Жезекиел 17:1-24 KYB2004 - Bible AI

1Анан мага Теңирден сөз болду:

2«Адам уулу! Ысрайылга табышмак айт, бир мисал келтир.

3Аларга мындай де: Кудай-Теңир мындай дейт: “Канаттары чоң жана узун, жүнү коюу жана түркүн түстүү бир чоң бүркүт Лебанонго учуп келип, кедр дарагынын учунан үзүп алды.

4Ал анын жаш бутактарынын жогорку учунан үзүп алып, аны Канаан жерине алып келип, соодагерлер шаарына койду.

5Анан ошол жердин уругунан алып, түшүмдүү талаага отургузду, тал отургузгандай, чоң суунун боюна отургузду.

6Ал өсүп, бою жапыз, жайылган жүзүм сабагы болду. Анын бутактары аны көздөй ийилип турду, тамырлары анын астында эле. Ошентип, ал жүзүм сабагы болду, жаш бутактары чыгып, бутак жайды.

7Канаттары чоң, жүнү коюу дагы бир бүркүт бар эле. Бүркүт өзүнүн бак-дарактарынын жөөктөрүнөн сугарып турушу үчүн, бул жүзүм сабагы өз тамырлары менен ага тартылып, ага өзүнүн бутактарын жайды.

8Ал бутактарын жайып, жемиш бериш үчүн, эң сонун жүзүм сабагы болуш үчүн, жакшы талаага, чоң суунун боюна отургузулган эле”.

9Аларга мындай де: Кудай-Теңир мындай дейт: “Ал ийгиликке жетеби? Анын тамырларын жулуп салышпайбы? Анын жемиштерин үзүп алышпайбы? Ошондо ал куурап калбайбы? Андан өсүп чыккан жаш бутактардын баары куурап калат. Аны көп күч жумшабай эле, көп кишинин жардамысыз эле түп-тамыры менен жулуп салышат.

10Ал отургузулду, бирок ийгилик болобу? Ал чыгыш шамалы согору менен куурап калбайбы? Ал өзү өскөн жөөктө куурап калат”».

11Анан мага Теңирден сөз болду:

12«Козголоңчул тукумга мындай де: “Мунун мааниси эмнеде экенин билбейсиңерби?” Аларга мындай де: “Бабыл падышасы Иерусалимге келип, анын падышасы менен төрөлөрүн өзүнүн жерине, Бабылга, алып кетти.

13Падыша тукумунан бир кишини алып, аны менен келишим түзүп, андан убада алды. Анан өзү менен кошо ал жердин күчтүүлөрүн алып кетти.

14Падышачылык моюн сунушу үчүн, баш көтөрбөшү үчүн, келишим сакталып, бузулбай турушу үчүн ошентти.

15Бирок ал Мисирге өз элчилерин жиберип, өзүнө ат жана көп адам сурап, Бабыл падышасына каршы чыкты. Ал ийгиликке жетеби? Муну кылган адам өзү тирүү калабы? Ал келишимди бузду, эми ал тирүү калабы?

16Мен тирүүмүн! – дейт Кудай-Теңир. – Өзүн падыша кылып койгон Бабыл падышасынын жеринде ал өзүнүн ага берген антын жек көрүп, аны менен түзгөн келишимин бузду. Ал анын жери, Бабылда өлөт.

17Көп адам өлтүрүлүшү үчүн жал үйүлүп, курчоо мунаралары курулуп калганда, фараон өзүнүн зор күчү менен, көп сандаган эли менен ага бул согушта эч нерсе кыла албайт.

18Келишимди бузуш үчүн, ал өзү берген антты жек көрдү. Ал колун берип, ушунун баарын кылды, эми ал тирүү калбайт”».

19Ошондуктан Кудай-Теңир мындай дейт: «Мен тирүүмүн! Ал жек көргөн Менин антымды, ал бузган Менин келишимимди Мен анын өз башына бурам.

20Ага Өз торумду жаям, ал Менин торума түшөт. Анан аны Бабылга алып келем. Мага ишенимсиз болгондугу үчүн ошол жерде Мен аны менен соттошом.

21Ал эми анын бардык кошуундарынан качкан качкындарынын баары кылычтан өлөт, калгандары болсо туш тарапка сапырылат. Ошондо силер муну Мен, Теңир, айтканымды билесиңер».

22Кудай-Теңир мындай дейт: «Мен бийик кедрдин учунан жаш бутак алып отургузам. Анын жогорку бутактарынан жаш бутак үзүп алып, бийик жана даңктуу тоонун үстүнө отургузам.

23Аны Ысрайылдын бийик тоосуна отургузам, ошондо ал бутак жайып, мөмө берет, эң сонун кедр болот, анын түбүнө ар кыл куштар уялашат, анын бутактарынын көлөкөсүнө ар кыл канаттуулар уялашат.

24Ошондо бардык талаа дарактары Менин Теңир экенимди билишет, Мен бийик даракты жапыз кылам, жапыз даракты бийик кылам, көгөргөн даракты кууратам, куураган даракты гүлдөтөм. Мен Теңирмин, айтканымды аткарам».

>