Жезекиел 14:1-23 KYB2004 - Bible AI

1Ысрайыл аксакалдарынан бир нече киши келип, менин бет алдыма отурушту.

2Ошондо мага Теңирден сөз болду:

3«Адам уулу! Бул адамдар өз жүрөгүнө жасалма кудайлардын кирүүсүнө жол беришти, өздөрүнүн алдына өздөрүнүн күнөөсүнүн азгырыгын коюп алышты: Мен аларга жооп бере аламбы?

4Ошондуктан алар менен сүйлөшүп мындай деп айт: Кудай-Теңир мындай дейт де: “Эгерде Ысрайылдан ким өз жүрөгүнө жасалма кудайлардын кирүүсүнө жол берсе, өзүнүн алдына өзүнүн күнөөсүнүн азгырыгын коюп алса, анан пайгамбарга келсе, анда Мен, Теңир, ага жасалма кудайларынын көптүгүнө жараша жооп берем”.

5Ысрайыл өзүнүн жасалма кудайларынан улам Мен үчүн жат болуп калганын өз жүрөгүндө түшүнсүн.

6Ошондуктан Ысрайылга айт: Кудай-Теңир мындай дейт: “Кайрылгыла, жасалма кудайларыңардан баш тарткыла, жүзүңөрдү өзүңөрдүн бардык жийиркеничтериңерден бургула”.

7Анткени Ысрайыл тукумунан болобу же Ысрайылда жашап жаткан келгиндерден болобу, ким Менден баш тартып, өз жүрөгүнө жасалма кудайлардын кирүүсүнө жол берсе, өзүнүн алдына өзүнүн күнөөсүнүн азгырыгын коюп алса, анан пайгамбарга келип, ал аркылуу Менден сураса, анда Мен, Теңир, ага Өзүм жооп берем.

8Мен ал адамга каршы Өз жүзүмдү бурам, аны жышаан жана лакап кылам, аны Өз элимдин ичинен жок кылам, ошондо силер Менин Теңир экенимди билесиңер.

9А эгерде пайгамбар азгырылып, ал Мен, Теңир, ага үйрөтүп койгонсуп сөз айтса, анда Мен ага каршы Өз колумду сунуп, аны Өз элим Ысрайылдын арасынан жок кылам.

10Ошентип, алар өздөрүнүн мыйзамсыздыгынын айыбын тартышат. Сурагандын айыбы кандай болсо, пайгамбардын айыбы да ошондой болот.

11Ысрайыл мындан ары Менден бурулбашы үчүн, өзүн ар кандай мыйзамсыздыктары менен булгабашы үчүн, тескерисинче, Менин элим болуп, Мен болсо анын Кудайы болушум үчүн ошондой болот, – дейт Кудай-Теңир».

12Анан мага Теңирден сөз болду:

13«Адам уулу! Кайсы бир жер Менден жүзү каралык менен баш тартып, Менин алдымда күнөө кылса, Мен Өз колумду ага каршы сунуп, анын нан булагын жок кылсам, ага ачарчылык жиберсем, ал жердин элин жана малын кырсам,

14эгерде ал жерде бул үч адам: Нух, Даниел жана Аюб болсо, анда алар өздөрүнүн адилеттиги менен өз жандарын гана сактап калышмак, – дейт Кудай-Теңир.

15Же эгерде Мен ал жерге катаал жырткыч айбандарды жиберсем, алар жерди жетим калтырса, ал жер жырткычтардын айынан эч ким өтпөгөн чөлгө айланса,

16ал жерде бул үч адам болсо да, – Мен тирүүмүн, – дейт Кудай-Теңир, – алар уулдарды да, кыздарды да куткара алышмак эмес, алар өздөрү гана куткарылышмак, жер болсо чөлгө айланмак.

17Же эгерде Мен ал жерге кылыч жиберип: “Кылыч, бул жерди аралап чык!” – десем, кылыч ал жердин адамдарын жана малын кыра баштаса,

18ал жерде бул үч адам болсо да, – Мен тирүүмүн, – дейт Кудай-Теңир, – алар уулдарды да, кыздарды да куткара алышмак эмес, алар өздөрү гана куткарылышмак.

19Же эгерде Мен ал жерге жугуштуу оору жиберсем, ал жердеги адамдарды жана малды кырыш үчүн, ал жерге кан төгүү менен каарымды төксөм,

20ал жерде Нух, Даниел жана Аюб болсо да, – Мен тирүүмүн, – дейт Кудай-Теңир, – алар уулдарды да, кыздарды да куткара алышмак эмес, алар өздөрүнүн адилеттиги менен өз жандарын гана сактап калышмак».

21Анткени Кудай-Теңир мындай дейт: «Мен Иерусалимдин адамдары менен малын кырыш үчүн, ага Өзүмдүн төрт оор жазамды – кылыч менен ачкачылыкты, катаал жырткыч айбандар менен жугуштуу ооруну жиберсем да,

22ошондо да ал жерде анын ичинен алып чыгарылган уулдар менен кыздардан турган калдык калат. Алар силерди тосуп чыгышат, силер алардын жүрүм-турумун жана иштерин көрүп, Менин Иерусалимге каптаткан алааматымдан, Мен ага каршы эмне каптатсам, ошонун баарынан соороносуңар.

23Силер алардын жүрүм-туруму менен иштерин көрүп соороносуңар. Ошондо силер Мен анын ичинде эмне жасасам, ошонун бардыгын бекер жасабаганымды билесиңер», – дейт Кудай-Теңир.

>