Жезекиел 15:1-8 KYB2004 - Bible AI

1Анан мага Теңирден сөз болду:

2«Адам уулу! Жүзүм сабагынын жыгачы ар кандай башка жыгачтардын алдында кандай артыкчылыкка ээ? Жүзүм сабагынын бутактары токойдогу дарактардын арасында кандай артыкчылыкка ээ?

3Андан кандайдыр бир буюм жасаганга болобу? Кандайдыр бир буюм илиш үчүн андан, жок дегенде, илгич жасоого болобу?

4Ал отко жем болот. Анын эки четин от жалмады, анын ортосу да күйүп кетти. Андан кандайдыр бир буюм жасоого болобу?

5Бүтүн кезинде эле ал буюм жасаганга жараксыз эле. От жалмап салгандан кийин, күйүп калгандан кийин, ал кандайдыр бир буюм жасаганга жарамак беле?»

6Ошондуктан Кудай-Теңир мындай дейт: «Мен токой дарактарынын арасындагы жүзүм сабагынын жыгачын отко жем кылгандай, Иерусалимдин тургундарын да отко жем кылам.

7Мен Өз жүзүмдү аларга каршы бурам. Алар бир оттон чыгышса, башка от жалмайт. Мен Өз жүзүмдү аларга каршы бурганда, Менин Теңир экенимди билесиңер.

8Алар ишенимсиздик кылышканы үчүн, Мен бул жерди чөлгө айлантам», – дейт Кудай-Теңир.