Жашыя 18:1-28 KYB2004 - Bible AI

1Ысрайыл уулдарынын бүт жамааты Шилого чогулуп, ал жерге жыйын чатырын орнотушту, анткени ал жерди алар басып алышкан эле.

2Ысрайыл уулдарынын ичинен өз үлүшүн ала элек жети уруу калган.

3Жашыя Ысрайыл уулдарына мындай деди: «Ата-бабаңардын Кудай-Теңири силерге берген жерди ээлеп албай, жалкоолонуп жүрө бересиңерби?

4Ар бир уруудан үчтөн киши жибергиле. Мен аларды жөнөтөм, алар барып, жерди көрүп, кандай бөлүштүрүү керек экенин байкап келишет.

5Алар жерди жетиге бөлүшсүн. Жүйүт өз жеринде, түштүктө калсын, Жусуптун тукуму болсо өз жеринде, түндүктө калсын.

6Силер болсо жерди жети үлүшкө бөлүп, чиймесин мага алып келгиле. Мен ушул жерде, Кудай-Теңирибиздин алдында өкчөмө таш ыргытам.

7Ал эми лебилер үлүш алышпайт, анткени алардын үлүшү – Теңирге ыйык кызмат кылуу. Гат, Рубейин жана Менашенин жарым уруусуна жерди Теңирдин кулу Муса берген. Алар жерди Иордандын аркы өйүзүнөн, чыгыш тараптан алышкан».

8Тандалган адамдар орундарынан туруп жөнөп кетишти. Жашыя болсо жердин чиймесин чийип келүүгө жөнөп жаткандарга мындай буйрук берди: «Барып, ал жерди көрүп, чиймесин чийип келгиле. Мен бул жерде, Шилодо, Теңирдин алдында силер үчүн өкчөмө таш ыргытам».

9Алар барып, жерди кыдырып көрүштү. Анан анын шаарларынын чиймесин чийип, жерди жети үлүшкө бөлүп, Шилого, стандагы Жашыяга келишти.

10Жашыя Шилодо, Теңирдин алдында өкчөмө таш ыргытып, Ысрайыл уулдарына жер бөлүштүрүп берди.

11Биринчи өкчөмө таш Бенжемин уруусундагы үй-бүлөлөргө түштү. Өкчөмө таш боюнча алар үлүштү Жүйүттүн уулдары менен Жусуптун уулдарынын үлүштөрүнүн ортосунан алышты.

12Алардын түндүк тараптагы чек арасы Иордандан башталып, Жерихонун түндүк тарабынан өтүп, батышты карай тоого көтөрүлүп, Бейт-Абен чөлү менен бүтөт.

13Ал жерден чек ара түштүк тарапка, Лузга, башкача айтканда, Бейтелге кетет да, төмөнкү Бейт-Корондун түштүк тарабындагы Атрот-Адар тоосуна түшөт.

14Анан чек ара Бейт-Корондун алдындагы тоодон түштүктү карай, деңиз тарапка бурулат да, Кирийат-Баалдын, башкача айтканда, Жүйүт уулдарынын шаары болгон Кирийат-Жейаримдин жанынан бүтөт. Бул – батыш тарабы.

15Түштүк чек ара Кирийат-Жейаримдин жанынан деңизди карай кетет да, Нептоах сууларынын башатына жетет.

16Анан чек ара Ином уулунун өрөөнүнүн алдындагы тоонун этегине, репалыктардын өрөөнүнө, түндүккө түшөт, анан Ином өрөөнү менен Жебустун түштүк тарабына түшүп, Эйин-Рогелге кетет.

17Түндүктөн бурулуп, Эйин-Шемешке кетет, андан ары Адумум дөңсөөсүнүн каршысындагы Гелилотко кетет, анан Рубейин уулунун Боан ташына түшөт.

18Анан түздүктүн жанынан түндүктү карай өтүп, түздүккө түшөт.

19Ал жерден чек ара Бейт-Кагланын жанынан түндүккө өтүп, Туздуу деңиздин түндүк булуңунан, Иордандын түштүгүндөгү куйган жеринен бүтөт. Бул – түштүк чек ара. Чыгыш чек арасы Иордан болуп эсептелет.

20Бенжемин уруусунун туш тараптан курчалган чек аралары ушулар.

21Бенжемин уруусуна таандык шаарлар: Жерихо, Бейт-Кагла жана Эймек-Кетсис,

22Бейт-Араба, Семарайым жана Бейтел,

23Абым, Пара жана Опра,

24Кепар-Аамонай, Айопни жана Геба. Айыл-кыштактары менен он эки шаар.

25Гибон, Рама жана Бейрот,

26Миспе, Кепира жана Мотса,

27Рекем, Ирпейел жана Тарала,

28Сейла, Элеп жана Жебус, башкача айтканда, Иерусалим, Гибат жана Кериот. Айыл-кыштактары менен он төрт шаар. Бенжемин уруусунун үлүшү ушул.

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
div>