1Андан кийин Ыйса Галилея аймагын аралап жүрдү. Ал Жүйүт аймагында жүргүсү келген жок, анткени жүйүттөр Аны өлтүрмөкчү болуп жатышкан эле.
2Жүйүттөрдүн «Алачык майрамы» жакындап калган.
3Ошондо бир туугандары Ыйсага: «Бул жерден чыгып, Жүйүт аймагына бар, кылып жаткан иштериңди шакирттериң да көрүшсүн.
4Анткени белгилүү болгусу келген адам иштерин жашырбайт. Ушундай иштерди кылып жаткандан кийин, Өзүңдү дүйнөгө көрсөт», – дешти.
5Анткени бир туугандары да Ага ишенишчү эмес.
6Ыйса аларга мындай деди:
7
8
9Ал ушуну айтып, Галилеяда калып калды.
10Бир туугандары кеткенден кийин, Ыйса да майрамга жашыруун жөнөдү.
11Жүйүттөр болсо: «Ал кайда?» – деп, майрам убагында Ыйсаны издей башташты.
12Элдин арасында Ал жөнүндө ар кандай сөз жүрүп жатты. Бирөөлөр Аны: «Жакшы», – десе, бирөөлөр: «Жок, Ал элди адаштырып жатат», – деп жатышты.
13Бирок жүйүттөрдөн коркушкандыктан, Ал тууралуу ачык айта алышкан жок.
14Майрамдын ортосунда Ыйса ийбадатканага келип, элди окута баштады.
15«Бул окубаса деле Ыйык Жазууну кайдан билет?» – деп, жүйүттөр таң калышты.
16Ыйса аларга мындай деп жооп берди:
17
18
19
20Ошондо эл Ага: «Сенин ичиңде жин бар. Ким Сени өлтүрөм деп жатат?» – деди.
21Ыйса мындай деп сөзүн улантты:
22
23
24
25Ошондо иерусалимдиктердин кээ бирөөлөрү мындай дешти: «Өлтүрөбүз деп издеп жатышканы Ушул эмеспи?
26Карасаңар, Ал ачык эле айтып жатат, бирок Ага эч ким эч нерсе деген жок! Же башчылар да Аны Машайак деп, ынанып калышканбы?
27Бирок биз Анын кайсы жерден экенин билебиз. Ал эми Машайак келгенде, Анын кайсы жерден экенин эч ким билбейт».
28Ошондо ийбадатканада элди окутуп жаткан Ыйса үнүн катуу чыгарып, мындай деди:
29
30Ошондо Ыйсаны кармоого аракеттеништи. Бирок Ага эч кимиси кол көтөргөн жок, анткени Анын убагы келе элек болчу.
31Бирок элдин көбү: «Машайак келгенде, эмне, Бул көрсөткөн кереметтерден да көп керемет көрсөтөбү?» – деп, Ыйсага ишенип калышты.
32Эл арасында Ал жөнүндө айтылып жаткан ушундай сөздөр фарисейлерге жетти. Ошондо ыйык кызмат кылуучулар менен фарисейлер Ыйсаны кармап келүүгө кызматчыларын жиберишти.
33Ыйса болсо аларга мындай деди:
34
35Ошондо жүйүттөр өз ара мындай деп сүйлөшө башташты: «Биз таба албагыдай, Ал кайда барат? Эллиндердин өлкөсүнө чачырап кеткен жүйүттөргө барып, эллиндерди окутабы?
36“Мени издейсиңер, бирок таппайсыңар”,
37Майрамдын акыркы – эң улуу күнү Ыйса эл алдында туруп, бийик үн менен мындай деди:
38
39Ыйса бул сөз аркылуу Өзүнө ишенгендер ала турган Ыйык Рух жөнүндө айтты. Ыйса даңктала элек болгондуктан, Рух бериле элек болчу.
40Бул сөздөрдү уккан кээ бирөөлөр: «Чын эле, бул – Пайгамбар», – дешсе,
41кээ бирөөлөр: «Бул – Машайак», – дешти. Дагы бирөөлөр: «Жок! Машайак Галилеядан келмек беле?
42Ыйык Жазууда: “Машайак Дөөттүн тукумунан, Дөөттүн шаарчасы Бейт-Лехемден келет”, – деп айтылган жок беле?» – дешти.
43Ошондо эл арасында Ыйса тууралуу талаш-тартыш чыкты.
44Кээ бирөөлөр Аны кармоого аракеттеништи, бирок Ага эч кимиси кол көтөргөн жок.
45Кайтып келишкен кызматчылардан башкы ыйык кызмат кылуучулар менен фарисейлер: «Эмне үчүн Аны алып келген жоксуңар?» – деп сурашты.
46Кызматчылар болсо: «Эч ким эч качан бул Адамдай сүйлөгөн эмес», – деп жооп беришти.
47Ошондо фарисейлер аларга мындай дешти: «Эмне, силер да алданып калдыңарбы?
48Башкаруучулардан же фарисейлерден Ага ким ишенди?!
49Мыйзамды билбеген бул караңгы эл каргышка калсын!»
50Алардын бири, мурун Ыйсага түн жамынып келип кеткен Никедим, аларга мындай деди:
51«Эмне кылганын адамдын өз оозунан угуп териштирбей туруп, биздин мыйзам боюнча өкүм чыгарууга болобу?»
52Ошондо ага: «Эмне, сен да Галилеядансыңбы? Изилдеп көр, Галилеядан пайгамбар чыкпай тургандыгын ошондо билесиң», – деп жооп беришти.
53Андан кийин баары тең үйлөрүнө тарап кетишти.