Жакан 9:1-41 KYB2004 - Bible AI

1Ыйса кетип бара жатып, тубаса сокур адамды көрдү.

2Шакирттери Андан: «Устат, бул кишинин сокур болуп төрөлүшүнө кимдин күнөөсү себеп болду: өзүнүкүбү же ата-энесиникиби?» – деп сурашты.

3Ыйса мындай деп жооп берди: «Өзүнүкү да, ата-энесиники да себеп болгон жок. Анын жашоосунда Кудайдын кудурети көрсөтүлүшү үчүн ушундай болду.

4Күндүз Мени Жибергендин иштерин кылышым керек. Түн келет, ошондо эч ким эч нерсе кыла албай калат.

5Мен бул дүйнөдө болуп турганда, дүйнөнүн жарыгымын».

6Ушул сөздү айткандан кийин, Ал жерге түкүрүп, топурактан ылай жасады да, аны сокур адамдын көзүнө сүйкөп, мындай деди:

7«Силоом (бул сөз “Жиберилген” деп которулат) көлмөсүнө барып жуун!» Ал барып жуунганда, көзү ачылды. Ал кайтып келгенде,

8коңшулары жана анын мурун сокур экенин көргөндөр: «Бул киши ушу жерде кайыр сурап отурган киши эмеспи?» – деп жатышты.

9Бирөөлөрү: «Ошол» дешсе, бирөөлөрү: «Жок, бул ошого окшош экен», – дешти. Өзү болсо: «Ошол менмин», – деди.

10Ошондо алар андан: «Көздөрүң кантип ачылды?» – деп сурашты.

11Ал мындай деп жооп берди: «Ыйса деген Киши ылай жасап, көзүмө сүйкөп: “Силоом көлмөсүнө барып жуун!” – деди. Мен барып жуундум, ошондо көздөрүм ачылды».

12Алар андан: «Ал кайда?» – деп сурашты. «Билбейм», – деп жооп берди ал.

13Ошондо алар мурун сокур болгон бул кишини фарисейлердин алдына алып барышты.

14Ыйса ылай жасап, анын көзүн ачкан күн ишемби күн болчу.

15Фарисейлер да ал кишиден көзүнүн кантип көрүп калганын сурашты. «Ал көзүмө ылай сүйкөдү, анан мен жуундум, азыр көзүм көрүп жатат», – деп жооп берди ал.

16Ошондо фарисейлердин кээ бирөөлөрү: «Ал Адам Кудайдан эмес. Анткени ишемби күнүн сактабайт экен», – дешсе, кээ бирөөлөрү: «Күнөөкөр адам ушундай кереметтерди жасай алмак беле?» – дешти. Ошентип, алардын арасында талаш чыгып кетти.

17Анан алар сокур адамдан: «Ал сенин көзүңдү ачпадыбы, Ал тууралуу сен эмне дейсиң?» – деп, дагы сурашты. Ошондо ал: «Ал – пайгамбар», – деп жооп берди.

18Бирок жүйүттөр көзү ачылган кишинин мурда сокур экенине, азыр көрүп калгандыгына ата-энесин чакыртып келмейинче ишенишкен жок.

19Алардан: «Сокур болуп төрөлгөн балаңар ушулбу? Азыр ал кандайча көрүп калды?» – деп сурашты.

20Ата-энеси аларга: «Бул биздин балабыз, анын сокур болуп төрөлгөнү чын.

21Бирок азыр анын көзү кандайча көрүп калгандыгын билбейбиз, көзүн ким ачканын да билбейбиз. Бала эмес го, өзүнөн сурагыла, өзү айтып берсин», – деп жооп берди.

22Ата-энеси жүйүттөрдөн корккондуктан, ушинтип жооп берди. Анткени жүйүттөр «Ким Аны Машайак деп кабыл ала турган болсо, ал синагогадан чыгарылсын» деген чечим чыгарып коюшкан эле.

23Ошондуктан ата-энеси: «Бала эмес го, өзүнөн сурагыла», – деген эле.

24Ошондо фарисейлер мурун сокур болгон кишини экинчи ирет чакырышты да: «Кудай алдында чыныңды айт, биз ал Адамдын күнөөкөр экендигин билебиз», – дешти.

25Ал мындай деп жооп берди: «Анын күнөөкөр же күнөөкөр эмес экенин билбейм. Бир гана нерсени билем: мен сокур болчумун, азыр көзүм көрүп калды».

26«Ал сага эмне кылды? Көзүңдү кантип ачты?» – деп, алар дагы сурашты.

27«Айтып эле жатпаймынбы, өзүңөр укпай жатасыңар го. Дагы эмнени уккуңар келет? Же силер да Анын шакирти болгуңар келип жатабы?» – деп жооп берди ал.

28«Анын шакирти сенсиң, биз болсо Мусанын шакирттерибиз», – деп, фарисейлер аны жекиришти да:

29«Кудайдын Мусага сүйлөгөнүн билебиз, ал эми Жанагынын кайдан келгенин билбейбиз», – дешти.

30Ошондо көзү көрүп калган адам аларга мындай деп жооп берди: «Анын кайдан келгенин билбегениңер кызык экен. Ал менин көзүмдү ачпадыбы.

31Кудайдын күнөөкөрлөрдү укпай тургандыгын билебиз. Бирок ким Кудайдан коркуп, Анын эркин аткарса, Кудай аны угат.

32Бирөө тубаса сокурдун көзүн ачты дегенди эч ким эч качан уккан эмес.

33Эгерде Ал Адам Кудайдан болбосо, мындай ишти кыла алмак эмес».

34Ошондо алар: «Күнөөкөр болуп төрөлгөн сен бизди окуткуң барбы?» – деп, аны ийбадатканадан кууп чыгышты.

35Аны ийбадатканадан кууп чыгышканын Ыйса укканда, аны таап: «Сен Кудайдын Уулуна ишенесиңби?» – деп сурады.

36Ал Ага: «Мырза, Ал Ким? Мен Ага ишенейин», – деди.

37Ыйса ага: «Сен Аны көрдүң. Ал азыр сени менен сүйлөшүп жатат», – деди.

38Ошондо ал: «Ишенем, Теңир!» – деп, Ага таазим кылды.

39Анан Ыйса: «Мен бул дүйнөгө көзү көрбөгөндөр көрсүн, көргөндөр сокур болсун деп өкүм чыгаруу үчүн келгем», – деди.

40Анын жанында турган кээ бир фарисейлер муну укканда: «Эмне, биз да сокурбузбу?» – дешти.

41Ыйса аларга мындай деди: «Эгерде сокур болсоңор, анда мойнуңарда күнөө жок болмок. Бирок көзүбүз көрөт деп жатканыңар үчүн, күнөөңөр мойнуңарда калат.

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
iv>