Жашыя 2:1-24 KYB2004 - Bible AI

1Нундун уулу Жашыя Шитимден эки чалгынчыны жашыруун жиберип жатып, аларга: «Барып, жерди жана Жерихону көрүп келгиле», – деди. Экөө жөнөп кетти да, Рахап деген бузулган аялдын үйүнө келип, ошол жерде түнөп калышты.

2Ошондо Жерихо падышасына «Түндө бул жакка Ысрайыл уулдарынан кишилер жер чалууга келишти» деген кабар жетти.

3Жерихо падышасы бузулган аял Рахапка мындай деп айттырды: «Сенин үйүңө келген кишилерди бизге чыгарып бер, анткени алар биздин бардык жерлерибизди байкаганы келишти».

4Бирок аял ал эки кишини жашырып койду да: «Мага кишилердин келгени чын, бирок алардын кайдан келгенин билген эмесмин.

5Алар күүгүм киргенде, дарбаза жабыларда кетип калышкан. Кайда кетишкенин билбейм, тезирээк артынан куугула, аларды кууп жетесиңер», – деди.

6Өзү болсо аларды үйүнүн үстүнө алып чыгып, үйүнүн үстүндө жаткан зыгыр боолорунун арасына жашырып койду.

7Куугунчулар аларды Иорданды карай кеткен жол менен дарыянын өткөөлүнө чейин кууп кетишти. Куугунчулар чыгып кетер замат дарбаза бекиди.

8Тигил эки киши жата электе аял үйдүн үстүнө чыгып,

9аларга мындай деди: «Теңир бул жерди силерге бергенин билем, анткени силер бизге коркунуч туудурдуңар, бул жерде жашагандар силерден коркуп жатышат.

10Анткени Мисирден чыкканыңарда, Теңир силердин көз алдыңарда Кызыл деңиздин ортосун кургатканын, Иордандын ары жагындагы аморлуктардын эки падышасы Сихон менен Огду кандай кылып кыйратканыңарды укканбыз.

11Бул жөнүндө укканыбызда, жүрөгүбүз түшүп, силерге каршы турууга эч кимибиз батынбай калдык, анткени силердин Кудай-Теңириңер жогорудагы асмандын да, төмөндөгү жердин да Кудайы экен.

12Ошондуктан мен силерге ырайым кылгандай, силер да атамдын үйүнө ырайым кылабыз деп, Теңир менен ант бергиле.

13Атамды, энемди, ага-инилеримди, эже-сиңдилеримди жана алар менен жашагандардын бардыгын тирүү калтырып, жаныңарды сактап калабыз деп, мага ишенимдүү белги калтыргыла».

14Ал кишилер аялга мындай дешти: «Эгерде силер бул ишибизди ачпасаңар, силердин ордуңарга биздин жан кыйылсын. Теңир бизге жерди бергенден кийин, биз сага ырайым жана адилеттик кылабыз».

15Аял аларды аркан менен терезеден түшүрүп койду, анткени анын үйү шаар дубалында болчу, ал дубалда жашачу.

16Аял аларга: «Куугунчулар алдыңардан чыгып калбашы үчүн, тоого бара тургула, силерди кубалап кеткендер кайрылып келгиче, үч күн ошол жерде жашына тургула. Андан соң жолго чыксаңар болот», – деди.

17Тигил кишилер аялга мындай дешти: «Эгерде мындай кылбасаң, анда биз сага берген антыбыздан бош болобуз:

18биз бул жерге келгенде, бизди түшүрүп койгон терезеңе бул кызыл арканды байлап кой да, атаң менен энеңди, бир туугандарыңды, атаңдын бардык урук-тууганын үйүңө чогулт.

19Эгерде үйүңдөн бирөө сыртка чыга турган болсо, анын каны өз мойнунда болот, анда биз сага берген антыбыздан бош болобуз. Ал эми сенин үйүңдөгү адамга бирөөнүн колу тийсе, анда анын каны биздин мойнубузда.

20Эгерде сен биздин бул ишибизди ача турган болсоң, анда дагы сага берген антыбыздан бош болобуз».

21Аял аларга: «Силер айткандай болсун!» – деди да, аларды коё берди. Алар жөнөп кетишти. Аял болсо кызыл арканды терезеге байлап койду.

22Алар жөнөп кетишип, тоого келишти да, аларды кууган куугунчулар кайрылып келгенче, үч күн ошол жерде болушту. Куугунчулар аларды жолдордун баарынан издеп, таппай коюшту.

23Ошентип, ал эки киши артка кайрылып, тоодон түшүп, Иордандан өтүп, Нундун уулу Жашыяга келди. Эмне болгонунун баарын айтып берди.

24Алар Жашыяга: «Теңир ал жердин баарын бизге бериптир, ал жерде жашагандардын баары бизден коркуп жатышыптыр», – дешти.

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
iv>