Жашыя 21:1-45 KYB2004 - Bible AI

1Леби уулдарынын башчылары ыйык кызмат кылуучу Элазарга, Нундун уулу Жашыяга жана Ысрайыл уулдарынын башчыларына келишип,

2Канаан жериндеги Шилодо аларга мындай дешти: «Бизге жашаганга шаар, малыбызга шаардын тегерек-четинен жайыт берүүнү Теңир Мусага буйруган».

3Ошондо Ысрайыл уулдары Теңирдин буйругу боюнча лебилерге өз үлүштөрүнөн мына бул шаарларды тегерек-четиндеги жерлери менен беришти.

4Өкчөмө таш Каат уулдарына түштү. Өкчөмө таш боюнча ыйык кызмат кылуучу Арундун уулдары лебилерге Жүйүт, Шымон, Бенжемин урууларынан он үч шаар тийди.

5Ал эми Кааттын калган уулдарына өкчөмө таш боюнча Эпрайым, Дан урууларынан, Менашенин жарым уруусунан он шаар тийди.

6Гейиршондун уулдарына өкчөмө таш боюнча Исахар, Ашыр, Напталы урууларынан жана Менашенин Башандагы жарым уруусунан он үч шаар тийди.

7Мерари уулдарына үй-бүлөлөрүнө жараша Рубейин уруусунан, Гат уруусунан жана Забулун уруусунан он эки шаар тийди.

8Теңир Муса аркылуу буйругандай, өкчөмө таш боюнча Ысрайыл уулдары лебилерге бул шаарларды тегерек-четиндеги жерлери менен беришти.

9Жүйүт уруусунан, Шымон уруусунан төмөндө аттары аталган шаарлар берилди:

10Өкчөмө таш биринчи түшкөндүктөн, Леби уруусуна, Кааттын тукуму Арундун уулдарына,

11Анактын атасынын атынан аталган Кирийат-Арбаны, башкача айтканда, Жүйүт тоосундагы Хебронду жана анын айланасындагы жерлерди беришти.

12Бул шаардын талаасы менен кыштактарын Жепундун уулу Калепке беришти.

13Ошентип, ыйык кызмат кылуучу Арундун уулдарына киши өлтүргөн адам баш калкалай турган шаарларды: Хеброн шаарын жана анын тегерек-четин, Либнаны жана анын тегерек-четин,

14Жатирди жана анын тегерек-четин, Эштемону жана анын тегерек-четин,

15Холонду жана анын тегерек-четин, Дебирди жана анын тегерек-четин,

16Айынды жана анын тегерек-четин, Утаны жана анын тегерек-четин, Бейт-Шемешти жана анын тегерек-четин беришти. Ошентип, эки уруунун тогуз шаарын беришти.

17Ал эми Бенжемин уруусунан: Гибонду жана анын тегерек-четин, Гебаны жана анын тегерек-четин,

18Анатотту жана анын тегерек-четин, Алманды жана анын тегерек-четин: төрт шаарды беришти.

19Арундун уулдарына, ыйык кызмат кылуучуларга бардыгы болуп, тегерек-чети менен он үч шаар тийди.

20Кааттын уулдары лебилерге, Кааттын калган уулдарына, өкчөмө таш боюнча Эпрайым уруусунан шаарлар тийди.

21Аларга киши өлтүргөндөр баш калкалай турган шаарларды: Эпрайым тоосундагы Шекем шаарын жана анын тегерек-четин, Гезерди жана анын тегерек-четин,

22Кипсайимди жана анын тегерек-четин, Бейт-Коронду жана анын тегерек-четин, бардыгы болуп төрт шаар беришти.

23Дан уруусунан Элтекейди жана анын тегерек-четин, Гиптонду жана анын тегерек-четин,

24Айалонду жана анын тегерек-четин, Гат-Римонду жана анын тегерек-четин, бардыгы болуп төрт шаар беришти.

25Менашенин жарым уруусунан эки шаар: Таанахты жана анын тегерек-четин, Гат-Римонду жана анын тегерек-четин беришти.

26Каат уулдарынын калган үй-бүлөлөрүнө бардыгы болуп, тегерек-чети менен он шаар тийди.

27Ал эми Леби уруусундагы Гейиршондун уулдарына Менашенин жарым уруусуна таандык, киши өлтүргөндөр баш калкалай турган Башандагы Голан шаарын жана анын тегерек-четин, Бейештераны жана анын тегерек-четин беришти.

28Исахар уруусунан Кишионду жана анын тегерек-четин, Дабератты жана анын тегерек-четин,

29Жармутту жана анын тегерек-четин, Эйин-Ганимди жана анын тегерек-четин, бардыгы болуп төрт шаар беришти.

30Ашыр уруусунан Мишалды жана анын тегерек-четин, Абдонду жана анын тегерек-четин,

31Хелкатты жана анын тегерек-четин, Рехопту жана анын тегерек-четин, бардыгы болуп төрт шаарды беришти.

32Напталы уруусунан киши өлтүргөндөр баш калкалай турган Галилеядагы Кедеш шаарын жана анын тегерек-четин, Хамот-Дорду жана анын тегерек-четин, Картанды жана тегерек-четин, бардыгы болуп үч шаар беришти.

33Гейиршон уруусуна үй-бүлөлөрүнө жараша бардыгы болуп тегерек-чети менен он үч шаар тийди.

34Мерари уулдарынын үй-бүлөлөрүнө, калган лебилерге Забулун уруусунан Жокнеямды жана анын тегерек-четин, Карпаны жана анын тегерек-четин,

35Димнаны жана анын тегерек-четин, Наалалды жана анын тегерек-четин, бардыгы болуп төрт шаарды беришти.

36Рубейин уруусунан Бетсерди жана анын тегерек-четин, Жаасты жана анын тегерек-четин,

37Кедемотту жана анын чет жакасын, Мейпаатты жана анын тегерек-четин, бардыгы болуп төрт шаарды беришти.

38Гат уруусунан киши өлтүргөндөр баш калкалай турган Гилаттагы Рамот шаарын жана анын тегерек-четин, Маханайимди жана анын тегерек-четин,

39Кешпонду жана анын тегерек-четин, Жазерди жана анын тегерек-четин, бардыгы болуп төрт шаарды беришти.

40Мераринин уулдарына, Леби уруусунун калган уулдарына, өкчөмө таш боюнча бардыгы болуп он эки шаар тийди.

41Ысрайыл уулдарынын үлүшүнүн ичинен лебилерге бардыгы болуп кырк сегиз шаар тегерек-чети менен тийди.

42Бул шаарлардын ар биринин тегерек-четинде жайыттар болгон.

43Ошентип, Теңир Ысрайыл уулдарына алардын ата-бабаларына берем деп убада кылган жерлердин бардыгын берди. Алар ал жерлерди мурастап, отурукташып калышты.

44Теңир алардын ата-бабаларына убада кылгандай, тынч жашоо берди. Кас душмандарынын эч кимиси аларга каршылык көрсөткөн жок. Теңир алардын колуна бардык душмандарын салып берди.

45Теңирдин Ысрайыл уулдарына айткан жакшы сөздөрүнүн ичинен эч бир сөзү аткарылбай калган жок, бардыгы аткарылды.

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
div>