Жакан 5:1-47 KYB2004 - Bible AI

1Ошол күндөрдөн кийин жүйүттөрдүн бир майрамы болуп, Ыйса Иерусалимге келди.

2Иерусалимдин «Кой дарбазасы» деп аталган дарбазасынын жанында арамейче «Бетезда», деп аталган көлмө бар эле. Аны беш бастырма курчап турчу.

3Ал жерде көптөгөн оорулуулар: сокурлар, аксактар, шал болуп калгандар суунун чайпалышын күтүп жатышчу.

4Себеби Кудайдын бир периштеси кайсы бир убакта ушул көлмөгө түшүп, сууну чайпачу. Суу чайпалары менен, сууга эң биринчи түшкөн адам, кандай оорусу болсо да, айыгып чыкчу.

5Ошол жерде отуз сегиз жылдан бери шал болуп ооруган бир адам бар эле.

6Ыйса аны көргөндө, анын көптөн бери жатканын билип: «Айыккың келеби?» – деп сурады.

7Оорулуу Ага: «Мырза, суу чайпалганда, мени көлмөгө түшүрө турган адамым жок. Мен жеткенче эле, башка бирөө түшүп кетет», – деп жооп берди.

8Ыйса ага: «Ордуңан туруп, төшөгүңдү ал да, бас!» – деди.

9Ал ошол замат оорусунан айыгып, төшөнчүсүн алды да, басып кетти. Бул ишемби күн эле.

10Ошондуктан жүйүттөр айыгып калган адамга: «Бүгүн ишемби күн. Төшөгүңдү көтөрүп жүргөнгө болбойт!» – дешти.

11Ал болсо аларга: «Мени айыктырган адам: “Төшөгүңдү ал да, бас!” – деди», – деп жооп берди.

12«Сага: “Төшөгүңдү ал да, бас!” – деп айткан адам ким?» – деп сурашты алар.

13Айыккан киши Анын ким экенин билген жок, анткени Ыйса ошол жердеги элдин арасына кирип кеткен эле.

14Кийин Ыйса ага ийбадатканадан жолугуп: «Мына, сен айыктың, абалың мурункудан да жаман болбош үчүн, мындан ары күнөө кылба», – деди.

15Ал барып, өзүн айыктырган Ыйса экендигин жүйүттөргө айтты.

16Ошондо жүйүттөр Ыйсаны ишемби күнү айыктыргандыгы үчүн, өлтүрмөкчү болуп, куугунтуктай башташты.

17Ыйса болсо аларга: «Атам ушул күнгө чейин иш кылып жатат, ошондуктан Мен да иш кылып жатам», – деди.

18«Ал ишемби күнүн гана бузбастан, Кудайды “Атам” деп, Өзүн Кудайга теңеди», – деп, жүйүттөр Ыйсаны өлтүрүү үчүн, мурдагыдан да көбүрөөк аракет кыла башташты.

19Ошондо Ыйса аларга мындай деди: «Чындыкты, силерге чындыкты айтып коёюн, Атасынын кылганын көрбөсө, Уулу Өз алдынча эч нерсе кыла албайт. Анткени Уулу Атасы кылганды кылат.

20Анткени Атасы Уулун жакшы көргөндүктөн, Өзү кылгандарынын баарын Ага көрсөтөт. Ал тургай, силер таң кала турган мындан чоң иштерди көрсөтөт.

21Анткени Атасы өлгөндөрдү тирилтип, аларга өмүр бергендей эле, Уулу да каалаган адамына өмүр берет.

22Анткени Атасы эч кимди соттобойт. Ал соттун бүт бийлигин Уулуна берген.

23Ал аны Өзүн урматташкандай эле, Уулун да баары урматташы үчүн берген. Уулун урматтабаган адам Аны жиберген Атасын да урматтабайт.

24Чындыкты, силерге чындыкты айтып коёюн, Менин сөзүмдү угуп, Мени жиберген Кудайга ишенген адам түбөлүк өмүргө ээ, ал соттолбойт, анткени өлүмдөн өмүргө өттү.

25Чындыкты, силерге чындыкты айтып коёюн, өлгөндөр Кудайдын Уулунун үнүн угуп тирилер убакыт келет, ал тургай, келип да калды.

26Анткени Атанын Өзүндө өмүр бар болгон сыяктуу эле, Уулунда да Атасы берген өмүр бар.

27Атасы Ага сот жүргүзүү бийлигин да берди. Анткени Ал – Адам Уулу.

28Буга таң калбагыла, анткени мүрзөдө жаткандардын баары Кудай Уулунун үнүн уга турган убак келет.

29Ошондо өлгөндөр мүрзөдөн чыгышат: жакшылык кылгандар өмүргө ээ болуу үчүн, жамандык кылгандар соттолуу үчүн тирилишет.

30Мен Өз алдымча эч нерсе кыла албайм. Атам Мага кандай айтса, ошондой соттойм. Менин сотум адилет, анткени Мен Өз каалоомду эмес, Мени жиберген Атамдын каалоосун аткарам.

31Эгерде Мен Өзүм жөнүндө Өзүм күбөлөндүрүп жатсам, анда Менин күбөлөндүрүүм чындык эмес.

32Мен жөнүндө күбөлөндүргөн башка бирөө бар. Мен Анын күбөлөндүрүүсүнүн чындык экенин билем.

33Жаканга киши жибердиңер эле, ал чындык жөнүндө күбөлөндүрдү.

34Дегинкиси, Мен адамдын күбөлөндүрүүсүн кабыл албайм, бирок муну силердин куткарылып калышыңар үчүн айтып жатам.

35Жакан жарык чачып, жанып турган чырак эле, силер болсо анын жарыгы менен бир аз убакыт кубангыңар келди.

36Бирок Менде Жакандын күбөлөндүрүүсүнөн чоң күбөлөндүрүү бар. Себеби Атамдын Мага тапшырган иштери – Менин кылып жаткан бул иштерим Мени Атам жибергендигин күбөлөндүрөт.

37Мени жиберген Атам Өзү да Мен жөнүндө күбөлөндүрдү. Силер эч качан Анын үнүн уккан эмессиңер, жүзүн да көргөн эмессиңер.

38Анын сөзү силердин жүрөгүңөрдөн орун алган эмес. Анткени Ал жиберген Мага ишенбей жатасыңар.

39Силер Ыйык Жазууну изилдеп жатасыңар, анткени ал аркылуу түбөлүк өмүргө ээ болобуз деп ойлойсуңар. Ыйык Жазуу болсо Мен жөнүндө күбөлөндүрөт.

40Бирок силер өмүргө ээ болуу үчүн, Мага келүүнү каалабайсыңар.

41Адамдардан даңк кабыл албайм.

42Бирок Мен силерди билем: жүрөгүңөрдө Кудайга болгон сүйүү жок.

43Мен Атамдын атынан келдим, бирок Мени кабыл албай жатасыңар. Эгерде башка бирөө өз атынан келсе, аны кабыл аласыңар.

44Жалгыз Кудайдын даңктоосун күтпөстөн, бири-бириңерден даңктоо кабыл алып жатсаңар, кантип ишене аласыңар?

45Мени Атасынын алдында айыптайт деп ойлобогула. Айыптоочуңар бар: ал – өзүңөр үмүттөнүп жүргөн Муса.

46Эгерде Мусага ишенсеңер, Мага да ишенмексиңер, анткени ал Мен жөнүндө жазып кеткен.

47Эгерде анын жазгандарына ишенбей жатсаңар, Менин сөздөрүмө кантип ишенесиңер?»

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
iv>