Жакан 4:1-54 KYB2004 - Bible AI

1Ыйса «Ал Жаканга караганда көбүрөөк шакирт күтүп, элди сууга чөмүлдүрүп жатат» деген сөз фарисейлерге жеткенин билгенде,

2(чынында, Ыйсанын Өзү эмес, шакирттери чөмүлдүрүп жатышкан эле),

3Жүйүт аймагынан кайра Галилеяга жөнөдү.

4Ыйса Самария аймагы аркылуу өтүүгө тийиш эле.

5Ошондуктан Ал Самариянын Шекем шаарына келди. Ал шаар Жакып өзүнүн уулу Жусупка мурас кылып калтырган жерге жакын жайгашкан эле.

6Ошол жерде «Жакыптын кудугу» деп аталган кудук бар болчу. Жол жүрүп чарчаган Ыйса кудуктун жанына отура кетти. Алтынчы саат чамасы эле.

7Ошол маалда самариялык бир аял кудуктан суу алганы келди. Ыйса андан ичкенге суу сурады.

8Шакирттери тамак сатып алуу үчүн, шаарга кетишкен эле.

9Самариялык аял Ага: «Өзүң жүйүт болуп туруп, менден, самариялык аялдан, суу сурайсыңбы?» – деди. Себеби жүйүттөр самариялыктар менен мамилелешчү эмес.

10Ыйса аялга: «Эгерде Кудайдын белеги эмне экендигин жана сенден суу сураган Ким экендигин билсең, сен Андан өзүң сурар элең, ошондо Ал сага тирүү суу бермек», – деп жооп берди.

11Аял Ага: «Мырза, суу сузуп алгыдай эч нерсең жок экен, кудук болсо терең, Сенде тирүү суу кайдан болсун?

12Сен, эмне, бизге ушул кудукту калтырган атабыз Жакыптан да чоңсуңбу? Ал өзү да, балдары да, малы да ушул кудуктан суу ичишкен», – деди.

13Ыйса аялга мындай деп жооп берди: «Бул суудан ичкен адам кайра эле суусайт.

14Ал эми Мен берген суудан ичкен адам түбөлүк суусабайт. Мен бере турган суу анын ичинде түбөлүк өмүргө агып баруучу булакка айланат».

15Ошондо аял Ага: «Мырза, суусабашым үчүн, бул жерге сууга келбешим үчүн, мага ошол суудан берчи!» – деди.

16«Барып, күйөөңдү бул жерге чакырып кел», – деди Ыйса.

17«Менин күйөөм жок», – деп жооп берди аял. Ошондо Ыйса ага: «“Күйөөм жок”, – деп, чындыкты айттың.

18Сен беш жолу күйөөгө чыккансың, бирок азыркысы күйөөң эмес. Муну сен туура айттың», – деди.

19Аял Ага: «Мырза, Сенин пайгамбар экениңди билдим.

20Биздин ата-бабаларыбыз мына бул тоодо Кудайга табынышчу экен, силер болсо Кудайга табынуучу жай Иерусалимде болуш керек дейсиңер», – деди.

21Ыйса ага мындай деди: «Мага ишен, бул тоонун үстүндө да, Иерусалимде да Атага табынбай турган убак келет.

22Силер эмнеге табынып жүргөнүңөрдү билбейсиңер, биз болсо билебиз. Анткени куткарылуу жүйүттөрдөн келет.

23Чыныгы табынуучулар Атага рух менен, чындык боюнча табына турган убакыт келет, ал тургай, келип да калды. Анткени Ата да Өзүнө ошондой табынуучуларды издейт.

24Кудай – Рух. Ага табынуучулар да рух менен, чындык боюнча табынуулары керек».

25Аял Ыйсага: «Машайак келерин билем. Ал келгенде, бизге баарын айтып берет», – деди.

26Ошондо Ыйса ага: «Сен дал ошонун Өзү менен сүйлөшүп турасың», – деди.

27Ошол мезгилде шакирттери келип калышты. Алар Анын аял менен сүйлөшүп жатканын көрүп таң калышты. Бирок эч кимиси Андан: «Андан эмнени сурап жатасың?» же «Аны менен эмне жөнүндө сүйлөшүп жатасың?» – деп сураган жок.

28Аял суу алган идишин таштап, шаарга барды да, элге:

29«Жүргүлө, кылганымдын баарын айтып берген Адамды көргүлө! Ал Машайак эмеспи?» – деп айта баштады.

30Ошондо алар шаардан чыгып, Ыйсаны көздөй жөнөштү.

31Ошол арада шакирттери Ыйсадан: «Устат, тамактанып ал», – деп өтүнүштү.

32Бирок Ыйса аларга: «Менде силер билбеген тамак бар», – деди.

33Шакирттери бири-бирине: «Ага бирөө тамак алып келип бергенби?» – дешти.

34Ыйса аларга мындай деди: «Менин тамагым – Мени жиберген Кудайдын каалоосун аткаруу жана Анын ишин бүтүрүү.

35Силер: “Төрт айдан кийин орок маалы башталат”, – дейсиңер. Бирок Мен силерге айтып коёюн: талаага көз чаптырып, эгинди карагылачы, ал орууга даяр болуп бышып калды.

36Орокчу азыртадан эле эмгек акысын алып, түбөлүк өмүр үчүн түшүм жыйнап жатат. Ошентип, себүүчү да, орокчу да кубанат.

37Анткени ушул учурга “Бирөө себет, бирөө орот” деген сөз туура келет.

38Мен силерди өзүңөр эмгектенбегенди орушуңар үчүн жибергем. Башкалар эмгектеништи, силер болсо түшүмүн жыйнап жатасыңар».

39Ошол шаардагы самариялыктардын көпчүлүгү: «Ал мага кылганымдын баарын айтып берди», – деп күбөлөндүргөн аялдын сөзү аркылуу Ыйсага ишенип калышты.

40Ошондуктан алар Ага келип, Андан өздөрү менен калуусун өтүнүштү. Ыйса ал жерде эки күн болду.

41Анын сөзүн угуп, Ага дагы көп киши ишенип калды.

42Алар аялга: «Биз эми Ага сенин сөзүң боюнча эле ишенип жаткан жокпуз. Анткени Анын сөзүн өзүбүз да угуп, Анын, чын эле, дүйнөнүн Куткаруучусу, Машайак экенин билдик», – дешти.

43Эки күндөн кийин Ыйса ал жерден Галилеяга жөнөп кетти.

44Анткени Ыйса Өзү: «Пайгамбар өз жеринде урматталбайт», – деп күбөлөндүргөн эле.

45Галилеяга келгенде, ал жердин тургундары Аны кабыл алышты. Анткени алар да Иерусалимде болгон майрамга барып, Анын майрамда кылган иштеринин баарын көрүшкөн болчу.

46Ошентип, Ыйса Галилеядагы Каанага дагы келди. Ал жерде Ал сууну шарапка айландырган эле. Капернаумда падышанын сарай кызматчысынын уулу ооруп жаткан.

47Ал Ыйсанын Жүйүт аймагынан Галилеяга келгенин угуп, Ага келди да: «Келип, өлүм алдында жаткан баламды айыктыра көр», – деп өтүндү.

48Ыйса ага: «Силер Мага керемет-жышаандарды көрмөйүнчө ишенбейсиңер!» – деди.

49Сарай кызматчысы Ага: «Теңир! Балам өлүп кала электе келе көр!» – деди.

50Ошондо Ыйса ага: «Кете бер, балаң айыкты», – деди. Ал Ыйсанын айткан сөзүнө ишенип, үйүнө жөнөдү.

51Аны кулдары тосуп чыгышып: «Балаң айыгып калды», – дешти.

52Ал кулдарынан баласынын кайсы убакта жакшы болуп калганын сурады. «Кечээ, жетинчи саат чамасында ысытмасынан айыкты», – деп жооп беришти алар.

53Ошондо ал Ыйсанын: «Балаң айыкты», – деп, дал ошол убакта айтканын эстеди. Ал бүт үй-бүлөсү менен Ыйсага ишенип калды.

54Бул Ыйсанын Жүйүт аймагынан Галилеяга келгенден кийин жасаган экинчи керемети эле.

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
iv>