Жашыя 15:1-63 KYB2004 - Bible AI

1Өкчөмө таш ыргытканда, Жүйүт уруусуна үй-бүлөлөрүнө жараша төмөнкүдөй үлүш тийди: түштүктү карай созулуп жаткан, аягы Тейманга жеткен Эдом менен чектеш Син чөлү.

2Алардын түштүк чек арасы Туздуу деңиздин түштүк булуңунун чет жакасынан башталып,

3түштүккө, Акрабым дөңсөөсүнө кетет, Зинди аралап өтүп, түштүк тараптан Кадеш-Барнейиге чыгып, Хесрондон өтүп, Адарга көтөрүлүп, Акаркага бурулат.

4Анан Асмондон өтүп, Мисир дарыясына кетет, анын чек арасынын аягы деңизге такалат. Силердин түштүктөгү чек араңар мына ушул болот.

5Чыгыш чек арасы болсо – Туздуу деңиз, Иордан дарыясынын куйган жерине чейин; түндүк чек арасы деңиздин түндүк булуңунан, Иордан дарыясынын куйган жеринен башталат.

6Бул жерден чек ара Бейт-Каглага көтөрүлөт да, түндүк тараптан Бейт-Арабаны аралап өтөт, анан чек ара жогору карай, Рубейин уулунун Боан ташына чейин барат.

7Анан чек ара Акор өрөөнүндөгү Дебирге чыгат да, түндүк тараптан Адумум дөңсөөсүнүн каршысындагы, дарыянын түштүк тарабындагы Гилгалга бурулат. Бул жерден чек ара Эйин-Шемеш сууларын бойлоп өтөт да, Эйин-Рогелден бүтөт.

8Бул жерден чек ара Жебустун (Иерусалимдин) түштүк тарабы менен жогору карай Ином уулунун өрөөнүнө кетет, андан ары батыш тараптагы Ином өрөөнүнүн каршысында, түндүк тараптагы репалыктардын өрөөнүнүн четинде жаткан тоонун чокусуна чыгат.

9Тоонун чокусунан чек ара Нептоах сууларынын башатына бурулуп, Эпрон тоосунун жанындагы шаарларга кетет да, Баалга (Кирийат-Жейаримге) бурулат.

10Анан чек ара Баалдан деңизге, Сеир тоосуна бурулат да, Жейарим (Кесалон) тоосунун түндүк тарабы менен кетет, анан Бейт-Шемешке түшүп, Тимна аркылуу өтөт.

11Ал жерден чек ара Экрондун түндүк тарабы менен кетет да, Шикронго бурулат, Баал тоосунун жанынан өтүп, Жапнейелге жетет. Чек ара деңиздин жанынан бүтөт. Батыш чек ара – улуу деңиз.

12Жүйүт уруусунун төрт тарабындагы чек аралары мына ушулар.

13Теңир Жашыяга буйругандай, Жашыя Жүйүт уулдарынын үлүшүнөн Жепундун уулу Калепке Анактын атасына таандык Кирийат-Арбаны, башкача айтканда, Хебронду бөлүп берди.

14Калеп ал жерден Анактын уулдары: Шейшайды, Акиманды жана Талмайды, Анактын ушул үч уулун кууп чыкты.

15Андан ары Дебирдин тургундарына каршы жөнөдү (Дебирдин мурдагы аты Кирийат-Сейпер болгон).

16Анан Калеп мындай деди: «Ким Кирийат-Сейперге кол салып, басып алса, ага кызым Аксаны аялдыкка берем».

17Аны Калептин бир тууганы Кеназдын баласы Отниел басып алды. Ошондо ал ага кызы Аксаны аялдыкка берди.

18Акса жолго чыгарда, ага атаңан жер сура деп үйрөтүштү. Ал эшектен түшкөндө, Калеп андан: «Сага эмне керек?» – деп сурады.

19Кызы ага: «Батаңды бер, ата. Мага түштүк жерин бердиң, суу булактарын да кошо бер», – деди. Атасы кызына жогорку булактарды да, төмөнкү булактарды да берди.

20Жүйүт уруусуна үй-бүлөлөрүнө жараша бөлүнгөн үлүш бул:

21Түштүктө эдомдуктар менен чектеш жаткан Жүйүт уулдарынын шаарлары мына булар: Капсейел, Эйдер жана Жагур,

22Кина, Дымана жана Адада,

23Кедеш, Хатсор жана Итнан,

24Зуп, Телем жана Балот,

25Хатсор-Хадат, Кериот, Хесрон, башкача айтканда, Хатсор,

26Аймам, Шема жана Молада,

27Хатсар-Гата, Хешмон жана Бейт-Палет,

28Хатсар-Шуал, Бейер-Шаба жана Бизийотия,

29Баал, Ийим жана Атсем,

30Элтолат, Кесил жана Хорма,

31Сыклак, Мадмана жана Сансана,

32Лебайот, Шилхим, Айын жана Римон. Айыл-кыштактары менен бардыгы жыйырма тогуз шаар.

33Ойдуң жерлердеги Эштаул, Сора жана Ашна,

34Заноах, Эйин-Ганим, Тапуах жана Эйнам.

35Жармут, Адулам, Сохо жана Азейка.

36Шаарайым, Адытайым, Гедейра же Гедейратайым. Айыл-кыштактары менен он төрт шаар.

37Сенан, Хадаша, Мигдал-Гат,

38Дилан, Миспе жана Жоктейел,

39Лакиш, Ботыскат жана Эглон,

40Хабон, Лахмас жана Хитлиш,

41Гедейрот, Бейт-Дагон, Наама жана Макет. Айыл-кыштактары менен он алты шаар.

42Либна, Этер жана Ашан,

43Иптах, Ашна жана Нетсип,

44Кеила, Аказип жана Марейша. Айыл-кыштактары менен тогуз шаар.

45Экрон, ага караштуу шаарлары жана кыштактары менен.

46Экрондон деңизге карай кеткен Азоттун жанындагы бардык жерлер, айыл-кыштактары менен.

47Мисир дарыясы менен улуу деңизге чейин созулуп жаткан Азот жана ага караштуу шаарлар менен кыштактар, Аза жана ага караштуу болгон шаарлар менен кыштактар.

48Тоо койнундагы Шамир, Жатир жана Сохо,

49Дана, Кирийат-Сана, башкача айтканда, Дебир,

50Анап, Эштемо жана Аним,

51Гошен, Холон жана Гило. Айыл-кыштактары менен он бир шаар.

52Араб, Дума жана Эшан,

53Жанум, Бейт-Тапуах жана Апейка,

54Хумта, Кирийат-Арба, башкача айтканда, Хеброн жана Сиор. Айыл-кыштактары менен тогуз шаар.

55Маон, Кармел, Зуп жана Ута,

56Изрейел, Жоктеям жана Заноах,

57Кабыл, Гиба жана Тимна. Айыл-кыштактары менен он шаар.

58Халхул, Бейт-Сур жана Гедор,

59Маарат, Бейт-Анот жана Элтекон. Айыл-кыштактары менен алты шаар.

60Кирийат-Баал, башкача айтканда, Кирийат-Жейарим жана Араба. Айыл-кыштактары менен эки шаар.

61Чөлдөгү Бейт-Араба, Мидин жана Секак,

62Нипшан, Ир-Мелах жана Эйин-Геди. Айыл-кыштактары менен алты шаар.

63Бирок Иерусалимде жашаган жебустуктарды Жүйүттүн уулдары кууп чыга алышкан жок, ошондуктан жебустуктар азыркыга чейин Иерусалимде Жүйүт уулдарынын арасында жашашат.

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
div>