Жакып 4:1-17 KYB2004 - Bible AI

1Ортоңордогу чыр-чатак, талаш-тартыш кайдан чыгат? Дене мүчөлөрүңөрдө согушуп жаткан кумарларыңардан эмеспи?

2Каалап жатасыңар, бирок ала албай жатасыңар; киши өлтүрүп, көрө албастык кылып жатасыңар, бирок эч нерсеге жете албай жатасыңар; талашып-тартышып, чатакташып жатасыңар, бирок ала албай жатасыңар, анткени сураган жоксуңар.

3Сурасаңар да, ала албай жатасыңар, анткени жакшы нерсе үчүн эмес, өзүңөрдүн кумарларыңарды канааттандыруу үчүн сурап жатасыңар.

4Бузуктук кылуучулар, бул дүйнө менен болгон достук Кудайга каршы кастык экенин билбейсиңерби? Бул дүйнө менен дос болууну каалаган адам Кудайдын душманы болуп калат.

5Же силер Ыйык Жазуудагы «Кудай ичибизге салган Рух кызганчаактык менен сүйөт» деген сөз жөн эле айтылган деп ойлойсуңарбы?

6Бирок Ал көп ырайым кылат, Ыйык Жазууда: «Кудай текеберлерге каршы турат, ал эми момундарга ырайым кылат», – деп айтылган.

7Ошондуктан Кудайга моюн сунгула. Шайтанга каршы тургула, ошондо ал силерден качат.

8Кудайга жакындагыла, ошондо Ал силерге жакындайт. Күнөөкөрлөр, колуңарды тазалагыла. Эки ойлуулар, жүрөгүңөрдү тазалагыла!

9Кайгыргыла, ыйлагыла, боздогула. Күлгөндүн ордуна ыйлагыла, кубангандын ордуна кайгыргыла.

10Теңирдин алдында моюн сунгула, ошондо Ал силерди көтөрөт.

11Бир туугандарым, бири-бириңерди жамандабагыла. Ким бир тууганын жамандаса же соттосо, ал мыйзамды жамандап, мыйзамды соттогон болот. Эгерде сен мыйзамды соттоп жатсаң, анда мыйзамды аткаруучу эмес эле, соттоочусуң.

12Мыйзам чыгаруучу да, Соттоочу да бирөө. Ал куткара да, жок кыла да алат. Жакыныңды соттогудай сен кимсиң?

13«Бүгүн же эртең баланча шаарга барып, ал жерде бир жыл жашап, соода кылып пайда табабыз», – дегендер, кулак салгыла,

14силер, эртең эмне болорун билбегендер, силердин өмүрүңөр эмне? Пайда болуп, кайра тез эле жок болуп кеткен буу.

15Анын ордуна «Кудай буюрса, аман болсок, тигини же муну кылабыз» дешиңер керек эле.

16Бирок силер текебер болгондуктан, курулай мактанып жатасыңар. Мындай курулай мактанчаактыктын баары – жаман нерсе.

17Демек, ким жакшылык кылуу керек экендигин билип туруп, жакшылык кылбаса, ал күнөө кылган болот.

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
iv>