Жезекиел 16:1 KYB2004 - Bible AI

1Анан мага Теңирден сөз болду:

2«Адам уулу! Иерусалимге өзүнүн жийиркеничтүү иштерин айт,

3ага мындай де: Кудай-Теңир Иерусалимге мындай дейт: “Сенин тамырың жана ата мекениң Канаан жеринде, атаң – аморлук, энең – хеттик.

4Сенин төрөлүшүң мындай: сен төрөлгөн күнү киндигиңди кесишкен эмес, сени тазалаш үчүн суу менен жуушкан эмес, туздалган эмессиң, жалаякка оролгон эмессиң.

5Сага боорукердик кылып, ушулардын ичинен, жок дегенде, бирин кылыш үчүн, эч кимдин көзү сени аяган жок. Сен төрөлгөн күнү талаага ташталгансың, анткени жек көрүндү болгонсуң.

6Ошондо Мен сенин жаныңдан өтүп бара жатып, сенин тепсендиге ташталып, канга чулганып жатканыңды көрүп, сага мындай дедим: «Канга чулганып жатканыңа карабастан, жаша!» Ооба, Мен сага: «Канга чулганып жатканыңа карабастан, жаша!» – дедим.

7Сени талаа өсүмдүктөрүндөй кылып көбөйттүм. Сен өстүң, чоңойдуң, эң сонун сулуулукка жеттиң: көкүрөгүң чыкты, чачың өстү, бирок сен жабуусуз, жылаңач элең.

8Ошондо Мен сенин жаныңдан өтүп бара жатып, сени көрдүм: мына, ошол убак сенин убагың эле, сени сүйө турган убак эле. Мен сенин үстүңө кийимимдин этегин жайып, сенин жылаңачтыгыңды жаптым. Сага убада берип, сени менен келишим түздүм, – дейт Кудай-Теңир, – ошентип, сен Меники болуп калдың.

9Мен сени суу менен жуудум, каныңды жууп салдым, анан сени зайтун майы менен майладым.

10Үстүңө саймалуу көйнөк, бутуңа сактыян бут кийим кийгиздим, белиңди ак мата менен курчадым, сага жибек жабуу жаптым.

11Сени жасалгалар менен жасалгаладым, колдоруңа билерик салдым, мойнуңа мончок тактым.

12Мурдуңа шакек салдым, кулагыңа сөйкө тактым, башыңа эң сонун таажы кийгиздим.

13Ошентип, сен алтын-күмүш менен жасалгаландың, кийимиң ак матадан, жибектен жана саймалуу кездемеден болду. Сен эң жакшы буудай унунан жасалган нан менен, бал жана зайтун майы менен азыктанчу элең, ашкан сулуу элең жана падышачылык даңкка жеттиң эле.

14Сулуулугуң менен элдердин арасында атагың чыкты, анткени Мен сага кийгизген эң сонун кийим сулуулугуңду арттырып, кемчиликсиз кылган эле, – дейт Кудай-Теңир.

15Бирок сен сулуулугуңа таяндың, атак-даңкыңдан пайдаланып, бузуктук кыла баштадың, жаныңдан өткөн ар ким менен бузуктук кылдың.

16Анан өзүңдүн кийимдериңден алып, түркүн түстүү бутканаларды жасадың, ошол жерлерде бузуктук кылдың, буга чейин мындай болгон эмес, мындан кийин да болбойт.

17Мен берген алтындан жана күмүштөн жасалган өзүңдүн кооз буюмдарыңдан алып, өзүңө эркек сөлөкөттөрүн жасап, алар менен бузуктук кылдың.

18Өзүңдүн гүлдүү көйнөгүңдү алып, аларга кийгизип, алардын алдына Менин зайтун майымды, Менин жыпар жыттуу затымды койдуң.

19Мен берген нанды, сени азыктандырган буудай унун, зайтун майын жана балды алардын алдына жыпар жыттуу зат кылып койдуң. Ушундай да болгон, – дейт Кудай-Теңир.

20Мага төрөп берген уулдарыңды, кыздарыңды жем кылып курмандыкка чалдың. Сага өзүңдүн бузуктук кылганың аздык кылдыбы?

21Бирок сен Менин уулдарымды да мууздап, аларга берип, курмандыкка өрттөдүң.

22Сен өзүңдүн бардык жийиркеничтүү иштериңди, бузуктугуңду кылып жатканда, жаш кезиңде жылаңач, жабуусуз болуп, тепсендиге ыргытылып, канга чулганып жатканыңды эстеген жоксуң.

23Бардык кыянат иштериңден кийин, сага кайгы, кайгы! – дейт Кудай-Теңир.

24Сен өзүңө бузуктук бутканаларын курдуң, ар кайсы аянтка бутканаларды жасадың.

25Ар кайсы жолдун башына өзүңө бутканаларды куруп, сулуулугуңду маскаралап, жаныңдан өткөн ар кимге буттарыңды ачтың, ошентип, бузуктугуңду арттырдың.

26Узун бойлуу кошунаң – Мисир уулдары менен бузуктук кылдың, Мени каардантып, бузуктугуңду арттырдың.

27Ошондуктан Мен Өз колумду сага каршы сундум жана сага деп белгиленгенди азайттым. Сени жек көргөн, сенин бузулган жүрүм-турумуңдан уялган Пелишти кыздарынын сага зомбулук кылуусуна жол бердим.

28Сен Ашур уулдары менен бузуктук кылдың, бирок ага да тойгон жоксуң, алар менен бузуктук кылдың, бирок ага да канааттанган жоксуң.

29Бузуктугуңду Канаан жеринен Каздимге чейин арттырдың, бирок ага да канааттанган жоксуң.

30Эгерде сен ушунун баарын тыюу салынбаган бузулган аялдай болуп жасаган болсоң, анда алсырап бүтсөң керек! – дейт Кудай-Теңир.

31Сен ар кайсы жолдун башына бузуктук бутканаларын куруп жатканда, ар кайсы аянтка бутканаларды жасап жатканда, сен бузулган аялдай эмес элең, анткени сен белектерди четке какчусуң.

32Бирок сен өзүнүн күйөөсүнүн ордуна башка эркектерди кабыл алып ойноштук кылган аялдай болчусуң.

33Бузулган аялдардын баарына белек беришет, сен болсо өзүңдүн бүт ойношторуңа белектерди өзүң берчүсүң, сен аларды ар тараптан келип, өзүң менен ойноштук кылыш үчүн сатып алчусуң.

34Сенин бузуктук кылганың аялдардыкынан башкача: алар сенин аркаңдан чуркашчу эмес, белектерди сен берчүсүң, сага болсо белек беришчү эмес. Ошондуктан сен башкалардан айырмаланып, тетирисинче кылчусуң.

35Ошондуктан, бузулган аял, Теңирдин сөзүн ук!

36Кудай-Теңир мындай дейт: “Сен өз акчаңды ушинтип чачканың үчүн, бузуктук кылып, ойношторуңдун алдында, өзүңдүн жийиркеничтүү жасалма кудайларыңдын алдында жылаңачтыгың ачылганы үчүн жана аларга берген өз уулдарыңдын каны үчүн,

37мына ошон үчүн Мен сен ыракаттанган, өзүң сүйгөн ойношторуңдун баарын, сен өзүң жек көргөндөрдүн баарын чогултам. Мен аларды сага каршы ар тараптан чогултуп келип, алардын алдында жылаңачтыгыңды ачам, ошондо алар сенин бүт маскаралыгыңды көрүшөт.

38Мен сени ойноштук кылгандарды жана кан төккөндөрдү жазалагандай жазалайм, сени каарым менен, кызганчаактыгым менен өлүм жазасына тартам.

39Сени алардын колуна салып берем, ошондо алар сенин бузуктук бутканаларыңды кыйратышат, сенин бутканаларыңды уратышат, үстүңдөгү кийимиңди сыйрып алышат, жасалгаларыңды жулуп алышат, өзүңдү жылаңач, жабуусуз калтырышат.

40Сага топ элди каршы көтөрүшөт, сени таш бараңга алышат, кылычтары менен бөлө чабышат.

41Сенин үйлөрүңдү өрттөшөт, сени көптөгөн аялдардын көз алдында жазалашат. Ошентип, сенин бузуктугуңду токтотом, ошондон кийин белек бербей каласың.

42Ошентип, Өзүмдүн сага болгон каарымды кандырам, Менин кызганчаактыгым сенден четтейт, ошондо тынчтанам, ошондон кийин ачууланбайм.

43Сен өзүңдүн жаш күндөрүңдү эстебегениң үчүн, Мени ушулардын бардыгы менен кыжырлантканың үчүн, Мен да сени өзүңдүн жолдоруңа жараша жазалайм, – дейт Кудай-Теңир. – Сен ушундай жийиркеничтүү иштерди кылгандан кийин, андан ары да бузуктукка берилбешиң үчүн ошентем.

44Мисал менен сүйлөгөн ар ким сен жөнүндө: «Энеси кандай болсо, кызы да ошондой», – деп айта алат.

45Сен өз күйөөсүн жана балдарын таштап кеткен энеңе окшошсуң, сен өз күйөөлөрүн жана балдарын таштап кеткен эжелериңе окшошсуң. Силердин энеңер – хеттик, атаңар – аморлук.

46Сенин улуу эжең – сенин сол тарабыңда кыздары менен жашаган Самария, сиңдиң болсо – сенин оң тарабыңда кыздары менен жашаган Содом.

47Бирок сен алардын жолдору менен да жүргөн жоксуң, алардын жийиркеничтүү иштерин да кылган жоксуң, ал сага аздык кылды: сен өзүңдүн бүт жолдоруңда алардан өтүп бузуктук кылдың.

48Мен тирүүмүн, – дейт Кудай-Теңир. – Сенин сиңдиң Содом өзү да, анын кыздары да сен кылганды жана сенин кыздарың кылганды кылышкан жок.

49Сиңдиң Содомдун жана анын кыздарынын мыйзамсыздыгы бул: текебердик, ашыра тоюу жана бекерчилик. Алар кедейлерге жана жакырларга жардам беришкен эмес.

50Алар текеберденишти, Менин алдымда жийиркеничтүү иштерди кылышты. Муну көрүп, Мен аларды четке кактым.

51Самария сен кылган күнөөлөрдүн жарымын да кылган жок. Сен өзүңдүн жийиркеничтүү иштериң менен алардан ашып түштүң, ушундай жийиркеничтүү иштерди кылган сага караганда эжең менен сиңдиң адилирээк болуп чыкты.

52Эми сен да өзүңдүн маскаралыгыңды көтөр, сен өзүңдүн эжең менен сиңдиңди айыптачу элең. Сен өзүңдү күнөөлөрүң менен алардан да артык маскара кылдың, алар сага караганда адилирээк. Уяттан сен да кызар, эжең менен сиңдиңди актап, өз маскаралыгыңды көтөр.

53Бирок Мен алардын туткундалып кеткен элин, Содомдун туткундалып кеткен элин жана анын кыздарын, Самариянын туткундалып кеткен элин жана анын кыздарын, алардын арасындагы сенин туткундалып кеткен элиңди кайра алып келем.

54Ошондо сен өз маскаралыгыңды көтөрөсүң, алардын көңүлүн көтөрүп кылган бардык иштериң үчүн уяласың.

55Сиңдиң Содом да, анын кыздары да өздөрүнүн мурунку абалына келишет. Эжең Самария да, анын кыздары да өздөрүнүн мурунку абалына келишет. Сен да, кыздарың да өзүңөрдүн мурунку абалыңарга келесиңер.

56Текеберденип жүргөн күндөрүңдө өзүңдүн сиңдиң Содом жөнүндө оозуңа да алган эмессиң.

57Ошол убакта сенин бузуктугуң Сирия кыздарынан жана аны курчап тургандардан, сени туш тараптан жек көрүү менен карап турган Пелишти кыздарынан маскара болгон убактагыдай ачылган эмес.

58Сен өзүңдүн бузуктугуң үчүн, жийиркеничтүү нерселериң үчүн азап тартып жатасың”», – дейт Теңир.

59Анткени Кудай-Теңир мындай дейт: «Сен кандай кылсаң, Мен сага ошондой кылам. Сен келишимди буздуң, убаданы жек көрдүң.

60Бирок Мен сенин жаш чагыңда сени менен түзгөн Өз келишимимди эстеп, сени менен түзгөн түбөлүк келишимимди калыбына келтирем.

61Эжең менен сиңдиңди кабыл алганда, өзүңдүн жолдоруң жөнүндө эстеп уяласың. Аларды Мен сага кыз кылып берем, бирок сени менен түзгөн келишим боюнча эмес.

62Мен сенин кылгандарыңдын баарын кечиргенимде, эстеп уялышың үчүн, уялганыңдан оозуңду ачпашың үчүн, Өзүмдүн сени менен түзгөн келишимимди калыбына келтирем, ошондо сен Менин Теңир экенимди билесиң», – дейт Кудай-Теңир.

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
div>