Жакып 1:1-27 KYB2004 - Bible AI

1Кудайдын жана Теңир Ыйса Машайактын кулу Жакыптан Ысрайыл элинин тарап кеткен он эки уруусуна салам!

2Бир туугандарым, башыңарга келген ар кандай сыноолорду зор кубаныч менен кабыл алгыла.

3Анткени сыналган ишенимиңер чыдамкайлыкты жаратарын билесиңер.

4Бардык жагынан жеткилең, эч кемчиликсиз болушуңар үчүн, чыдамкайлык жеткилең аракетке ээ болушу керек.

5Кимиңерге акылмандык жетишпей жатса, баарына берешендик менен, жемелебестен берген Кудайдан сурасын, ага берилет.

6Бирок эч шектенбестен, ишеним менен сурасын. Анткени шектенген адам шамал айдаган деңиз толкунуна окшош.

7Мындай адам Теңирден бир нерсе алам деп ойлобой эле койсун.

8Эки ойлуу адам өзүнүн бардык жолдорунда туруксуз.

9Басынтылган бир тууган өзүнүн бийиктиги менен сыймыктансын.

10Ал эми бай бир тууган өзүнүн басынтылгандыгы менен сыймыктансын, анткени ал чөптүн гүлүнө окшоп тез эле соолуп калат.

11Күн чыгып, аптап болуп турганда, чөп куурап, гүлү күбүлүп түшүп, кооздугу кетет. Ошол сыяктуу эле бай адам да өзүнүн жолдорунда куурайт.

12Сыноолорду башынан өткөрүп жаткан адам бактылуу. Анткени сыноодон өткөндөн кийин, ал адам Теңир Өзүн сүйгөндөргө убада кылган өмүр таажысын алат.

13Азгырылып жатканда, эч ким: «Кудай мени азгырып жатат», – деп айтпасын. Анткени Кудай жамандыкка азгырылбайт жана эч кимди азгырбайт.

14Тескерисинче, ар ким өзүнүн кумарына берилип, алданып азгырылат.

15Кумар түйүлүп, күнөө туулат. Ал эми кылынган күнөө өлүмгө дуушар кылат.

16Сүйүктүү бир туугандарым, алданбагыла!

17Ар кандай жакшы нерсе, ар кандай жеткилең белек жогорудан, жарыктын Атасынан келет. Анда эч кандай өзгөрүлүү жок, өзгөрүлүүнүн көлөкөсү да жок.

18Жараткандарынын ичинен биринчилери болуубуз үчүн, Ал бизди Өз каалоосу боюнча чындык сөзү аркылуу жаратты.

19Сүйүктүү бир туугандарым, ар бир адам укканга даяр болсун, ойлонуп сүйлөсүн, ачууга алдырбасын.

20Анткени ачууланган адам Кудайга жаккан ишти жасабайт.

21Ошондуктан ар кандай ыпыластыкты жана калган жаман адаттарыңарды таштап, жүрөгүңөргө себилип жаткан, жаныңарды куткара ала турган сөздү момундук менен кабыл алгыла.

22Сөздү угуучулар гана болуп, өзүңөрдү алдабастан, сөздү аткаруучулар болгула.

23Сөздү угуп, бирок аткарбаган адамды күзгүгө каранып, ары басары менен өзүнүн кандай экенин унутуп койгон адамга окшоштурса болот.

25Жеткилең мыйзамга, эркиндиктин мыйзамына, дитин коюп, ошол мыйзам боюнча жашаган адам унутчаак угуучу эмес, аткаруучу болуп, өз иш-аракетинен бакыт табат.

26Ким өзүн такыбаа эсептесе, бирок тилин тартпаса, анда ал өзүн өзү алдап жатат, анын такыбаалыгы – курулай такыбаалык.

27Кудай Атанын алдындагы таза жана кемчиликсиз такыбаалык – бул жетим-жесирлерге кам көрүү жана өзүн бул дүйнөдө таза сактоо.

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
iv>