Жезекиел 11:1-25 KYB2004 - Bible AI

1Анан мени рух көтөрүп, үйдүн чыгышты караган чыгыш дарбазасына алып келди. Дарбазанын кире беришинде жыйырма беш киши туруптур. Алардын арасынан эл төрөлөрү Азур уулу Жазания менен Беная уулу Пелатияны көрдүм.

2Ошондо Ал мага мындай деди: «Адам уулу! Булар – мыйзамсыздык кылууну ойлогон, ушул шаарда жаман кеңеш берген адамдар.

3Алар: “Жакында эмес. Yйлөрдү куралы. Шаар – казан, биз болсо этпиз”, – дешет.

4Ошондуктан аларга каршы пайгамбарчылык кыл, адам уулу, пайгамбарчылык кыл».

5Ошондо мага Теңирдин Руху түшүп, мындай деди: «Теңир мындай дейт: “Ысрайыл, силердин эмнени сүйлөп жатканыңарды жана акылыңарга эмне келерин Мен билем.

6Силер бул шаарда көп адамдарды өлтүрдүңөр, анын көчөлөрүн өлүктөргө толтурдуңар”.

7Ошондуктан Кудай-Теңир мындай дейт: “Силер бул шаарда өлтүргөн өлүктөр – эт, шаар болсо – казан. Бирок Мен силерди анын ичинен чыгарам.

8Силер кылычтан коркосуңар, ошон үчүн Мен силерге каршы кылыч жиберем, – дейт Кудай-Теңир.

9Мен силерди анын ичинен чыгарып, башкалардын колуна салып берем, ошентип, силерди жазалайм.

10Кылычтан өлөсүңөр. Силерди Ысрайыл жеринде жазалайм, ошондо Менин Теңир экенимди билесиңер.

11Ал шаар силер үчүн казан болбойт, силер анын ичиндеги эт болбойсуңар. Силерди Ысрайыл жеринде жазалайм.

12Ошондо Менин Теңир экенимди билесиңер, анткени силер Менин буйруктарым боюнча жүргөн жоксуңар, Менин мыйзамдарымды аткарган жоксуңар, тескерисинче, тегерегиңердеги элдердин мыйзамдары боюнча жүрдүңөр”».

13Мындай болду: мен пайгамбарчылык кылып жатканда, Беная уулу Пелатия өлдү. Ошондо мен жүзтөмөндөп жыгылып, катуу өкүрүп: «Оо Кудай-Теңир! Чын эле, Сен Ысрайылдын калдыгын акырына чейин кыргың келип жатабы?» – дедим.

14Ошондо мага Теңирден сөз болду:

15«Адам уулу! Иерусалим тургундары бир туугандарыңа, кандаш бир туугандарыңа жана бүт Ысрайылга, алардын баарына: “Теңирден алыс жашагыла. Бул жер бизге ээлик кылууга берилген”, – деп жатышат.

16Буга мындай де: Кудай-Теңир мындай дейт: “Мен аларды элдердин арасына кууп жибергениме карабастан, аларды жер-жерлерге чачыратып жибергениме карабастан, алар барган жерлерде Мен алар үчүн анча чоң эмес ыйык жай болом”.

17Ошондуктан айт: Кудай-Теңир мындай дейт: “Мен силерди элдердин арасынан чогултам, кайсы жерлерде чачылып жүрсөңөр, ошол жерлерден силерди кайра алып келем. Силерге Ысрайыл жерин берем”.

18Алар ал жерге келип, анын ичинен анын бардык жийиркеничтерин, анын бардык ыпыластыктарын жок кылышат.

19Аларга бир жүрөк берем, алардын ичине жаңы рух салам, алардын денесинен таш жүрөгүн алып, аларга эт жүрөк берем.

20Ошондо алар Менин буйруктарым боюнча жүрүшөт, мыйзамдарымды сакташат, аларды аткарышат жана Менин элим болушат, Мен болсо алардын Кудайы болом.

21Ал эми кимдин жүрөгү өзүнүн жийиркеничтерине жана ыпыластыктарына кызыгып, ошолордун артынан түшө турган болсо, анда аларды өздөрүнүн жолдоруна жараша жазалайм, – дейт Кудай-Теңир».

22Ошондо керуптар өз канаттарын көтөрдү, алардын жанындагы дөңгөлөктөр да көтөрүлдү. Алардын жогору жагындагы Ысрайыл Кудайынын даңкы да көтөрүлдү.

23Ошентип, Теңирдин даңкы шаардын ортосунан көтөрүлүп, шаардын чыгыш жагындагы тоонун үстүнө токтоду.

24Анан мени рух көтөрүп, Кудайдын Руху көргөзгөн көрүнүштө Каздимге, көчүрүлүп кеткендерге алып келди. Анан мен көргөн көрүнүш мени таштап кетти.

25Ошондо мен Теңирдин мага ачып берген бардык сөзүн көчүрүлүп кеткендерге айтып бердим.

>