Жашыя 19:1-51 KYB2004 - Bible AI

1Экинчи өкчөмө таш Шымон уруусундагы үй-бүлөлөргө түштү. Алардын үлүшү Жүйүт уулдарынын үлүшүнүн ичинде эле.

2Алардын үлүшүнө киргендер: Бейер-Шеба жана Шеба, Молада,

3Хатсар-Шуал, Бала жана Атсем,

4Элтолат, Бетул жана Хорма,

5Сыклак, Бейт-Амаркабот жана Хатсар-Суса,

6Бейт-Лебайот жана Шарухен. Айыл-кыштактары менен он үч шаар.

7Айын, Римон, Этер жана Ашан. Айыл-кыштактары менен төрт шаар.

8Ошондой эле ушул шаарлардын айланасындагы Баалат-Бейирге же түштүк Рамага чейинки бардык кыштактар Шымон уруусуна үй-бүлөлөрүнө жараша тийди.

9Шымон уруусундагы үй-бүлөлөргө үлүш Жүйүт уулдарынын үлүшүнөн бөлүндү. Жүйүт уулдарынын үлүшү өтө чоң болгондуктан, Шымон уулдары үлүшүн алардын арасынан алышты.

10Өкчөмө таш ыргытканда, үчүнчү болуп Забулун уруусуна үй-бүлөлөрүнө жараша үлүш тийди. Алардын үлүшүнүн чек арасы Саритке чейин жетти.

11Алардын чек арасы деңиз тарапка жана Маралага көтөрүлөт да, Дабешетке кетет, Жокнеямдын алдындагы өзөндү карай кетет.

12Сариттен артка, чыгыш тарапка, күн чыгышка, Кислот-Таборго чейин барат да, андан ары Дабератка кетет, анан Жапияга көтөрүлөт.

13Ал жерден чыгышка, Гак-Акейперге, Эйит-Катсинге өтөт да, Римонго, Митойарга жана Анейеге кетет.

14Анан чек ара түндүктөн Ханатонго бурулат да, Иптах-Эл өрөөнү менен бүтөт.

15Андан ары Катат, Наалал, Шимрон, Идала жана Бейт-Лехем кетет. Айыл-кыштактары менен он эки шаар.

16Забулун уруусундагы үй-бүлөлөрдүн үлүшү ушул. Алардын шаарлары менен кыштактары ушулар.

17Төртүнчү жолу өкчөмө таш ыргытканда, Исахар уруусуна үй-бүлөлөрүнө жараша үлүш тийди.

18Алардын жери Изрейел, Кесулот жана Шунем,

19Хапарайым, Шион жана Анахарат,

20Рабит, Кишион жана Эбез,

21Ремет, Эйин-Ганим, Эйин-Хада, Бейт-Патсес болду.

22Анан чек ара Таборго, Шахатсимге, Бейт-Шемешке кетет да, Иордандын жанынан бүтөт. Айыл-кыштактары менен он алты шаар.

23Исахар уруусундагы үй-бүлөлөрдүн үлүшү ушул. Алардын шаарлары менен айыл-кыштактары ушулар.

24Бешинчи жолу өкчөмө таш ыргытканда, Ашыр уруусуна үй-бүлөлөрүнө жараша үлүш тийди.

25Алардын жери Хелкат, Хали, Бетен жана Акшап,

26Аламелек, Амат жана Мишал болду. Чек ара батыш тараптан Кармелге жана Шихор-Либнатка кетет.

27Анан артка, чыгышты карай, Бейт-Дагонго кетет да, Забулун жана Иптах-Эл өрөөнү менен, түндүктөн Бейт-Эймек жана Нейел менен чектешип, Кабулдун сол тарабынан өтөт.

28Андан ары Эбронго, Рехопко, Хамонго жана Канага, улуу Сидонго чейин кетет.

29Анан чек ара Рамага, чептүү Тир шаарына бурулат, андан кийин Хосага бурулуп, деңиз боюнан, Аказип деген жерден бүтөт.

30Андан ары Умага, Апикке жана Рехопко кетет. Айыл-кыштактары менен жыйырма эки шаар.

31Ашыр уруусундагы үй-бүлөлөрдүн үлүшү ушул. Алардын шаарлары менен кыштактары ушулар.

32Алтынчы жолу өкчөмө таш ыргытканда, Напталы уруусуна үй-бүлөлөрүнө жараша үлүш тийди.

33Алардын чек арасы Хейлептен, Эйлон-Бетсаананимдеги эмендүү токойдон Адамы-Некепке жана Жапнейелге, Лакумга чейин барып, Иордандан бүтөт.

34Ал жерден чек ара батышка, Азнот-Таборго бурулат да, андан ары Хукокко кетет, түштүктөн Забулун менен, батыштан Ашыр менен, чыгыштан, Иордандан Жүйүт менен чектешет.

35Чептүү шаарлары: Сидим, Сер, Хамат, Ракат жана Кинерет,

36Адама, Рама жана Хатсор,

37Кедеш, Эдрей жана Эйин-Хатсор,

38Ирон, Мигдал-Эл, Хорем, Бейт-Анат жана Бейт-Шемеш. Айыл-кыштактары менен он тогуз шаар.

39Напталы уруусундагы үй-бүлөлөрдүн үлүшү ушул. Алардын шаарлары менен кыштактары ушулар.

40Жетинчи жолу өкчөмө таш ыргытканда, Дан уруусуна үй-бүлөлөрүнө жараша үлүш тийди.

41Алардын үлүшүнүн чек аралары мындай болду: Сора, Эштаул жана Ир-Шемеш,

42Шаалабин, Айалон жана Итла,

43Эйлон, Тимната жана Экрон,

44Элтекей, Гиптон жана Баалат,

45Жейут, Беней-Берак жана Гат-Римон,

46Жапанын жанындагы Мей-Жаркон жана Ракон. Дан уулдарына тийген үлүш алар үчүн аз болуп калды.

47Ошондуктан Дан уулдары Лешемге кол салып, аны басып алып, элин кылычтап кырышты. Анан ал жерге отурукташып, Лешемдин атын өздөрүнүн атасы Дандын атынан Дан деп аташты.

48Дан уруусундагы үй-бүлөлөрдүн үлүшү ушул. Алардын шаарлары менен кыштактары ушулар.

49Чек аралар боюнча жер бөлүштүрүп бүтүшкөндө, Ысрайыл уулдары өздөрүнүн үлүшүнөн Нундун уулу Жашыяга үлүш беришти.

50Теңирдин буйругу боюнча ага өзү сураган Эпрайым тоосундагы Тимнат-Серах шаарын беришти. Жашыя ал шаарды куруп, анда жашады.

51Ыйык кызмат кылуучу Элазар, Нундун уулу Жашыя жана Ысрайыл уулдарынын уруу башчылары Шилодо, жыйын чатырынын алдында, Теңирдин алдында өкчөмө таш ыргытып, Ысрайыл уулдарынан тараган урууларга бөлүштүрүп берген үлүштөр ушулар. Ошентип, жерди бөлүштүрүп бүтүштү.

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
div>