1Жашыя эртең менен эрте турду. Жашыя жана Ысрайылдын бардык уулдары Шитимден чыгып, Иорданга келишти да, андан өтпөй, ошол жерде түнөп калышты.
2Yч күндөн кийин эл башчылар станды аралап,
3элге мындай деп буйрук беришти: «Кудай-Теңириңердин келишим сандыгын, сандыкты көтөрүп бара жаткан ыйык кызмат кылуучулар менен лебилерди көргөнүңөрдө, силер да ордуңардан козголуп, алардын артынан жөнөгүлө.
4Бирок силер менен алардын ортосундагы аралык эки миң чыканактай болсун. Кайсы жол менен баруу керек экенин билишиңер үчүн, аларга жакындабагыла, анткени силер бул жол менен мурун баскан эмессиңер».
5Жашыя элге кайрылып, мындай деди: «Ыйыкталгыла, анткени Теңир эртең силердин араңарда кереметтерди көрсөтөт».
6Ыйык кызмат кылуучуларга болсо Жашыя мындай деди: «Келишим сандыгын алып, элдин алдында баскыла». Ыйык кызмат кылуучулар келишим сандыгын көтөрүп, элдин алдында басышты.
7Ошондо Теңир Жашыяга мындай деди: «Мен Муса менен болгондой эле, сени менен да болорумду бардык Ысрайыл уулдары билиши үчүн, бүгүндөн тартып Мен сени алардын алдында даңазалай баштайм.
8Сен болсо келишим сандыгын көтөрүп бара жаткан ыйык кызмат кылуучуларга мындай деп буйрук бер: “Иорданга кирериңер менен, Иорданда токтоп тургула”».
9Жашыя Ысрайыл уулдарына мындай деди: «Бул жакка келгиле, Кудай-Теңириңердин сөзүнө кулак салгыла».
10Жашыя дагы мындай деди: «Канаандыктарды да, хеттиктерди да, хибиликтерди да, периздиктерди да, гиргештиктерди да, аморлуктарды да, жебустуктарды да силердин алдыңардан кууп чыга турган тирүү Кудай араңарда экенин мындан билесиңер:
11бүт жердин Теңиринин келишим сандыгы силердин алдыңарда Иордандан өтөт.
12Ысрайыл урууларынын ичинен он эки киши: ар бир уруудан бирден киши алгыла.
13Бүт жердин Эгедеринин, Теңирдин, сандыгын көтөрүп бара жаткан ыйык кызмат кылуучулардын таманы Иордан суусуна тиери менен, Иордан суусу тартылат да, жогору жактан аккан суу дубалдай тирелип туруп калат».
14Ошентип, Иордандан өтүш үчүн, эл чатырларынан козголду, ыйык кызмат кылуучулар элдин алдында келишим сандыгын көтөрүп жөнөштү.
15Сандык көтөргөндөр Иордан суусуна кирери менен, сандык көтөргөн ыйык кызмат кылуучулардын буту Иордан суусуна тиери менен (Иордан дарыясы болсо эгин оруу маалында жээктеринен чыгып, ташып турат),
16жогору жактан аккан суу токтоп, Саретандын жанындагы Адам шаарына чейинки эң чоң аралыкка дейре дубал болуп тирелип калды. Ал эми түздүктөгү Туздуу деңизге аккан суу соолуп калды.
17Анан эл Жерихонун тушунан өттү. Теңирдин келишим сандыгын көтөргөн ыйык кызмат кылуучулар Иордандын ортосундагы кургак жерде бекем турду. Ысрайыл уулдарынын баары кургак жер менен өтүп жатышты, бүткүл эл өтүп бүткөнчө ошондой болду.