1Андан кийин өкчөмө таш Жусуптун уулдарына түштү: Жерихонун жанындагы, чыгыш тараптагы Жерихо сууларынын жанындагы Иордандан тартып, Жериходон Бейтел тоосуна чейин созулуп жаткан чөл.
2Чек ара Бейтел тоосунан Лузга кетет, Атароттун жанындагы Архи чек арасына чейин жетип,
3деңизге, жаплеттиктердин чек арасына түшөт да, төмөнкү Бейт-Корон чек арасы менен Гезерге чейин жетип, деңиздин жанынан бүтөт.
4Бул жерлерди Жусуптун уулдары Менаше менен Эпрайым үлүшкө алды.
5Эпрайым уруусундагы үй-бүлөлөрдүн чек аралары мындай: алардын чыгыш тараптагы чек арасы Атрот-Адардан жогорку Бейт-Коронго чейин кетет.
6Анан чек ара Михметаттын түндүк тарабынан деңизди карай кетет да, Таанат-Шилонун чыгыш тарабына бурулуп, аны Жаноахтын чыгыш тарабынан айланып өтөт.
7Жаноахтан Атарот менен Нааратка түшүп, Жерихого келип, Иорданга чейин жетет.
8Тапуахтан чек ара деңизге, Кана дарыясына кетет да, деңиз менен бүтөт. Эпрайым уруусуна үй-бүлөлөрүнө жараша тийген үлүш ушул.
9Менаше уулдарынын үлүшүнүн ичинен Эпрайым уулдарына ушул шаарлар менен айыл-кыштактар бөлүндү.
10Бирок Эпрайым уулдары Гезерде жашаган канаандыктарды кууп чыгышкан жок, ошондуктан канаандыктар Эпрайым уулдарына салык төлөп, алардын арасында азыркыга чейин жашашат.