1Ошондо Теңир Жашыяга мындай деди: «Мына, Мен Жерихону, анын падышасын жана андагы эң күчтүү адамдарды сенин колуңа салып берип жатам.
2Согушка жарактуулардын бардыгы шаарды курчап, аны күнүнө бир жолу айланып чыксын. Алты күн ошенткиле.
3Жети ыйык кызмат кылуучу кочкордун мүйүзүнөн жасалган жети сурнайын келишим сандыгынын алдында алып жүрсүн. Жетинчи күнү болсо шаарды жети жолу айлангыла, ыйык кызмат кылуучулар сурнай тартышсын.
4Кочкордун мүйүзүнөн жасалган сурнай тартылганда, сурнай үнүн укканыңарда, бүткүл эл жер жаңырта кыйкырык салсын. Ошондо шаардын дубалдары түбүнө чейин урайт. Бүт эл, алардын ар бири турган жеринен шаарга бет алсын».
5Нундун уулу Жашыя Ысрайылдын ыйык кызмат кылуучуларын чакырып, аларга мындай деди: «Келишим сандыгын көтөрүп жүргүлө. Жети ыйык кызмат кылуучу болсо Теңирдин келишим сандыгынын алдында кочкордун мүйүзүнөн жасалган жети сурнайды көтөрүп жүрсүн».
6Анан элге кайрылып, мындай деди: «Баргыла, шаарды айланып чыккыла. Курал-жаракчандар болсо Теңирдин келишим сандыгынын алдында жүрүшсүн».
7Жашыя элге ушинтип айткандан кийин, Теңирдин алдында кочкордун мүйүзүнөн жасалган жети сурнайды көтөрүп жүргөн жети ыйык кызмат кылуучу сурнайларын тартты, алардын артынан Теңирдин келишим сандыгын көтөрүп жөнөштү.
8Курал-жаракчандар сурнай тарткан ыйык кызмат кылуучулардын алдына түшүштү. Келишим сандыгынын артында бара жаткандар сурнайларын тартып бара жатышты.
9Жашыя элге мындай деп буйрук берди: «Кыйкырбагыла, үнүңөрдү эч ким укпасын, мен силерге “Кыйкыргыла!” демейинче, оозуңардан сөз чыкпасын, буйрук берген күнү гана жапырт кыйкыргыла».
10Ошентип, Теңирдин келишим сандыгы шаарды бир айланып чыкты. Алар станга келип, ошол жерде түнөштү.
11Экинчи күнү Жашыя эртең менен эрте турду. Ыйык кызмат кылуучулар Теңирдин келишим сандыгын көтөрүп жөнөштү.
12Теңирдин сандыгынын алдында кочкордун мүйүзүнөн жасалган жети сурнайды көтөрүп жүргөн жети ыйык кызмат кылуучу сурнайларын тартып бара жатышты. Курал-жаракчандар алардын алдында, калган эл Теңирдин келишим сандыгынын артында сурнай тартып бара жатышты.
13Андан кийинки күнү да шаарды так ошондой эле бир айланып, станга кайтып келишти. Алты күн бою ошентишти.
14Жетинчи күнү таң атары менен турушуп, шаарды так ошондой эле жети айланып чыгышты, ошол күнү гана шаарды жети айланышты.
15Ыйык кызмат кылуучулар сурнайларын жетинчи жолу тартышканда, Жашыя элге мындай деди: «Кыйкыргыла, анткени Теңир шаарды силерге берди!
16Шаар каргышка калат, андагынын баары Теңирдики. Бузулган аял Рахап жана анын үйүндөгүлөр гана тирүү калсын, анткени ал биз жөнөткөн чалгынчыларды жашырып калган.
17Бирок өзүңөр каргышка калбас үчүн, каргышка калган нерселерден сактангыла. Ысрайыл уулдарынын станын каргышка калтырбас үчүн, аларга мүшкүл түшүрбөс үчүн, каргышка калган нерселерден эч нерсе албагыла.
18Алтын-күмүштүн бардыгы, жез, темир идиштердин бардыгы Кудайдын ыйык буюмдары болуп, Теңирдин казынасына кирсин».
19Ошондо эл кыйкырды, ыйык кызмат кылуучулар сурнайларын тартышты. Сурнайлардын үндөрүн угар замат, эл жер жаңырта жапырт кыйкырды. Ошондо шаар дубалдары түбүнө чейин урап, эл шаарга бет алды, ар ким туш-тушунан качырып кирип, шаарды басып алышты.
20Шаардагы эркектерди да, аялдарды да, жашты да, карыны да, койлорду да, өгүздөрдү да, эшектерди да – бардыгын кылычтап кырып салышты.
21Жер чалганы барган баягы эки жигитке Жашыя мындай деди: «Бузулган аялга баргыла да, аны жана анын үйүндөгүлөрдү алып чыккыла, анткени силер ага ант берип койгонсуңар».
22Шаарды чалган жигиттер аялдын үйүнө барып, Рахаптын өзүн да, атасын да, энесин да, бир туугандарын да – анын үйүндөгүлөрүнүн бардыгын, урук-тууганы менен үйүнөн алып чыгып, Ысрайыл станынын сыртына алып барышты.
23Шаарды жана анда болгондордун бардыгын өрттөп жиберишти. Алтын-күмүштөрдү, жез, темир идиштерди гана Теңир үйүнүн казынасына беришти.
24Ал эми бузулган аял Рахапты жана анын атасынын үй-бүлөсүн, анын үйүндөгүлөрүнүн бардыгын Жашыя тирүү калтырды, ал аял бүгүнкү күнгө чейин ысрайылдыктардын арасында жашайт, анткени ал Жерихону байкаш үчүн Жашыя жөнөткөн чалгынчыларды жашырып койгон эле.
25Ошол учурда Жашыя мындай каргыш айтты: «Ким Жерихо шаарын кайра калыбына келтире турган болсо, ал Кудайдын алдында каргышка калсын. Ким анын пайдубалын тургузса, тун баласынан ажырайт, дарбазасын орнотсо, кенже баласынан ажырайт».
26Теңир Жашыя менен болду. Анын даңкы бүт жер жүзүнө тарады.