1Бир туугандарым, бизге, окутуучуларга, сурак катуураак болорун билесиңер, ошондуктан баарыңар эле окутуучу боло бербегиле.
2Анткени баарыбыз көп жаңылабыз. Оозунан жаңылбаган адам – бүт денесин ооздуктай алган жеткилең адам.
3Баш ийдириш үчүн, биз атты ооздуктап, анын бүт денесин башкарабыз.
4Кеме канчалык чоң болсо да, канчалык катуу шамалдар менен жүрсө да, кемечи аны кичинекей эле бургуч менен каалаган жагына бурат.
5Ошол сыяктуу тил да дененин кичинекей эле мүчөсү, бирок көп нерсе кылат. Оттун кичинекей эле учкуну чоң токойду өрттөп жок кылат.
6Тил да – от, адилетсиз дүйнө. Денебиздин кичинекей эле жеринен орун алса да, ал бүт денебизди булгайт. Оттуу көлдүн оту менен тутангандыктан, бүт жашообузду өрттөп жок кылат.
7Бардык жырткычтар, канаттуулар, сойлоочулар, деңиз жаныбарлары адам баласы тарабынан багындырылган жана багындырылып жатат.
8Ал эми тилди эч бир адам багындыра албайт. Тил – ээ-жаа бербеген жамандык. Ал өлтүрүүчү ууга толгон.
9Тилибиз менен Кудайды, Атаны, даңктайбыз, тилибиз менен Кудайдын бейнеси боюнча жаратылган адамдарды каргайбыз.
10Бир эле ооздон даңктоо да, каргоо да чыгат. Бир туугандарым, мындай болбошу керек.
11Бир эле булактан таза суу да, шор суу да чыгышы мүмкүнбү?
12Бир туугандарым, анжыр дарагы зайтун, жүзүм багы анжыр бере албайт. Ошол сыяктуу эле шор булактан таза суу чыкпайт!
13Араңарда ким акылдуу жана эстүү? Ал өзүнүн ошондой экендигин жакшы жүрүм-туруму менен, акылдуу момундугу менен көрсөтсүн.
14Эгерде жүрөгүңөрдө ачуу ичи тарлык жана өзүмчүлдүк бар болсо, анда мактанбагыла жана чындыкты бурмалабагыла.
15Бул асмандан келген акылмандык эмес, жердеги, табигый, шайтандан келген акылмандык.
16Анткени кайсы жерде ичи тарлык жана менменсинген өзүмчүлдүк бар болсо, ал жерде тартипсиздик жана ар кандай жаман нерселер бар.
17Ал эми асмандан келген акылмандык баарынан мурун таза, андан кийин тынчтыкты сүйүүчү, момун, тил алчаак, боорукер, жакшы жемиштүү, калыс, эки жүздүү эмес.
18Ал эми адилеттиктин уругу тынчтыкты сактагандарга тынчтык менен себилет.