1Жусуптун тун уулу Менашеге өкчөмө таш түштү: эр жүрөк жоокер Гилаттын атасы, Менашенин тун уулу Махирге Гилат менен Башан тийди.
2Менашенин калган уулдарына да үй-бүлөлөрүнө жараша үлүш бөлүндү. Алар – Абиезер, Хейлек, Асриел, Шехем, Хейпер, Шемит үй-бүлөлөрү. Жусуптун уулу Менашенин эркек балдарынан тараган үй-бүлөлөр ушулар.
3Менашенин уулу Махирдин, Махирдин уулу Гилаттын, Гилаттын уулу Хейпердин, Хейпердин уулу Салапаттын эркек балдары жок эле, кыздары гана болгон. Анын кыздарынын аттары: Махла, Ноя, Хогла, Милка жана Тирса.
4Алар ыйык кызмат кылуучу Элазарга, Нундун уулу Жашыяга жана башчыларга келип, мындай дешти: «Бизге бир туугандарыбыз менен бирге үлүш берсин деп, Теңир Мусага буйруган эле». Ошондо Теңирдин буйругу боюнча аларга атасынын бир туугандарынын үлүшүнүн жанынан үлүш бөлүндү.
5Менашеге Иордандын аркы өйүзүндөгү Гилат менен Башан жеринен тышкары он үлүш тийди.
6Анткени Менашенин кыздары үлүштү Менашенин уулдарынын үлүшүнүн жанынан алышты. Гилат жери болсо Менашенин башка уулдарына тийди.
7Менашенин чек арасы Ашырдан Шекемдин каршысындагы Михметатка кетет. Ал жерден оңго бурулуп, Эйин-Тапуах аймагына кетет.
8Тапуах жери Менашеге тийди, Менашенин чек арасынын жанындагы Тапуах шаары болсо Эпрайым уулдарына тийди.
9Ал жерден чек ара Кана дарыясына түштүк тараптан түшөт. Бул шаарлар Менаше шаарларынын арасында жайгашса да, Эпрайымга таандык. Менашенин чек арасы дарыянын түндүк тарабында, чек ара деңиз менен бүтөт.
10Түштүк тараптагы жер Эпрайымдыкы, түндүк тараптагы жер Менашеники. Деңиз алардын чек арасы болгон. Ал түндүк тараптан Ашыр менен, чыгыш тараптан Исахар менен чектешет.
11Исахар менен Ашырдын Менашеге таандык болгон жерлери мына булар: Бейт-Шейан жана ага караштуу жерлер, Иблейем жана ага караштуу жерлер, Дорада жашоочулар жана ага караштуу жерлер, Эйен-Дордо жашоочулар жана ага караштуу жерлер, Таанахта жашоочулар жана ага караштуу жерлер, Мегидодо жашоочулар жана ага караштуу жерлер, ошондой эле Напоттун үчүнчү бөлүгү.
12Менашенин уулдары бул шаарлардын тургундарын кууп чыга алышкан жок. Ошентип, канаандыктар бул жерде жашап калышты.
13Ысрайыл уулдары кубаттанган кезде, канаандыктарды салык төлөй турган кылып коюшту, бирок аларды кууп чыгышкан жок.
14Жусуптун уулдары Жашыяга мындай деп айтышты: «Эмне үчүн сен мага бир эле өкчөмө таш ыргытып, бир эле үлүш бөлдүң, менин элим көп, анткени Теңир мага ушинтип батасын берген».
15Жашыя аларга мындай деди: «Элиң көп болсо, Эпрайым тоосу сага тардык кылып жатса, периздиктер менен репалыктардын жериндеги токойлорду тазалап ал».
16Ошондо Жусуптун уулдары мындай дешти: «Тоо бизге тардык кылат, бирок өрөөндө жашаган канаандыктардын, ошондой эле Бейт-Шейанда жана аларга караштуу жерлерде, Изрейел өрөөнүндө жашагандардын арабалары темирден».
17Ошондо Жашыя Жусуптун уулдары Эпрайым менен Менашеге мындай деди: «Сенин элиң көп, күчүң да көп. Сен бир эле үлүш менен чектелип калбайсың.
18Тоо да, бул токой да сеники болот, сен аны тазалап аласың, бүт токой сеники болот. Канаандыктардын арабалары темирден болсо да, алардын күчү зор болсо да, сен аларды кууп чыгасың».