1Бүткүл эл Иордандан өткөн соң, Теңир Жашыяга мындай деди:
2«Элдин арасынан он эки киши: ар бир уруудан бирден киши тандап алгыла.
3Анан аларга мындай деп буйрук бергиле: “Силер бул жерден, Иордандын ортосунан, ыйык кызмат кылуучулардын буттары бекем турган жерден, он эки таш алып, өзүңөр менен кошо алып өткүлө да, түнөй турган жериңерге алып барып койгула”».
4Жашыя Ысрайыл уулдарынан дайындаган он эки кишини: ар бир уруудан бирден кишини чакырып алды.
5Анан аларга мындай деди: «Кудай-Теңириңердин келишим сандыгынын алдына түшүп, Иордандын ортосуна баргыла да, Ысрайыл урууларынын санына жараша ар бириңер бирден таш алып, он эки ташты ийиниңерге коюп, көтөрүп келгиле.
6Алар силер үчүн белги болсун. Кийин балдарыңар силерден: “Бул таштар эмнени билдирет?” – деп сурай турган болсо,
7аларга мындай деп айтасыңар: “Теңирдин келишим сандыгынын алдында Иордан суусу тең бөлүнгөн. Эл Иордандан өтүп бара жатканда, Иордан суусу экиге бөлүнгөн”. Ошентип, бул таштар Ысрайыл уулдары үчүн түбөлүккө эстелик болот».
8Жашыя кандай буйруса, Ысрайыл уулдары ошондой кылышты. Алар Теңир Жашыяга кандай айтса, ошондой кылып, Ысрайыл урууларынын санына жараша Иордандын ортосунан он эки таш алып, аларды көтөрүп келип, түнөй турган жерине коюшту.
9Жашыя дагы башка он эки таш алып, келишим сандыгын көтөргөн ыйык кызмат кылуучулардын буттары турган жерге – Иордандын ортосуна койду. Алар ушул күнгө чейин бар.
10Муса Жашыяга айткандай, Теңирдин Жашыяга элге айт деп буйругандарынын баары аткарылып бүтмөйүнчө, сандык көтөргөн ыйык кызмат кылуучулар Иордандын ортосунда турушту. Эл болсо ошол учурда шашылыш түрдө өтүп жатты.
11Бүткүл эл Иордандан өтүп бүткөндө гана Теңирдин келишим сандыгын көтөргөндөр, эл алдында жүргөн ыйык кызмат кылуучулар өтүштү.
12Анан Муса айткандай, куралданган Рубейин, Гат уулдары, Менашенин жарым уруусу Ысрайыл уулдарынын алдына өтүштү.
13Куралданган кырк миңге жакын киши салгылашуу үчүн, Теңирдин алдында Жерихо түздүгүнө өттү.
14Ошол күнү Теңир бүткүл Ысрайыл элинин алдында Жашыяны даңазалады. Ошондон тартып, Ысрайыл эли Мусадан анын өмүрү өткөнчө корккондой, Жашыядан да коркуп калды.
15Анан Теңир Жашыяга мындай деп айтты:
16«Келишим сандыгын көтөргөн ыйык кызмат кылуучуларга: “Иордандан чыккыла”, – деп буйрук бер».
17Жашыя ыйык кызмат кылуучуларга: «Иордандан чыккыла», – деп буйрук берди.
18Ошондо Теңирдин келишим сандыгын көтөргөн ыйык кызмат кылуучулар Иордандан чыгып, тамандары жерге тиери менен, Иордан суусу өз нугуна түшүп, жээктеринен ашып-ташып, мурункудай ага баштады.
19Биринчи айдын онунчу күнү эл Иордандан чыгып, Жерихонун чыгыш тарабындагы Гилгалга чатырларын тикти.
20Алар Иордандан алган он эки ташты Жашыя Гилгалга койду.
21Анан Ысрайыл уулдарына мындай деди: «Кийин балдарыңар аталарынан: “Бул таштар эмнени билдирет?” – деп сурап калышса,
22балдарыңарга: “Ысрайыл эли ушул Иордан дарыясынан, кургак жер менен өткөн”, – деп айткыла.
23Биз өтүп бүткөнчө, Кудай-Теңириңер Кызыл деңиздин ортосун биздин көз алдыбызда кургаткандай эле, силер өтүп бүткөнчө, Кудай-Теңириңер силер үчүн Иордан суусунун ортосун кургаткан.
24Жер жүзүндөгү бардык эл Теңирдин колу күчтүү экенин билиши үчүн жана силер өмүрүңөр өткөнчө Теңирден коркушуңар үчүн ошенткен».