Жезекиел 10:1-22 KYB2004 - Bible AI

1Анан мен керуптардын баштарынын үстүндөгү көмкөрүлгөн асманда сапфир ташы сымал тактыга окшош бир нерсе турганын көрдүм, ал керуптардын үстүнөн көрүнүп турду.

2Ал зыгыр кездемеден кийим кийген кишиге: «Керуптардын астына, дөңгөлөктөрдүн ортосуна кир, керуптардын ортосунда күйүп жаткан көмүрдөн кош ууч толтура ал, аны ушул шаарга ыргыт», – деди. Ошондо ал менин көз алдымда кирди.

3Ал киши киргенде, керуптар Yйдүн түштүк жагында турушкан. Ошондо ички короо булутка толду.

4Теңирдин даңкы керуптардын үстүнөн көтөрүлүп, Yйдүн босогосуна келди, Yй булутка толду, короо Теңирдин даңкынын жарыгына толду.

5Керуптардын канатынан чыккан добуш кудуреттүү Кудайдын сүйлөп жаткандагы үнүнө окшоп, сырткы короого чейин угулуп турду.

6Ал зыгыр кездемеден кийим кийген кишиге: «Дөңгөлөктөрдүн ортосунан, керуптардын ортосунан от ал», – деп буйрук кылганда, ал кирип, дөңгөлөктүн жанына барып турганда,

7керуптардын бири өздөрүнүн ортосундагы отко колун созуп, андан кош ууч от алып, зыгыр кездемеден кийим кийген кишиге берди. Ал аны алып, ал жерден чыкты.

8Керуптардын канаттарынын астынан адамдын колдоруна окшогон колдор көрүнүп турду.

9Мен керуптардын жанында төрт дөңгөлөк турганын көрдүм, ар бир керуптун жанында бирден дөңгөлөк. Дөңгөлөктөрдүн көрүнүшү топазга окшош экен.

10Төртөөнүн тең көрүнүшү бирдей, дөңгөлөктүн ичинде дөңгөлөк тургансыйт.

11Алар өздөрүнүн багыты боюнча төрт жакка жүрүштү. Жүрүп бара жатканда бурулушкан жок, баштары кай жакты караса, алар ошол жакка жүрүштү. Жүрүп бара жатканда бурулушкан жок.

12Алардын бүт денеси, далысы, колдору, канаттары, дөңгөлөктөрдүн баары тегерете көзгө толгон. Алардын бүт төрт дөңгөлөгү көзгө толгон.

13Мен бул дөңгөлөктөрдүн “Галгал”, деп аталарын өз кулагым менен уктум.

14Ар бир жаныбардын төрттөн бети бар экен: биринчи бети – керуптун бети, экинчи бети – адамдын бети, үчүнчү бети – арстандын бети, төртүнчү бети – бүркүттүн бети.

15Керуптар көтөрүлдү. Булар мен Кебар дарыясынын боюнан көргөн жаныбарлар болчу.

16Керуптар жүрүшкөндө, алардын жанындагы дөңгөлөктөр да жүрдү. Керуптар жерден көтөрүлүү үчүн канаттарын көтөргөндө, дөңгөлөктөр да алардан бөлүнгөн жок, алардын жанында болду.

17Тигилер токтоп калышканда, булар да токтоп калышты, тигилер көтөрүлгөндө, булар да көтөрүлдү, анткени аларда жаныбарлардын руху бар болчу.

18Анан Теңирдин даңкы Yйдүн босогосунан кетип, керуптардын үстүнө келип турду.

19Ошондо керуптар канаттарын көтөрүп, менин көз алдымда жерден көтөрүлүштү. Алар жөнөгөндө, дөңгөлөктөр да алардын жанында болду. Алар Теңир үйүнүн чыгыш дарбазасынын кире беришине келип турушту, алардын жогору жагында Ысрайыл Кудайынын даңкы турду.

20Булар мен Кебар дарыясынын боюнда Ысрайыл Кудайынын астынан көргөн жаныбарлар эле. Ошондо мен булардын керуптар экенин билдим.

21Ар биринин төрттөн бети, төрттөн канаты, канаттарынын астында адамдын колуна окшош колдору бар эле.

22Алардын беттери мен Кебар дарыясынын жээгинен көргөн керуптардын беттерине окшош эле, көрүнүштөрү да, өздөрү да ошондой эле. Ар бири өзүнүн бет алды жагын карай жүрдү.

>