Жашыя 11:1-23 KYB2004 - Bible AI

1Мына ушуларды уккан Хатсор падышасы Жабин Мадон падышасы Жобапка, Шимрон падышасы менен Акшап падышасына,

2түндүк тараптагы тоодо, Кинереттин түштүк тарабындагы түздүктө, ойдуңдарда, күн батыштагы Напат-Дордо жашаган падышаларга,

3чыгышта, деңиз жакта жашаган канаандыктарга, тоодо жашаган аморлуктарга, хеттиктерге, периздиктерге, жебустуктарга жана Хермон тоосунун этегиндеги Миспа жеринде жашаган хибиликтерге чабармандарын жөнөттү.

4Ошондо алар бүт кошууну менен, көптүгү деңиз жээгиндеги кумдай болгон көп сандаган эли менен жөнөштү. Аттар да, аттарга чегилген майдан арабалар да өтө көп эле.

5Бул падышалардын баары Ысрайыл эли менен салгылашыш үчүн чогулуп, Мейром суусунун боюна жайгашышты.

6Ошондо Теңир Жашыяга мындай деди: «Булардан коркпо, анткени эртең ушул убакта мен булардын бардыгын Ысрайыл уулдарынын колуна салып берип кырдыртам. Булардын аттарынын тарамыштарын кесип, арабаларын өрттөп салгыла».

7Жашыя согушка жарактуу бардык эл менен Мейром суусунун жээгинде аларга капыстан кол салды.

8Теңир аларды ысрайылдыктардын колуна салып берди. Ысрайылдыктар аларды кырышты, улуу Сидонго чейин, Мисрепот-Майимге чейин, чыгышты карай кеткен Миспе өрөөнүнө чейин кууп барышты, алардан эч ким тирүү калган жок, эч ким качып кутулган жок.

9Жашыя Теңир айткандай кылды: аттарынын тарамыштарын кесип, майдан арабаларын өрттөп жиберди.

10Анан Жашыя кайтып келип, Хатсорду басып алып, падышасын кылыч менен өлтүрдү (Хатсор болсо бул падышачылыктарды башкарып турчу).

11Ал жерде жашаган бардык адамдарды кылычтап кырып салды, бир да жан тирүү калган жок, Хатсорду болсо өрттөп жиберди.

12Кудай-Теңирдин кулу Муса буйругандай, Жашыя бул падышаларды бардык шаарлары менен каратып алып, аларды кылычтап кырып салды.

13Бирок ысрайылдыктар бийик жерде турган шаарларды өрттөшкөн жок. Жашыя Хатсорду гана өрттөп жиберди.

14Бул шаарлардагы мал-мүлктү Ысрайыл уулдары талап алышты. Кишилерин болсо кылычтап кырышты, бардыгын тукум курут кылышты, бирин да тирүү калтырышкан жок.

15Теңир Өз кулу Мусага кандай буйруса, Муса Жашыяга так ошондой буйрук кылган, Жашыя болсо Муса айткандай кылды. Жашыя Теңирдин Мусага буйругандарынын бирин да аткарбай койгон жок.

16Ошентип, Жашыя тоодогу, түштүктөгү жерлерди, Гошен жерин ойдуңдары, түздүктөрү менен, Ысрайыл тоолорун жанында жаткан түздүктөрү менен басып алды.

17Ал Сеирди карай созулган Халак тоосунан Хермон тоосуна чейинки, Лебанон өрөөнүндөгү Баал-Гатка чейинки жерлерди кыйратып, алардын падышаларын кырып салды.

18Жашыя ушул падышалардын баары менен көпкө чейин салгылашты.

19Хибиликтер жашаган Гибондон башка эч бир шаар Ысрайыл уулдары менен келишим түзгөн жок. Бардык шаарларды күч менен басып алышты.

20Анткени алардын жүрөгүнүн таш болуп калышы, Ысрайылга согуш менен каршы чыгышы Теңирден болду. Бул алардын кыргынга учурашы үчүн, аларга ырайым кылынбашы үчүн, Теңир Мусага буйругандай, тукум курут болушу үчүн болду.

21Ошол эле учурда Жашыя тоолордо, Хеброндо, Дебирде, Анапта, Жүйүттүн тоолорунда жана Ысрайыл тоолорунда жашаган анактыктарды түгөл талкалады. Жашыя аларды шаарлары менен кошо тыптыйпыл кылып салды.

22Ысрайыл уулдарынын жеринде анактыктардан бир да жан калган жок, Азада, Гатта жана Азотто гана калды.

23Ошентип, Теңир Мусага айткандай, Жашыя бардык жерди басып алды. Жашыя ал жерлерди Ысрайыл урууларына бөлүп берди. Согуш токтоп, жер үстүндө тынчтык өкүм сүрдү.

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
div>