1Жашыя аябай карып калган кезде, Теңир мындай деди: «Сен аябай карыдың, бирок ээлеп ала турган жерлер али өтө көп.
2Ээлеп ала элек жерлер булар: бүт Пелишти аймагы менен бүт Гешур жери.
3Мисирдин чыгышындагы Шихордон тартып, түндүктөгү Экрон чегине чейинки, канаандыкы болуп эсептелген жерлердеги пелиштиликтердин Азадагы, Азоттогу, Ашкелондогу, Гаттагы, Экрондогу беш падышасы жана абахтыктар.
4Ал эми түштүктөгү Сидондун Мейарасынан баштап Апейикке чейин, аморлуктардын чегине чейинки бүт Канаан жери,
5ошондой эле Гебал жери жана Хермон тоосунун алдындагы күн чыгышты карай кеткен Баал-Гаттан Хаматка кире беришке чейинки бүт Лебанон жери.
6Лебанондон тартып Мисрепот-Майимге чейин жашаган бардык тоолуктарды, бардык сидондуктарды Мен Ысрайыл уулдарынын алдынан кууп чыгарам. Мен сага буйругандай, ал жерди Ысрайылга мурас кылып бөлүп бер.
7Бул жерди тогуз урууга жана Менашенин жарым уруусуна бөл».
8Ал эми Рубейин, Гат уруулары, Менаше уруусунун экинчи жарымы Теңирдин кулу Мусанын бөлүп бергени боюнча Иордандын ары жагындагы, чыгышты карай кеткен жерлерден өз үлүштөрүн алышты.
9Арнон дарыясынын жээгиндеги Аройерден тартып өзөндүн ортосундагы шаар менен Дибонго чейинки бүт Мейдеба түздүгүн,
10ошондой эле Кешпондо бийлик кылган аморлуктардын падышасы Сихондун амондуктардын чек араларына чейинки бардык шаарларын,
11ошондой эле Гилатты жана Гешур менен Мааха аймагын жана Хермондун бардык тоолору менен Салхага чейинки бүт Башан аймагын,
12Аштарот менен Эдрейде бийлик кылган Башан падышасы Огдун бүт аймагын алышты. Ог болсо Муса талкалап кууп чыккан репалыктардан жалгыз калган.
13Бирок Ысрайыл уулдары Гешур менен Мааханын тургундарын кууп чыгышкан жок. Гешур менен Мааханын тургундары бүгүнкү күнгө чейин ысрайылдыктардын арасында жашашат.
14Бир гана Леби уруусуна ал үлүш бөлүп берген жок, Теңир ага айткандай, ысрайылдыктардын Кудайына чалынган курмандыктар – алардын үлүшү.
15Рубейин уулдарынан тараган ар бир үй-бүлөгө Муса үлүш бөлүп берген.
16Алардын чеги Арнон дарыясынын жээгиндеги Аройер, өрөөндүн ортосундагы шаар жана Мейдебанын алдындагы бүт түздүк болду.
17Кешпон аймагы жана түздүктөгү ага караштуу бардык шаарлар: Дибон, Бамот-Баал, Бейт-Баал-Мейон,
18Жаас, Кедемот жана Мейпаат,
19Кирийатайим, Сыбма жана Эймек тоосундагы Серет-Ашахар,
20Бейт-Пейор жана Пизги тоосунун этегиндеги жерлер менен Бейт-Айешимот,
21түздүктөгү бардык шаарлар, Кешпондо бийлик кылган аморлуктардын падышасы Сихондун жерлери. Муса аны, ошондой эле Мидиан жол башчылары: Эбини, Рекемди, Сурду, Хурду, Ребаны, ал жерлерде жашаган Сихондун төрөлөрүн өлтүргөн.
22Ысрайыл уулдарынын кылычынан өлгөндөрдүн ичинде Бейордун уулу, көзү ачык Билам да бар эле.
23Рубейин уулдарынын чек арасы Иордан болгон. Рубейин уулдарынан тараган үй-бүлөлөргө берилген үлүш, шаарлар менен айыл-кыштактар ушулар.
24Муса ошондой эле Гат уруусуна, Гат уулдарынан тараган үй-бүлөлөргө үлүш берген.
25Алардын үлүшү: Жазер жана бардык Гилат шаарлары менен Рабенин алдындагы Амон уулдарынын Аройерге чейинки жеринин жарымы,
26Кешпондон тартып Рамат-Миспе менен Бетонимге чейин, Маханайимден тартып Дебир чегине чейинки жерлер.
27Ошондой эле Бейт-Арам өрөөнү менен Бейт-Нимра, Сукот жана Сапон өрөөндөрү, Кешпон падышасы Сихондун калган жери. Анын үлүшү Иордандын чыгышындагы Кинерет деңизине чейинки жерлер эле.
28Гат уулдарынан тараган үй-бүлөлөрдүн үлүшүнө берилген шаарлар менен айыл-кыштактар ушулар.
29Муса Менашенин жарым уруусуна да үлүш берген, Менашенин жарым уруусундагы ар бир үй-бүлөгө үлүш бөлүп берген.
30Алардын жери: Маханайимден тартып бүт Башан аймагы, Башан падышасы Огдун бүт падышачылыгы, Жайырдын Башандагы бардык шаарчалары, бардыгы болуп алтымыш шаар.
31Гилаттын жарымы, Аштарот жана Эдрей шаарлары – Башан падышасы Огдун карамагындагы шаарлар Менашенин уулу Махирдин уулдарынын жарымына бөлүнгөн.
32Иордандын аркы өйүзүнөн чыгышка карай кеткен Жерихонун каршысындагы Маап түздүгүнөн Муса берген үлүштөр ушулар.
33Бирок Муса Леби уруусуна үлүш бөлгөн эмес, Теңир аларга айткандай, алардын үлүшү – ысрайылдыктардын Кудай-Теңири Өзү.