Жашыя 1:1-18 KYB2004 - Bible AI

1Теңирдин кулу Муса каза болгондон кийин, Мусанын кызматчысы Нундун уулу Жашыяга Теңир мындай деди:

2«Менин кулум Муса көз жумду. Эми сен тур, Мен Ысрайыл уулдарына берип жаткан жерге Ысрайыл уулдары менен бирге мына бул Иордан аркылуу өт.

3Мусага айтканымдай, бутуңар баскан жердин баарын Мен силерге берем.

4Чөлдөн жана мына бул Лебанон жеринен улуу Эфрат дарыясына чейинки хеттиктердин бардык жери, ошондой эле батыштагы улуу деңизге чейинки аймак силердики болот.

5Өмүрүң өткөнчө сага эч ким туруштук бере албайт. Мен Муса менен кандай болсом, сени менен да ошондой болом. Сенден четтебейм, сени таштабайм.

6Бекем, кайраттуу бол. Анткени Мен ата-бабаларына берем деп убада кылган жерди бул элдин карамагына сен өткөрүп бересиң.

7Болгону, бекем, өтө кайраттуу бол, сага Менин кулум Муса берген мыйзамды так сактагын жана аткаргын, бардык иштериңди акылмандуулук менен кылуу үчүн, андан оңго да, солго да бурулба.

8Бул мыйзам китебинде жазылгандар оозуңдан түшпөсүн, анда жазылгандардын бардыгын так аткарыш үчүн, алар жөнүндө күнү-түнү ой жүгүрт, ошондо сен өз жолдоруңда ийгиликке жетишесиң жана акылмандуулук менен иш кыласың.

9Мен сага буйрук кылам: бекем, кайраттуу бол, жалтанба да коркпо, анткени сен кайда барсаң, Кудай-Теңириң ошол жерде сени менен болот».

10Анан Жашыя эл башчыларга мындай деп буйрук берди:

11«Станды аралап, элге мындай буйрук бергиле: “Жолуңарга азык камдагыла, анткени үч күндөн кийин, ата-бабаңардын Кудай-Теңири силерге мурас кылып берген жерди алганы барыш үчүн, Иордандын ары жагына өтөсүңөр”».

12Ал эми Рубейин, Гат уруусуна жана Менашенин жарым уруусуна Жашыя мындай деди:

13«Теңирдин кулу Муса силерге эмне буйруганын эстегиле. Ал мындай деген: “Кудай-Теңириңер силерди тынчтандырып, силерге ушул жерди берди.

14Аялдарыңар, балдарыңар жана малыңар Иордандын ары жагында, Муса берген жерде калсын. Ал эми силер, согушка жарактууларыңар, куралданып алып, бир туугандарыңардын алдында баргыла да, аларга жардамдашкыла.

15Теңир силер сыяктуу эле силердин бир туугандарыңарды да тынчтандырмайынча, Кудай-Теңириңер берген жерди алар мурас кылып алышмайынча, аларга жардамдашкыла. Ошондон соң мурасыңарга кайрылып келгиле да, Теңирдин кулу Муса Иордандын ары жагынан, чыгыш тараптан берген жерди ээлегиле”».

16Алар Жашыяга жооп кылып: «Бизге эмне буйрусаң, ошонун бардыгын жасайбыз, кайда жиберсең, барабыз.

17Биз Мусаны кандай уксак, сени да ошондой угабыз. Кудай-Теңириң Муса менен болгондой, сени менен да болсун.

18Сенин буйругуңа каршы чыккан, сен буйрук кылып айткан сөздөрүңдүн бардыгына кулак салбаган ар ким өлүм жазасына тартылат. Болгону, сен бекем, кайраттуу бол!» – дешти.

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
iv>