1Анан мага Теңирден сөз болду:
2«Адам уулу! Сен козголоңчул тукумдун арасында жашап жатасың. Алардын көрө турган көзү бар, бирок көрүшпөйт, алардын уга турган кулагы бар, бирок угушпайт, себеби алар – козголоңчул тукум.
3Ал эми сен, адам уулу, көчүүгө керектүү нерселериңди даярда, анан алардын көз алдында күндүз көчүп кет, алардын көз алдында өзүң турган жерден башка жерге көчүп кет. Алар козголоңчул тукум болгонуна карабастан, балким, түшүнүшөр.
4Өзүңдүн буюмдарыңды көчүүгө керектүү буюмдар катары алардын көз алдында күндүз алып чык, өзүң да көчүп бараткандай болуп, алардын көз алдында кечинде чык.
5Алардын көз алдында дубалды теш, буюмдарыңды ошол тешик аркылуу алып чык.
6Алардын көз алдында жүгүңдү ийиниңе салып, аны караңгыда алып чык, жерди көрбөш үчүн, жүзүңдү жаап ал, анткени Мен сени Ысрайылга белги катары койдум».
7Ошондо мага кандай буйрук берилсе, мен ошондой кылдым: буюмдарымды көчүүгө керектүү буюмдар катары күндүз алып чыктым, кечинде болсо дубалды колум менен тешип, караңгыда жүктү алып чыгып, алардын көз алдында ийиниме салдым.
8Эртең менен мага Теңирден сөз болду:
9«Адам уулу! Козголоңчул Ысрайыл сенден: “Эмне кылып жатасың?” – деп сураган жокпу?
10Аларга айт: Кудай-Теңир мындай дейт де: “Бул пайгамбарчылык Иерусалимдеги башкаруучуга жана ал жерде жашаган бүт Ысрайылга тиешелүү”.
11Айт: “Мен силер үчүн жышаанмын. Мен эмне кылсам, аларга ошондой болот, алар көчүрүлөт, туткунга кетет”.
12Алардын арасындагы башчы жүгүн ийинине салып, караңгыда чыгат. Аны дубал аркылуу жөнөтүш үчүн, дубалды тешишет. Ал бул жерди көрбөш үчүн, жүзүн жаап алат.
13Мен ага торумду жаям, ал Менин торума түшөт, Мен аны Бабылга, Каздим жерине, алып келем, бирок ал аны көрбөйт, ошол жерде өлөт.
14Ал эми анын тегерегиндеги жактоочуларын жана бүт аскерин туш тарапка сапырып жиберем, анан алардын артынан кылычты кынынан сууруйм.
15Мен аларды элдердин арасына чачып жибергенде, жер-жерлерге сапырып жибергенде, алар Менин Теңир экенимди билишет.
16Алар кайсы элдердин арасына барышса, ошол элдердин арасында өздөрүнүн бардык жийиркеничтери жөнүндө айтып беришсин үчүн, Мен алардын ичинен бир аз сандагы адамдарды кылычтан, ачарчылыктан жана жугуштуу оорудан сактап калам. Ошондо алар Менин Теңир экенимди билишет».
17Анан мага Теңирден сөз болду:
18«Адам уулу! Наныңды титиреп же, сууңду калтырап жана кайгырып ич.
19Анан бул жердин элине айт: Кудай-Теңир Иерусалимдин тургундары жөнүндө, Ысрайыл жери жөнүндө мындай дейт де: Алар өз нанын кайгы менен жешет, өз суусун сарсанаа болуп ичишет, анткени алардын жери анда жашагандардын кыянат иштери үчүн бардык молчулуктан ажырайт.
20Эл отурукташкан шаарлар бүлгүнгө учурап, жер ээн калат, ошондо силер Менин Теңир экенимди билесиңер».
21Анан мага Теңирден сөз болду:
22«Адам уулу! Силердин Ысрайыл жеринде: “Көп күндөр өтөт, анан ар кандай пайгамбарчылык жок болот”, – деп айтып жүргөн макалыңар эмне деген макал?
23Ошондуктан аларга айт: Кудай-Теңир мындай дейт: “Бул макалды жок кылам, ошондон кийин Ысрайылда мындай макал айтышпайт, бирок аларга айт: «Ал күндөрдүн келерине жана ар бир пайгамбарчылыктын аткарыларына аз калды»”.
24Анткени Ысрайылда мындан ары эч кандай жалган көрүнүш жана жалган пайгамбарчылык болбойт.
25Анткени Мен Теңирмин, Мен айтып жатам, Мен айткан сөз аткарылат, кийинкиге калтырылбайт. Силердин күндөрүңөрдө, козголоңчул тукум, Мен эмнени айтсам, ошону аткарам», – дейт Кудай-Теңир.
26Анан мага Теңирден сөз болду:
27«Адам уулу! Ысрайыл мындай деп жатат: “Ал көргөн пайгамбарчылык көрүнүш көп күндөрдөн кийин аткарылат, ал алыскы мезгилдер жөнүндө пайгамбарчылык кылып жатат”.
28Ошондуктан аларга айт: Кудай-Теңир мындай дейт: “Мындан ары Менин сөзүмдүн бири да кийинки мөөнөткө калтырылбайт. Бирок Мен айткан сөз аткарылат”», – дейт Кудай-Теңир.