Жашыя 8:1-35 KYB2004 - Bible AI

1Теңир Жашыяга мындай деди: «Коркпо да үрөйүңдү учурба, өзүң менен кошо согушка жарактуу элдин бардыгын алып, Айды беттеп жөнө. Мына, Мен Айдын падышасын, элин, шаарын, жерин сенин колуңа салып бердим.

2Жерихону жана анын падышасын кандай кылсаң, Айды жана анын падышасын да ошондой кыл, бирок анын олжосу менен мал-мүлкүн өз ара бөлүп алгыла. Шаар сыртына буктурма кой».

3Жашыя менен согушка жарактуу бардык эл Айга бет алууга түп көтөрө турду. Жашыя эр жүрөк отуз миң адамды тандап, аларды түн ичинде жөнөттү.

4Анан аларга мындай деп буйрук берди: «Байкагыла, силер шаар сыртында, буктурмада болгула, шаардан көп алыстабай, баарыңар даяр тургула.

5Ал эми мен жана мени ээрчиген жалпы эл шаарга бет алабыз. Айдын тургундары мурдагыдай эле бизди беттеп качыра бергенде, биз алардан качып жөнөйбүз.

6Алар бизди сая кууйт, биз аларды шаардан алыстатып кетебиз, анткени алар: “Мурдагыдай эле бизден качып бара жатышат”, – деп айтышат. Биз алардан качып жөнөгөнүбүздө,

7силер буктурмадан чыгып, шаарды ээлеп алгыла. Аны Кудай-Теңириңер силердин колуңарга салып берет.

8Шаарды басып алгандан кийин, аны өрттөп жибергиле, Теңир айткандай кылгыла. Байкагыла, мен силерге буйрук берип жатам».

9Жашыя аларды ошентип узатты, алар буктурмага жөнөп, Айдын күн батыш тарабындагы Бейтел менен Айдын ортосунда бугуп жатышты. Жашыя ошол түнү эл арасында түнөдү.

10Эртең менен эрте туруп, Жашыя элди карап чыкты да, Ысрайыл аксакалдары менен элдин алдына түшүп, Айга бет алды.

11Аны ээрчиген согушка жарактуу элдин баары шаарга жакын келишти.

12Жашыя станды Айдын түндүк тарабына жайгаштырды, алар менен Айдын ортосунда өрөөн бар эле. Анан ал беш миңге жакын кишини шаардын батыш тарабындагы Ай менен Бейтелдин ортосундагы буктурмага койду.

13Стан-стан болуп жайгашкан элди шаардын түндүк тарабына койду, буктурмадагы элди шаардын батыш тарабына койду. Ошол түнү Жашыя өрөөндүн ортосуна келди.

14Муну көргөн Айдын падышасы эртең менен эрте туруп, шаар тургундарын түп көтөрүп, Ысрайылга каршы салгылашууга чыкты. Ал башында турган шаар эли өрөөндөгү белгилүү жерге келди. Шаар сыртында ал үчүн буктурма турганын ал билген жок.

15Жашыя менен Ысрайыл эли алардан жеңилимиш болуп, чөлдү беттеп качып жөнөштү.

16Алар болсо шаарда калган элдин бардыгын ысрайылдыктарды кууганга чакырышты. Анан алар Жашыяны кууп бара жатып, шаардан алыстап кетишти.

17Ай менен Бейтелде ысрайылдыктардын артынан куубаган бир да адам калган жок. Ысрайылдыктарды кууйбуз деп, алар шаар дарбазаларын ачык ташташты.

18Ошондо Теңир Жашыяга мындай деди: «Колуңдагы найзаны Айды карай сун, Мен аны колуңа салып берем». Жашыя колундагы найзаны шаарды карай сунду.

19Буктурмада жаткандар дароо ордуларынан турушуп, түп көтөрө чуркашты. Ал найзасын сунар замат, шаарга кирип барып, аны багынтып алып, ошол замат шаарды өрттөп жиберишти.

20Айдын тургундары артын карап, шаардан көтөрүлгөн түтүн көккө жетип жатканын көрүштү. Алар качарга жер таппай, бул жакка да, тигил жакка да кача албай калышты, анткени чөлдү көздөй качып бараткан ысрайылдыктар куугунчуларды көздөй бурулушту.

21Жашыя менен ысрайылдыктар буктурмада жаткандардын шаарды алганын, шаардан көтөрүлгөн түтүн көккө жетип жатканын көрүшүп, кайра кайрылып, Айдын тургундарын кыра башташты.

22Шаарга киргендер кайра шаардан чыгып, алардын алдынан чыгышканда, Айдын тургундары ысрайылдыктардын ортосунда калышты. Ысрайылдыктар аркы тараптан да, берки тараптан да каптап киришти. Айдын тургундарынан бир да киши калтырбай кырып салышты, эч ким качып кутулган жок.

23Ал эми Айдын падышасын тирүү кармап, Жашыянын алдына алып келишти.

24Ысрайылдыктар Айдын тургундарын кубалап, талаада, чөлдө талкалашты. Алардын акыркы адамы кылыч мизинен өлгөндөн кийин, ысрайылдыктар Ай шаарына кайра бурулуп келишип, бардыгын кылыч мизине алышты.

25Ошол күнү кырылган эркек-аялдардын, Ай тургундарынын саны он эки миң болду.

26Ай тургундарынын баарын кырып салгыча, Жашыя найза сунган колун түшүргөн жок.

27Ысрайылдыктар Теңирдин Жашыяга айткан сөзү боюнча шаардын малы менен олжосун гана бөлүп алышты.

28Жашыя Ай шаарын өрттөп, аны түбөлүк урандыга, чөлгө айландырды. Ал бүгүнкү күнгө чейин ошондой абалда.

29Ай падышасын болсо даракка асып койду, ал кечке чейин асылып турду. Күн батканда Жашыя буйрук берди. Ошондо алар өлүктү дарактан чечип, шаар дарбазасынын алдына ташташты, үстүнө таш ыргытып, дөбө кылып үйүштү. Ал дөбө азыркыга чейин турат.

30Ошондо Жашыя ысрайылдыктардын Кудай-Теңирине арнап, Эйбал тоосуна курмандык чалынуучу жай курду.

31Кудай-Теңирдин кулу Муса Ысрайыл уулдарына осуят кылып калтыргандай, Мусанын мыйзам китебинде жазылгандай, курмандык чалынуучу жайды темир тийгизбей, бүтүн таштардан жасады. Ага Кудай-Теңирге арнап бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкты жана тынчтык курмандыктарын чалышты.

32Анан Жашыя Ысрайыл уулдарынын көз алдында Мусанын мыйзамдарын ташка чегип жазды.

33Ысрайыл элине бата бериш үчүн, мурун Теңирдин кулу Муса буйругандай, бүт Ысрайыл, Ысрайыл аксакалдары, көзөмөлдөөчүлөрү, башкаруучулары, келгиндер да, жергиликтүү тургундар да Теңирдин келишим сандыгын көтөрүп бара жаткан ыйык кызмат кылуучулар менен лебилердин эки тарабында турушту, алардын жарымы Гаризим тоосунун этегинде, жарымы Эйбал тоосунун этегинде турду.

34Анан Жашыя мыйзам китепте жазылган мыйзам сөздөрүн, бата менен каргышты окуду.

35Бүткүл Ысрайыл элинин алдында, алардын аялдарына, балдарына, алардын арасындагы келгиндерге Мусанын Жашыяга калтырган осуяттарынан Жашыя окубаган бир да сөз калган жок.

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
iv>