Жашыя 10:1-43 KYB2004 - Bible AI

1Жашыя Айды басып алып, аны каргышка калтырганын, Жерихону, анын падышасын кандай кылса, Айды да, анын падышасын да ошондой кылганын жана Гибондо жашаган эл Ысрайыл менен тынчтык келишимин түзүп, алардын арасында жашап калганын Иерусалим падышасы Адону-Седек укканда, абдан коркту.

2Анткени Гибон чоң шаар болгон, падышанын шаарларынын бири катары Айдан да чоң эле жана анда жашагандардын баары эр жүрөк эл болгон.

3Ошондуктан Иерусалим падышасы Адону-Седек Хеброн падышасы Огамга, Жармут падышасы Пирамга, Лакиш падышасы Жапийге, Эглон падышасы Дебирге киши жиберип, мындай деп айттырды:

4«Жашыя жана Ысрайыл уулдары менен тынчтык келишимин түзгөндүгү үчүн, мага келип, Гибонду талкалап салууга жардам бергиле».

5Аморлуктардын бул беш падышасы: Иерусалим падышасы, Хеброн падышасы, Жармут падышасы, Лакиш падышасы, Эглон падышасы чогулуп алып жөнөштү. Алар гибондуктар менен согушуу үчүн, станы менен Гибондун жанына жайгашышты.

6Гибондо жашаган эл Ысрайыл станына, Гилгалда турган Жашыяга киши жиберип: «Өз кулдарыңан колуңду тартып алба, тезирээк кел, бизди куткар, жардам бер, анткени тоолордо жашаган аморлуктардын бардык падышалары бизге каршы чогулушту», – деп айттырышты.

7Ошондо Жашыя баштаган эл жана согушка жарактуу эр жүрөк эркектердин бардыгы Гилгалдан чыгышты.

8Теңир Жашыяга мындай деди: «Алардан коркпо, анткени Мен аларды сенин колуңа салып бердим. Сага эч ким туруштук бере албайт».

9Жашыя аларга капыстан кол салды, анткени ал Гилгалдан түнү бою жол жүрүп келген эле.

10Алар ысрайылдыктарды көргөндө дүрбөлөңгө түшүштү, анткени аларды Теңир дүрбөлөңгө салган эле. Ысрайылдыктар аларды Гибондо катуу кыйратып, Бейт-Хорон дөңсөөсүнө кеткен жол менен кууп, Азейкага жана Макетке чейин талкалашты.

11Алар Бейт-Хорон тоосунун боору менен ысрайылдыктардан качып бара жатышканда, Теңир аларга асмандан Азейкага чейин чоң таштарды жаадырды, алар өлүп жатышты. Ысрайылдыктардын кылычынан кырылгандарга караганда, мөндүр таштан кырылгандар көп болду.

12Теңир аморлуктарды ысрайылдыктардын колуна салып берип, аларды Гибондо талкалаган күнү, алар Ысрайыл уулдарынын алдында кырылган күнү Жашыя ысрайылдыктардын көз алдында Теңирге мындай деп кайрылды: «Күн, Гибондун үстүнө токто, ай, Айалон өрөөнүнүн үстүнө токто!»

13Ошондо эл кас душмандарынан өч алгыча, күн токтоп, ай төбөдө турду. Адилеттүүнүн китебинде: «Күн асмандын дал ортосунда токтоп турду да, дээрлик бир күн бою батышты карай шашкан жок», – деп жазылган.

14Теңир адамдын үнүн ушунчалык уккан мындай күн мурда да, кийин да болгон эмес. Анткени Теңир Ысрайыл үчүн Өзү салгылашты.

15Андан соң Жашыя жана аны ээрчиген бүт Ысрайыл эли Гилгалга, станга кайтып келишти.

16Тигил беш падыша болсо качып барып, Макеттеги үңкүргө жашынды.

17Анан Жашыяга «Беш падыша табылды, алар Макеттеги үңкүрдө жашынып жатышат» деген кабар жеткенде,

18Жашыя мындай деди: «Чоң-чоң таштарды тоголотуп келип, үңкүрдүн оозун бүтөгүлө да, кайтарганга кишилерди койгула.

19Силер болсо токтобостон, душманыңардын артынан куугула, аскерлеринин арткы бөлүгүн кырып салгыла, өз шаарларына качып кетүүсүнө жол бербегиле, анткени Кудай-Теңириңер аларды силердин колуңарга салып берди».

20Жашыя менен Ысрайыл уулдары аларды биротоло талкалашкандан кийин, алардын аман калгандары чептер менен курчалган шаарларга кире качышкандан кийин,

21бардык эл станга, Макетте турган Жашыяга тынчтык менен кайтып келди. Ошондон кийин эч ким Ысрайыл уулдарына тил кайрып сүйлөй албай калды.

22Ошондо Жашыя мындай деди: «Yңкүрдүн оозун ачып, андагы беш падышаны мага алып келгиле».

23Алар так ошондой кылып, баягы беш падышаны: Иерусалим падышасын, Хеброн падышасын, Жармут падышасын, Лакиш падышасын жана Эглон падышасын үңкүрдөн чыгарып, Жашыянын алдына алып келишти.

24Бул падышаларды Жашыянын алдына алып келишкенде, Жашыя бүт ысрайылдыктарды чакырып, өзү менен бирге жүргөн аскер башчыларга мындай деди: «Жакын келип, бул падышаларды желкесинен бутуңар менен басып тургула». Алар жакын келип, буттары менен падышаларды желкесинен басып турушту.

25Ошондо Жашыя аларга мындай деди: «Коркпогула, үрөйүңөрдү учурбагыла, бекем, кайраттуу болгула, анткени силер менен согуша турган бардык кас душманыңарды Теңир ушундай кылат».

26Анан Жашыя аларды өлтүрүп, бешөөнү беш даракка асып салды. Алар кечке чейин дарактарда асылып турушту.

27Күн батарда Жашыя буйрук берип, аларды түшүртүп, өздөрү жашынган үңкүргө таштаттырып, оозун чоң таштар менен бүтөтүп салды. Алардын сөөгү бүгүнкү күнгө чейин ошол жерде.

28Ошол эле күнү Жашыя Макетти басып алып, аны падышасы менен кошо кылыч мизине алды. Ал жердеги тирүү жандын баарын кырып салды, эч кимди тирүү калтырган жок. Жерихо падышасын кандай кылса, Макет падышасын да так ошондой кылды.

29Анан Жашыя менен бүткүл Ысрайыл эли Макеттен Либнага бет алып, Либна эли менен согушту.

30Теңир аны да, анын падышасын да Ысрайылдын колуна салып берди. Жашыя аны жана анда жашаган адамдарды кылыч мизине алып кырып салды, эч кимди тирүү калтырган жок. Жерихо падышасын кандай кылса, Либна падышасын да ошондой кылды.

31Анан Жашыя Ысрайыл эли менен Либнадан чыгып, Лакишке бет алды. Анын жанына станын жайгаштырып, аны менен согушту.

32Теңир Лакишти да Ысрайыл элинин колуна салып берди, ал аны экинчи күнү басып алды да, Либнаны кыргандай, аны жана анда жашаган адамдарды кылыч мизине алып кырып салды.

33Ошондо Лакишке Гезер падышасы Орам жардамга келди. Бирок Жашыя анын өзүн да, элин да кылычтап кырып, эч кимди тирүү калтырган жок.

34Анан Жашыя Ысрайыл эли менен Лакиштен чыгып, Эглонго бет алып, анын жанына станын жайгаштырып, аны менен согушту.

35Аны ошол эле күнү басып алып, кылыч мизине алып кырып салышты. Лакишти кыргандай, ошол жерде жашаган адамдардын баарын ал ошол күнү кырып салды.

36Анан Жашыя жана бүткүл ысрайылдыктар Эглондон чыгып, Хебронго бет алып, аны менен согушушту.

37Аны да басып алып, падышасын да, бардык шаарларын да, андагы жашаган адамдарды да кылыч мизине алып кырып салды, эч кимди тирүү калтырган жок. Эглонду кыргандай, аны жана андагы адамдардын баарын кырып салды.

38Анан Жашыя бүткүл Ысрайыл эли менен Дебирге бет алып, аны менен согушту.

39Аны да басып алып, падышасын да, бардык шаарларын да, анда жашаган адамдарды да кылыч мизине алып кырып салды, эч кимди тирүү калтырган жок. Хебронду жана анын падышасын, Либнаны жана анын падышасын кандай кылса, Дебирди жана анын падышасын да ошондой кылды.

40Ошентип, Жашыя тоодо, түштүктө, түздүктө, тоонун этегинде жаткан жерлерди басып алып, алардын падышаларынын бардыгын кырып салды. Эч кимди тирүү калтырган жок, Ысрайылдын Кудай-Теңири буйрук кылгандай, бардык адамдарды кырып салды.

41Жашыя Кадеш-Барнейиден Азага чейин, Гошендин бүт жерин, атүгүл, Гибонго чейин басып алды.

42Бул падышалардын бардыгын, алардын жерлерин Жашыя бир жүрүшүндө эле басып алды, анткени Ысрайылдын Кудай-Теңири Ысрайыл үчүн Өзү согушту.

43Анан Жашыя менен ысрайылдыктар Гилгалдагы станга кайтып келишти.

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
div>