Жакан 6:1-71 KYB2004 - Bible AI

1Андан кийин Ыйса Галилея көлүнүн наркы өйүзүнө кетти.

2Аны көп эл ээрчип алды, анткени алар Анын оорулууларды айыктырганын көрүшкөн эле.

3Ыйса шакирттери менен тоого чыгып отурду.

4Жүйүттөрдүн Пасах майрамы жакындап калган эле.

5Ыйса Өзүн көздөй келе жаткан көп элди көрүп, Филипке: «Элди тойгузуу үчүн, нанды кайдан сатып алабыз?» – деди.

6Ал бул сөздү аны сыноо үчүн айтты. Өзү болсо эмне кылуу керектигин билген.

7Филип Ага: «Ар бирине бир аздан бергенде да, аларга эки жүз динарийге келе турган нан жетпейт», – деп жооп берди.

8Ошондо шакирттеринин бири Шымон Петирдин иниси Андрей Ыйсага мындай деди:

9«Ушул жердеги бир балада беш арпа нан жана эки кичинекей балык бар. Бирок ал ушунча көп кишиге эмне болмок эле?»

10Ыйса аларга: «Элди жерге отургузгула», – деди. Ошол жер шиберлүү эле. Аялдар менен балдарды эсептебегенде, ал жерге беш миңге жакын киши отурду.

11Ыйса нандарды алып, Кудайга ыраазычылык билдирди да, шакирттерине берди. Алар отургандарга таратышты. Балыктан да алардын каалашынча беришти.

12Эл тойгондон кийин, Ал шакирттерине: «Ысырап болбошу үчүн, арткан нанды жыйнап алгыла», – деди.

13Алар эл жеген беш арпа нандын артканын жыйнашканда, он эки себет толду.

14Ошондо Ыйса жасаган кереметти көргөн адамдар: «Дүйнөгө келе турган Пайгамбар ушул», – дешти.

15Алар Ыйсаны кармап алып, падыша шайламакчы болуп жатышты. Ыйса алардын бул оюн билип, кайрадан Өзү жалгыз тоого кетип калды.

16Кеч киргенде, Анын шакирттери көлгө барып,

17бир кайыкка түшүштү да, көлдүн наркы өйүзүнө, Капернаумга бет алышты. Караңгы кирип калган эле, Ыйса болсо аларга келе элек болчу.

18Катуу шамал болуп, көл толкуй баштады.

19Алар жыйырма беш-отуз стадий сүзүшкөндөн кийин, көлдүн үстүндө кайыкты көздөй басып келе жаткан Ыйсаны көрүп коркуп кетишти.

20Ыйса аларга: «Коркпогула, бул Менмин!» – деди.

21Алар Ыйсаны кайыкка түшүрүп алмакчы болушту. Бирок кайык ошол замат алар бет алган жээкке жетип калды.

22Көлдүн наркы өйүзүндө калган эл кийинки күнү жээкте шакирттер түшкөн кайыктан башка кайык болбогонун, Ыйсанын алардын кайыгына түшпөгөнүн, шакирттер өздөрү гана сүзүп кетишкенин эстешти.

23Ошол арада эл нан жеген жерден алыс эмес жерге Тибериядан башка кайыктар келип жатты. Теңир нан үчүн ыраазычылык билдиргенден кийин, ошол жерде эл нан жеген эле.

24Ал жерде Ыйса да, шакирттери да жок экенин көргөн эл кайыктарга түшүп, Ыйсаны издеп Капернаумга келди.

25Алар Ыйсаны көлдүн берки өйүзүнөн табышты да: «Устат, бул жерге качан келдиң?» – деп сурашты.

26Ыйса аларга мындай деп жооп берди: «Чындыкты, силерге чындыкты айтып коёюн, керемет көргөнүңөр үчүн эмес, нан жеп тойгонуңар үчүн, Мени издеп жүрөсүңөр.

27Күнүмдүк тамак үчүн эмес, түбөлүктүү тамак үчүн аракеттенгиле. Аны силерге Адам Уулу берет. Анткени Кудай Ата Ага Өз мөөрүн баскан».

28Ошондо алар Ыйсадан: «Кудайдын иштерин аткарыш үчүн, эмне кылышыбыз керек?» – деп сурашты.

29Ыйса аларга: «Ал Кимди жиберсе, Ошого ишенгиле. Кудайдын иши – мына ушул», – деп жооп берди.

30Ошондо алар Ыйсага мындай дешти: «Кандай керемет көрсөтөсүң? Биз көрүп, Сага ишенип калалы. Кана, эмне кыласың?

31Ыйык Жазууда: “Кудай аларга асман нанын берди”, – деп жазылгандай, ата-бабаларыбыз чөлдө манна жешкен».

32Ыйса болсо аларга мындай деди: «Чындыкты, силерге чындыкты айтып коёюн, нанды силерге Муса берген эмес, Атам силерге асман нанын, чыныгы нанды берет.

33Анткени Кудайдын наны асмандан түшүп, адамзатка өмүр берет».

34Ошондо алар Ага: «Мырза, бизге дайыма ошондой нан берип турчу!» – дешти.

35Ыйса аларга мындай деди: «Мен өмүр берүүчү нанмын. Мага келген адам ачка болбойт, Мага ишенген адам эч качан суусабайт.

36Бирок Мен силерге айтканымдай эле, Мени көрсөңөр да, ишенбей жатасыңар.

37Атам бергендердин баары Мага келет. Мага келген адамды Мен кубалабайм.

38Анткени Мен Өз каалоомду эмес, Мени жиберген Атамдын каалоосун аткарыш үчүн, асмандан түштүм.

39Мени жиберген Атамдын каалоосу мындай: Ал бергендердин эч кимисин жоготпой, баарын тең акыркы күнү тирилтүүм керек.

40Атамдын каалоосу – Уулун көргөн, Уулуна ишенген ар бир адамдын түбөлүк өмүргө ээ болуусу. Мен аны акыркы күнү тирилтем».

41Ыйсанын: «Асмандан түшкөн нан Менмин», – дегенине жүйүттөр мындай деп күңкүлдөй башташты:

42«Мына бул Жусуптун уулу Ыйса эмеспи? Биз Мунун ата-энесин билебиз да! Анан Бул кандайча: “Асмандан түштүм”, – деп жатат?»

43Ыйса аларга мындай деди: «Күңкүлдөбөгүлө.

44Мени жиберген Атам чакырбаса, Мага эч ким келе албайт. Мен аны акыркы күнү тирилтем.

45“Пайгамбарлар” китебинде: “Алардын бардыгын Кудай үйрөтөт”, – деп жазылган. Атадан угуп үйрөнгөн ар бир адам Мага келет.

46Бул кимдир бирөө Атаны көргөн дегенди билдирбейт. Атаны Кудайдан келген Бирөө гана көргөн.

47Чындыкты, силерге чындыкты айтып коёюн, ким Мага ишенсе, ал түбөлүк өмүргө ээ.

48Мен өмүр берүүчү нанмын.

49Ата-бабаларыңар чөлдө манна жешти, өлүштү.

50Ал эми асмандан түшкөн нанды жеген адам өлбөйт.

51Мен асмандан түшкөн тирүү нанмын. Бул нанды жеген адам түбөлүк жашайт. Мен бере турган нан – бул Менин Денем. Мен аны адамзаттын өмүрү үчүн берем».

52Ошондо жүйүттөр: «Кантип Ал бизге Өз Денесин жегенге бермек эле?» – деп, өз ара талаша башташты.

53Ыйса болсо аларга мындай деди: «Чындыкты, силерге чындыкты айтып коёюн, Адам Уулунун Денесин жеп, Канын ичпесеңер, өмүргө ээ болбойсуңар.

54Ким Менин Денемди жеп, Канымды ичсе, ал түбөлүк өмүргө ээ, Мен аны акыркы күнү тирилтем.

55Анткени Менин Денем – чыныгы азык, Каным – чыныгы суусундук.

56Денемди жеп, Канымды ичкен адам Менин ичимде болот, Мен анын ичинде болом.

57Тирүү Атам Мени жиберип, Мен Ал аркылуу жашап жаткандай эле, Менин Денемди жеген адам Мен аркылуу жашайт.

58Асмандан түшкөн бул нан ата-бабаларыңар жеген маннадай эмес, манна жеген алар өлүштү. Ал эми бул нанды жеген адам түбөлүк жашайт».

59Ыйса бул сөздөрдү Капернаумдагы синагогада элди окутуп жатканда айтты.

60Шакирттеринин бир тобу муну укканда: «Катуу айтылган сөздөр экен, муну ким угуп тура алат? » – дешти.

61Шакирттеринин ушул тууралуу нааразылык билдиргенин билген Ыйса аларга мындай деди: «Ушул сөз силердин кыжырыңарды келтирип жатабы?

62Адам Уулунун мурун болгон жерине көтөрүлүп бара жатканын көргөндө кантесиңер?

63Рух өмүр берет, дене эч кандай пайда келтирбейт. Менин силерге айтып жаткан сөздөрүм – рух жана өмүр.

64Бирок араңарда ишенбегендер да бар». Кимдер ишенбей коёрун, кимдин чыккынчылык кыларын Ыйса алдын ала эле билген.

65Анан Ал дагы мындай деди: «“Атам чакырбаса, Мага эч ким келе албайт”, – деп, Мен ошон үчүн айткам».

66Ушул сөздөрдөн кийин шакирттеринин көбү Ыйсадан четтеп, Аны ээрчибей калышты.

67Ошондо Ыйса он эки шакиртинен: «Силердин да кеткиңер келген жокпу?» – деп сурады.

68Шымон Петир мындай деп жооп берди: «Теңир, биз кимге бармак элек? Түбөлүк өмүр берүүчү сөздөр Сенде.

69Биз Сенин Кудайдын Ыйыгы – Машайак экениңди билип, Сага ишенип калдык».

70Ыйса аларга: «Ушул он экиңди Мен тандап алган эмес белем? Бирок араңардагы бирөө – шайтан», – деди.

71Ал Шымондун уулу Жүйүт Искариот жөнүндө айткан эле. Ал «он экинин» бири болгону менен, кийин Ыйсаны сатып кеткен.

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
iv>