучусу болуп туруп, ушуну билбейсиңби?

11Чындыкты, сага чындыкты айтып коёюн, биз билгенибизди айтабыз, көргөнүбүздү күбөлөндүрөбүз, силер болсо биздин күбөлөндүрүүбүздү кабыл албайсыңар.

12Мен силерге жердеги нерселер жөнүндө айтсам ишенбейсиңер, анан асмандагы нерселер жөнүндө айтсам, кантип ишенесиңер?

13Асманда жашаган, асмандан түшкөн Адам Уулунан башка эч ким асманга көтөрүлгөн эмес.

14Муса чөлдө жыланды жогору көтөргөндөй, Адам Уулу да жогору көтөрүлүүгө тийиш.

15Ошондо Ага ишенген ар бир адам түбөлүк өмүргө ээ болот.

16Кудай бул дүйнөнү абдан сүйгөндүктөн, Өзүнүн жалгыз Уулун берди. Кудай Аны Ага ишенген ар бир адам өлбөй, түбөлүк өмүргө ээ болсун деп берди.

17Кудай Өз Уулун бул дүйнөгө дүйнөнү соттош үчүн эмес, Ал аркылуу дүйнөнү куткаруу үчүн жиберди.

18Ага ишенген адам соттолбойт, ал эми ишенбеген адам соттолду. Анткени ал Кудайдын жалгыз Уулуна ишенбей койду.

19Соттун себеби мында: «Дүйнөгө жарык келди, бирок адамдар жарыкка караганда караңгылыкты жакшы көрүштү. Анткени алардын кылган иштери жаман эле.

20Жаман иштерди жасаган адам жарыкты жек көрүп, кылган жаман иштери ашкереленбеши үчүн, жарыкка келбейт.

21Ал эми акыйкаттык жолунда жүргөн адам кылган иштеринин Кудайдын жардамы менен кылынгандыгы көрүнүп туруш үчүн, жарыкка келет».

22Ошондон кийин Ыйса шакирттери менен Жүйүт жерине келди. Алар менен ошол жерде калып, адамдарды сууга чөмүлдүрүп жатты.

23Жакан болсо Шалемдин жанындагы Айнондо чөмүлдүрүп жатты, анткени ал жерде суу көп эле. Адамдар келип, сууга чөмүлдүрүлүп жатышты.

24Анткени Жакан түрмөгө камала элек болчу.

25Жакандын шакирттери менен бир жүйүттүн ортосунда тазалануу жөнүндө талаш чыгып кетти.

26Шакирттери Жаканга келип: «Устат! Иордан дарыясынын наркы өйүзүндө сени менен чогуу болгон, сен күбөлөндүргөн Адам элди сууга чөмүлдүрүп жатат. Элдин баары Ага барып жатышат», – дешти.

27Жакан аларга мындай деп жооп берди: «Кудай бермейинче, адам өз мойнуна эч нерсени ала албайт.

28“Мен Машайак эмесмин, бирок Анын алдынан жиберилгем” дегениме силер өзүңөр күбөсүңөр.

29Колуктусу бар адам – күйөө. Ал эми күйөөнү жанында туруп алып тыңшап турган күйөө жолдош анын үнүн укканда, аябай кубанат. Мен ошол кубанычты башымдан өткөрдүм.

30Ал өсүшү керек, мен болсо кичирейишим керек.

31Жогорудан Келген баарынан жогору. Бул дүйнөдөн келген бул дүйнөгө таандык, ошондуктан дүйнөдөгүнү сүйлөйт. Асмандан Келген баарынан жогору.

32Ал асмандан көргөн-укканы жөнүндө күбөлөндүрөт. Бирок Анын күбөлөндүрүүсүн эч ким кабыл албайт.

33Ал эми Анын күбөлөндүрүүсүн кабыл алган адам Кудайдын чындык экендигин далилдеди.

34Кудай жиберген Адам Кудайдын сөзүн сүйлөйт. Анткени Кудай Рухту ченемсиз берет.

35Атасы Уулун сүйөт, ошондуктан бардыгын Анын колуна берди.

36Кудайдын Уулуна ишенген адам түбөлүк өмүргө ээ, ал эми Ага баш ийбеген адам өмүргө ээ болбойт, Кудайдын каары анын үстүндө болот».

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
iv>