Жезекиел 1:1-28 KYB2004 - Bible AI

1Мындай болду: отузунчу жылдын төртүнчү айынын бешинчи күнү Кебар дарыясынын жанында, көчүрүлгөндөрдүн арасында жүргөндө, асман ачылды, ошондо мен Кудайдын көрүнүштөрүн көрдүм.

2Айдын бешинчи күнү (Жайахин падышанын туткундалып кеткенине беш жыл болгондо),

3Каздим жеринде, Кебар дарыясынын жанында, ыйык кызмат кылуучу Бузинин уулу Жезекиелге Теңирден сөз болду. Ошол жерде Теңирдин колу анын үстүндө болду.

4Ошондо мен муну көрдүм: түндүктөн дуулдаган шамал келди, зор булут, алоолонгон от жана булуттун тегерегинде жарык.

5Ал эми анын ортосунан чыккан жарык оттун ичинен чыккан жалындын жарыгындай эле. Анын ортосунан төрт тирүү жандык көрүндү, алардын кебетелери адамдыкына окшош эле.

6Ар биринин төрттөн бети жана төрттөн канаты бар эле.

7Ал эми алардын буттары болсо түптүз экен, алардын буттарынын таманы музоонун буттарынын таманындай экен, алар жалтырак жездей жаркылдап турган эле.

8Алардын төрт капталында, канаттарынын астында адамдыкындай колдору бар экен.

9Төртөөнүн тең беттери жана канаттары бар эле. Алардын канаттары бири-бирине тийишип турат экен. Жүрүп бара жатышканда, алар артына бурулушкан жок, ар бири өзүнүн бет алды жагын карай жүрдү.

10Алардын беттеринин окшоштугу болсо мындай: аларда адамдын бети, төртөөнүн тең оң жагында арстандын бети, төртөөнүн тең сол жагында буканын бети, төртөөндө тең бүркүттүн бети бар эле.

11Алардын беттери да, алардын канаттары да жогору жагынан бөлүнгөн, бирок ар биринин эки канаты бири-бирине тийишип турат экен, ал эми калган эки канаты алардын денелерин жаап турат экен.

12Алардын ар бири өзүнүн бет алды жагын карай жүрдү. Рух кайда кааласа, ошол жакка жүрүштү. Жүрүп бара жатышканда, алар артына бурулушкан жок.

13Бул жаныбарлардын сырткы көрүнүшү күйүп жаткан көмүрдүн көрүнүшүндөй, чырактандын көрүнүшүндөй экен. От жаныбарларды аралап жүрдү, оттон жаркыроо жана чагылган чыгып турду.

14Жаныбарлар чагылган жаркылдагандай, тиги жакка да, бул жакка да тез жылып жүрүштү.

15Мен жаныбарларды карап турдум, жерде, бул төрт жаныбардын жанында, алардын төрт бетинин алдында бирден дөңгөлөк турду.

16Алардын дөңгөлөктөрүнүн көрүнүшү жана түзүлүшү топаз ташына окшош экен, төртөөнүн тең түрү бир. Алардын көрүнүшү жана түзүлүшү дөңгөлөктүн ичинде дөңгөлөк тургандай.

17Алар жүрүшкөндө, өз бет алдынча төрт тарапка жүрүштү. Жүрүү убагында артына бурулушкан жок.

18Алардын алкактары бийик да, коркунучтуу да эле. Төртөөнүн тең алкактары тегерете көзгө толгон.

19Жаныбарлар жүргөндө, алардын жанында дөңгөлөктөр да жүрдү. Жаныбарлар жерден көтөрүлгөндө, дөңгөлөктөр да көтөрүлдү.

20Рух каякка жүргүсү келсе, алар да ошол жакка жүрүштү. Рух кайда барбасын, дөңгөлөктөр да алар менен бирдей көтөрүлдү, анткени жаныбарлардын руху дөңгөлөктөрдө эле.

21Тигилер жүргөндө, булар да жүрүштү. Тигилер токтогондо, булар да токтошту. Тигилер жерден көтөрүлгөндө, дөңгөлөктөр да алар менен бирдей көтөрүлдү, анткени жаныбарлардын руху дөңгөлөктөрдүн ичинде эле.

22Жаныбарлардын баштарынын үстүндөгү көмкөрүлгөн асманга окшогон нерсе укмуштуу кристаллдай эле, ал жогорудан алардын баштарынын үстүнө жайылып турду.

23Ал эми көмкөрүлгөн асмандын астында алардын канаттары бири-бирине түз жайылып турду, ар биринин өздөрүн жапкан экиден канаты бар эле, ар биринин эки канаты денелерин жаап турду.

24Алар жүргөндө, канаттарынын дабышын уктум. Ал дабыш чоң суулардын дабышындай, Кудуреттүүнүн үнүндөй, аскер кошуунунун чуусундай эле. Алар токтогондо, канаттарын түшүрүп коюп жатышты.

25Алар токтоп, канаттарын түшүрүшкөндө, алардын баштарынын үстүндөгү көмкөрүлгөн асмандан үн чыкты.

26Алардын баштарынын үстүндөгү көмкөрүлгөн асмандын үстүндө болсо жакут таштан жасалган тактыга окшош нерсе бар эле. Ал эми тактыга окшош нерсенин үстүндө адамга окшош бирөө отурган.

27Мен анын ичинен тегерете чыгып жаткан от сыяктуу, жалындаган металлга окшош нерсени көрдүм. Анын белинен өйдө жана белинен ылдый кандайдыр бир отту көрдүм, анын айланасы жаркырап турду.

28Жамгыр жаап жатканда, булут бетиндеги көк желенин көрүнүшү кандай болсо, анын тегерегиндеги жаркырактын көрүнүшү да ошондой эле.