Жакып 2:1-26 KYB2004 - Bible AI

1Бир туугандарым, даңктуу Теңирибиз Ыйса Машайакка ишенгендер катары бет карамалык кылуудан сак болгула.

2Чогулушуңарга алтын шакек тагынган, кымбат баалуу кийим кийген адам жана жупуну кийинген жарды адам келсе,

3силер кымбат баалуу кийим кийген адамды карап: «Сен бул жерге отурсаң болот», – деп, ал эми жарды адамга: «Сен тигил жерге тур же менин ылдый жагыма отур», – десеңер,

4анда адамдарды алакчылаган адилетсиз сот болуп жаткан жоксуңарбы?

5Кулак салгылачы, сүйүктүү бир туугандарым! Ишенимге бай болушсун, Өзүн сүйгөндөргө убада кылган Падышачылыктын мурасчылары болушсун деп, Кудай бул дүйнөнүн жардыларын тандап алган жок беле?

6Силер болсо жардыны кемсинтип жатасыңар. Силерди кысымга алып, сотторго сүйрөп барып жаткандар байлар эмеспи?!

7Силер алып жүргөн жакшы атты жаманатты кылып жаткандар ошолор эмеспи?!

8Эгерде силер Падышанын Ыйык Жазуудагы «Өзүңдү кандай сүйсөң, жакыныңды да ошондой сүй» деген мыйзамын аткарып жатсаңар, анда жакшы кылып жатасыңар.

9Эгерде бет карамалык кылып жатсаңар, анда күнөө кылып жатасыңар жана мыйзам алдында кылмышкерсиңер.

10Ким мыйзамдын баарын аткарып жүрүп, алардын бирин эле бузса, бүт мыйзамды бузган болот.

11Анткени «Ойноштук кылба» деген Кудай «Киши өлтүрбө» деп да айткан. Эгерде сен ойноштук кылбасаң, бирок киши өлтүрсөң, баары бир мыйзамды бузуучу болосуң.

12Силер эркиндик мыйзамы боюнча соттолуучуларсыңар, ошондуктан сүйлөгөн сөзүңөр менен кылган ишиңер ошого ылайык болсун.

13Анткени ырайым кылбаган адам ырайымсыздык менен соттолот. Ырайым соттон жогору.

14Бир туугандарым, ким ишенем десе, бирок ишенимине ылайык иштерди кылбаса, андан эмне пайда? Ошондой ишеним аны куткара алабы?

15Эгерде бир туугандарыңардын киер кийими, ичер тамагы жок болсо,

16араңардан бирөө аларга: «Тынчтык менен баргыла. Жылуу кийингиле, курсагыңарды тойгузгула», – десе, бирок алардын денесине керектүүнү бербесе, андан эмне пайда?

17Ошол сыяктуу эле ишсиз ишеним – өлүк ишеним.

18Бирок кимдир бирөө минтип айтышы мүмкүн: «Сенин ишенимиң бар, ал эми менин иштерим бар. Мага ишсиз ишенимиңди көрсөт, мен болсо сага иштерим аркылуу ишенимимди көрсөтөйүн».

19Сен Кудайдын бирөө экендигине ишенесиң, мунуң жакшы. Бирок жиндер да ишенип, титиреп турушат.

20Акылсыз адам, ишсиз ишеним өлүк экенин билгиң келеби?

21Өз уулу Ыскакты курмандыкка чалмакчы болгон атабыз Ыбрайым иши менен акталган жок беле?

22Көрдүңбү, анын ишеними иштери менен коштолгон. Ишеним иштер аркылуу жеткилеңдикке жетти.

23Ошентип, Ыйык Жазуудагы «Ыбрайым Теңирге ишенди. Ишеними ага адилдик катары эсептелди» деген сөз аткарылып, Ыбрайым Кудайдын досу аталды.

24Көрдүңөрбү, адам ишеними менен гана эмес, иштери менен да акталат.

25Чалгынчыларды үйүнө кабыл алып, андан кийин башка жол менен узатып жиберген бузулган аял Рахап да иши менен акталган жок беле?

26Демек, рухсуз дене өлүк болгон сыяктуу эле, ишсиз ишеним да өлүк.

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
iv>