Жакан 8:1-59 KYB2004 - Bible AI

1Ыйса болсо Зайтун тоосуна кетти.

2Эртең менен кайра ийбадатканага келди. Бүт эл Анын жанына чогулду. Ыйса отуруп алып, аларды окутту.

3Ошол учурда мыйзам окутуучулар менен фарисейлер ойноштук кылып кармалган бир аялды Ыйсага алып келип, ортого тургузушту да, мындай дешти:

4«Устат, бул аял ойноштук кылып жаткан жеринен кармалды!

5Тооратта Муса бизге мындайларды таш бараңга алууну осуят кылган. Ал эми Сен эмне дейсиң?»

6Ыйсаны айыптоого шылтоо табыш үчүн, муну алар сынап сурашты. Бирок Ыйса аларга көңүл бөлбөстөн, эңкейип, жерге сөөмөйү менен бир нерсени жаза баштады.

7Алар кайра-кайра сурай беришкендиктен, башын көтөрүп: «Араңарда ким күнөөсүз болсо, ошол адам аялга биринчи болуп таш ыргытсын», – деди да,

8кайра эңкейип, жазганын улантты.

9Муну укканда, аларды абийири ашкерелеп, адегенде башчылары, андан кийин калгандары, биринин артынан бири кете башташты. Ыйсанын жанында ортодо турган аял гана калды.

10Ошондо Ыйса башын көтөрүп, аялдан башка эч ким жок экенин көрдү да: «Аял, сени айыптагандар кайда? Эч ким сени айыптаган жокпу?» – деди.

11Аял Ага: «Эч ким, Теңир», – деп жооп берди. «Мен да сени айыптабайм. Бара бер, мындан ары күнөө кылба», – деди Ыйса.

12Ыйса аларга дагы мындай деп сүйлөдү: «Мен дүйнөнүн жарыгымын. Мени ээрчиген адам караңгыда жүрбөй, өмүр жарыгына ээ болот».

13Ошондо фарисейлер Ага: «Сен Өзүң жөнүндө Өзүң күбөлөндүрүп жатасың. Сенин күбөлөндүрүүң чындык эмес», – дешти.

14Ыйса аларга мындай деп жооп берди: «Өзүм жөнүндө Өзүм күбөлөндүрүп жатсам да, Менин күбөлөндүрүүм чындык. Анткени Мен Өзүмдүн кайдан келгенимди жана кайда барарымды билем. Силер болсо Менин кайдан келгенимди, кайда барарымды билбейсиңер.

15Силер сырткы көрүнүшү боюнча соттойсуңар. Мен болсо эч кимди соттобойм.

16Мен соттосом да, Менин сотум туура. Анткени Мен жалгыз эмесмин, Мени жиберген Атам менен биргемин.

17Силердин мыйзамыңарда да: “Эки адамдын күбөлөндүрүүсү чындык”, – деп жазылып турат.

18Өзүм жөнүндө Өзүм күбөлөндүрөм, Мен жөнүндө Мени жиберген Атам да күбөлөндүрөт».

19Ошондо алар Андан: «Сенин Атаң кайда?» – деп сурашты. Ыйса: «Силер Мени да, Атамды да билбейсиңер. Эгерде Мени билсеңер, анда Менин Атамды да билмексиңер», – деп жооп берди.

20Ыйса бул сөздөрдү ийбадатканада окутуп жатканда, курмандыктар салына турган кутунун жанында туруп сүйлөдү. Бирок Аны эч ким кармап кеткен жок, анткени Анын убагы келе элек болчу.

21Ыйса аларга дагы: «Мен кетем, Мени издейсиңер, күнөөкөр бойдон өлөсүңөр. Мен барган жерге силер бара албайсыңар», – деди.

22Ошондо жүйүттөр: «“Мен барган жерге силер бара албайсыңар”, – дейт, эмне, Ал Өзүн Өзү өлтүрөбү?» – дешти.

23Ыйса аларга: «Силер төмөн жактансыңар, Мен жогору жактанмын. Силер бул дүйнөдөнсүңөр, Мен бул дүйнөдөн эмесмин.

24Ошондуктан Мен силерге күнөөкөр бойдон өлөсүңөр дедим. Бул Мен экениме ишенбесеңер, күнөөкөр бойдон өлөсүңөр», – деди.

25Ошондо алар Андан: «Сен кимсиң?» – деп сурашты. Ыйса аларга: «Силерге башынан бери эле айтып келе жатканымдай, Мен Ошолмун.

26Силер жөнүндө айтып, айыптай турган себептерим көп. Бирок Мени Жиберген – чындык. Мен дүйнөгө Андан укканымды айтып жатам», – деп жооп берди.

27Алар Ыйсанын Атасы жөнүндө айтып жатканын түшүнүшкөн жок.

28Ошондуктан Ыйса мындай деди: «Адам Уулун жогору көтөргөнүңөрдө, Менин ким экендигимди, Өз атымдан эч нерсе кылбастыгымды, Атам кандай үйрөтсө, ошондой сүйлөй тургандыгымды билесиңер.

29Мени Жиберген Мени менен бирге, Атам Мени жалгыз калтырган жок. Анткени Мен ар дайым Ага жакканды кылам».

30Ушул сөздөрдү айтканда, Ага көптөр ишенип калышты.

31Ыйса Өзүнө ишенип калган жүйүттөргө мындай деди: «Эгерде Менин сөзүм боюнча жашасаңар, анда Менин чыныгы шакирттеримсиңер.

32Ошондо чындыкты билип каласыңар жана чындык силерди эркин кылат».

33Алар Ага: «Биз Ыбрайымдын урпактарыбыз, эч качан бирөөгө кул болгон эмеспиз, “эркин болосуңар” дегениң кандай?» – дешти.

34Ыйса аларга мындай деп жооп берди: «Чындыкты, силерге чындыкты айтып коёюн, күнөө кылган адам – күнөөнүн кулу.

35Бирок кул үйдө түбөлүккө калбайт, уул калат.

36Эгерде силерди Уул эркин кылса, анда чындап эркин болосуңар.

37Ыбрайымдын урпактары экениңерди билем. Ошондой болсо да Мени өлтүргүңөр келет, анткени Менин сөзүмө жүрөгүңөрдө орун жок.

38Атамдан эмнени көрсөм, Мен ошону айтып жатам. Силер болсо атаңардан эмнени көрсөңөр, ошону кылып жатасыңар».

39Ошондо алар ага: «Биздин атабыз – Ыбрайым», – деп жооп беришти. Ыйса аларга: «Эгерде силер Ыбрайымдын уулдары болсоңор, анда Ыбрайым кылгандай иштерди кылат элеңер.

40Бирок азыр Мени – Кудайдан уккан чындыкты силерге айткан Адамды өлтүргүңөр келет. Ыбрайым болсо мындай кылган эмес.

41Силер өз атаңардын кылганын кылып жатасыңар», – деди. Ошондо алар Ага: «Биз ойноштон туулган эмеспиз. Биздин бир эле Атабыз бар, Ал – Кудай», – дешти.

42Ыйса аларга мындай деди: «Эгерде Атаңар Кудай болсо, анда Мени жакшы көрмөксүңөр. Анткени Мен Кудайдан келдим. Өз атымдан келген жокмун, Мени Ал жиберди.

43Менин сөздөрүмдү эмнеге түшүнбөйсүңөр? Анткени Менин сөздөрүмдү уга албайсыңар.

44Силердин атаңар – шайтан, силер ошонун кумарлуу иштерин аткаргыңар келет. Ал башынан эле киши өлтүргүч болчу, чындык боюнча жашаган жок, анткени анда чындык жок. Жалган айтуу – анын табияты. Анткени ал – жалганчы жана жалгандын атасы.

45Бирок Мен чындыкты айткандыктан, силер Мага ишенбей жатасыңар.

46“Күнөөң бар”, – деп, Мени кимиңер айыптай аласыңар? Эгерде Мен чындыкты айтып жатсам, анда эмне үчүн Мага ишенбейсиңер?

47Ким Кудайдан болсо, ал Кудайдын сөздөрүн угат. Силер Кудайдан эмессиңер, ошондуктан укпайсыңар».

48Буга жүйүттөр: «“Самариялыксың, Сенин ичиңде жин бар”, – деп, туура айткан экенбиз!» – деп жооп беришти.

49Ыйса аларга: «Менин ичимде жин жок. Мен Атамды урматтайм, силер болсо Мени кордоп жатасыңар.

50Дегинкиси, Мен Өзүмө даңк издебейм, бирок издей турган жана соттой турган Бирөө бар.

51Чындыкты, силерге чындыкты айтып коёюн, Менин сөзүмдү аткарган адам эч качан өлбөйт», – деди.

52Ошондо жүйүттөр Ага мындай дешти: «Ичиңде жин бар экенине чындап көзүбүз жетти. Ыбрайым өлгөн, пайгамбарлар да өлүшкөн. Сен болсо: “Менин сөзүмдү аткарган адам эч качан өлбөйт”, – дейсиң!

53Сен, эмне, атабыз Ыбрайымдан да чоңсуңбу? Ал өлгөн, пайгамбарлар да өлүшкөн. Сен Өзүңдү ким деп эсептеп жатасың?»

54Ыйса мындай деп жооп берди: «Эгерде Мен Өзүмдү Өзүм даңктап жатсам, анда Менин даңкым эч нерсеге турбайт. Мени Атам даңктайт, силер Аны “биздин Кудайыбыз” дейсиңер.

55Силер Аны билбейсиңер, Мен болсо билем. Эгерде билбейм десем, анда силер сыяктуу жалганчы болмокмун. Бирок Мен Аны билем жана Анын сөздөрүн сактайм.

56Атаңар Ыбрайым Менин күнүмдү көрөм деп кубанган жана көрүп кубанды».

57Ошондо жүйүттөр Ага: «Өзүң элүү жашка чыга элексиң, анан Ыбрайымды көрдүңбү?» – дешти.

58Ыйса аларга: «Чындыкты, силерге чындыкты айтып коёюн, Мен Ыбрайымдан мурун эле бар болчумун», – деди.

59Ошондо алар Ыйсаны уруш үчүн, жерден таш алышты. Бирок Ал жашырынып, ийбадатканадан чыгып кетти. Аларды аралап өтүп, кетип калды.

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
iv>