1Байлар, кулак салгыла, башыңарга келе турган оор күндөр үчүн боздоп ыйлагыла.
2Байлыгыңар чириди, кийимиңерди күбө жеди.
3Алтын-күмүшүңөр карарды. Алардын карарганы силерге каршы күбө болуп, денеңерди оттой жалмайт. Силер байлыкты акыркы күндөргө жыйнадыңар.
4Эгиниңерди жыйнаган жумушчуларга төлөнбөгөн эмгек акы өзүңөргө каршы айгак болуп, боздоп жатат, орокчулардын боздогон үнү Себайот Теңирге жетти.
5Силер жер үстүндө доорон сүрүп, ыракат алып жашадыңар. Өзүңөрдү бордоп, союлчу күнүңөргө даярдадыңар.
6Силер адил адамды айыптап, аны өлтүрдүңөр. Ал силерге каршылык көрсөткөн жок.
7Ошентип, бир туугандар, Теңирдин келишин чыдамдуулук менен күткүлө. Дыйканды карагылачы, ал жерден жакшы түшүм алыш үчүн, эрте жаздагы жана кеч күздөгү жамгырды чыдамдуулук менен күтөт.
8Силер да чыдамдуулук менен күткүлө, бекем болгула, анткени Теңирдин келер убагы жакындап калды.
9Бир туугандар, соттолбош үчүн, бири-бириңердин үстүңөрдөн арызданбагыла. Соттоочу босогодо турат.
10Бир туугандар, Теңирдин атынан сүйлөгөн пайгамбарлардан үлгү алгыла, алар кыйынчылыктарга чыдамдуу болушкан.
11Чыдамдуулук көрсөткөндөрдү бактылуу дейбиз. Аюб пайгамбардын чыдамдуулугу жөнүндө уккансыңар, акырында Теңирдин ага эмне кылганын да билесиңер. Анткени Теңир аябай ырайымдуу жана боорукер.
12Бир туугандарым, баарынан мурун айтарым: асманды да, жерди да, башка нерселерди да оозанып ант бербегиле. Соттолбошуңар үчүн, «ооба» деп айтуу керек болсо, «ооба» дегиле; «жок» деп айтуу керек болсо, «жок» дегиле.
13Ким кыйналып жатса, ал сыйынсын. Ким кубанып жатса, ал Кудайды даңктап ырдасын.
14Ким ооруп жатса, ал Жыйын башчыларын чакыртсын. Алар аны Теңирдин атынан зайтун майы менен майлап, ал үчүн сыйынышсын.
15Ишеним менен сыйынганда, оорулуу айыгат, Теңир аны бутуна тургузат. Эгерде оорулуу күнөө кылган болсо, күнөөлөрү кечирилет.
16Ошондуктан айыгышыңар үчүн, бири-бириңерге күнөөлөрүңөрдү ачык айтып, бири-бириңер үчүн сыйынгыла. Адил адамдын күчтүү сыйынуусу көп нерсени аткара алат.
17Илияс пайгамбар бизге окшогон эле адам болгон. Ал жамгыр жаабасын деп сыйынганда, үч жыл, алты ай бою жамгыр жааган эмес.
18Ал кайра сыйынганда, жамгыр жаап, жер түшүм берген.
19Бир туугандарым, ким чындык жолунан четтеген адамды кайра туура жолго салса, ал билип койсун:
20күнөөкөрдү туура жолго салуу менен ал анын жанын өлүмдөн алып калат жана көп күнөөлөрүн жаап коёт.