Жашыя 12:1-24 KYB2004 - Bible AI

1Ысрайыл уулдары Иордандын ары жагындагы күн чыгыш тараптагы Арнон дарыясынан Хермон тоосуна чейинки жерлерди, чыгышты карай кеткен бүт түздүктү басып алып, ал жерлердин падышаларын кырып салышты. Ал падышалар булар:

2Кешпондо жашаган аморлуктардын падышасы Сихон. Ал Арнон дарыясынын жээгиндеги Аройерден тартып, дарыянын ортосунан тартып, амондуктардын чек арасы болгон Жабок дарыясына чейин, Гилаттын жарымын,

3чыгыштагы Кинерет деңизине чейинки түздүктү, чыгыштагы Бейт-Айешимотко карай кеткен жолдогу Туздуу деңиз деп аталган түздүк деңизин, ал эми түштүктө Пизги тоосунун этегинде жаткан жерлерди ээлечү.

4Башан падышасы Ог. Ал Аштарот менен Эдрейде жашаган репалыктардын акыркы тукуму эле.

5Ал Хермон менен Салха тоолорун жана Гешур менен Мааха чегине чейинки бүткүл Башан аймагын, Кешпон падышасы Сихондун чегине чейинки Гилаттын жарымын ээлечү.

6Теңирдин кулу Муса менен Ысрайыл уулдары аларды кырып салышты. Теңирдин кулу Муса ал жерлерди Рубейин, Гат урууларына жана Менашенин жарым уруусуна берди.

7Жашыя менен Ысрайыл уулдары Иордандын берки бети болгон батыш жагындагы, Лебанон өрөөнүндөгү Баал-Гаттан Сеирге чейин созулуп жаткан Халак тоолоруна чейинки жерлердин падышаларын кыйратышты.

8Тоолордо, ойдуң жерлерде, түздүктөрдө, тоо этектеринде, чөлдө, түштүктө жашаган хеттиктердин, аморлуктардын, канаандыктардын, периздиктердин, хибиликтердин жана жебустуктардын жерлерин Жашыя Ысрайыл урууларына бөлүнүшү боюнча мурас кылып бөлүп берген. Жашыя менен Ысрайыл уулдары кыйраткан падышалар булар:

9Жерихонун падышасы, Бейтелдин жанындагы Айдын падышасы,

10Иерусалимдин падышасы, Хеброндун падышасы,

11Жармуттун падышасы, Лакиштин падышасы,

12Эглондун падышасы, Гезердин падышасы,

13Дебирдин падышасы, Гедердин падышасы,

14Хорманын падышасы, Араттын падышасы,

15Либнанын падышасы, Адуламдын падышасы,

16Макеттин падышасы, Бейтелдин падышасы,

17Тапуахтын падышасы, Хейпердин падышасы,

18Апейиктин падышасы, Шарондун падышасы,

19Мадондун падышасы, Хатсордун падышасы,

20Шимрон-Мерондун падышасы, Акшаптын падышасы,

21Таанахтын падышасы, Мегидонун падышасы,

22Кедештин падышасы, Кармелдин жанындагы Жокнеямдын падышасы,

23Напат-Дордун жанындагы Доранын падышасы, Гилгалдагы Гоимдин падышасы,

24Тирсанын падышасы. Бардыгы отуз бир падыша.

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
div>