1Анан мага Теңирден сөз болду:
2«Эмне үчүн силер Ысрайыл жеринде “Ата-бабалар кычкыл жүзүм жешти, ал эми балдардын тиши камалды” деген макалды пайдаланып жатасыңар?
3Мен тирүүмүн! – дейт Кудай-Теңир. – Мындан ары бул макалды Ысрайылда айтышпайт.
4Анткени мына, бүт адамдардын жаны Меники: атанын жаны да, баланын жаны да Меники. Күнөө кылган жан өлөт.
5Ким адилет болсо, акыйкаттык жана адилеттүүлүк боюнча иш кылса,
6бийик жерлерде чалынган курмандыктан жебесе, көзүн Ысрайылдын жасалма кудайларына бурбаса, өз жакынынын аялын булгабаса, аялына таза эместигинен тазаланып жаткан учурда жакындабаса,
7эч кимге кысым көрсөтпөсө, карыздары калтырган күрөөнү кайра берсе, уурулук кылбаса, ачкага өз нанын берсе, жылаңачты кийим менен жапса,
8үстөккө бербесе, ашыгы менен албаса, колун мыйзамсыздык кылуудан тартса, адам менен адамдын ортосундагы талашты адилет чечсе,
9Менин мыйзамдарым менен жүрсө, Менин буйруктарымды чын жүрөктөн сактаса, анда ал – адил адам, ал сөзсүз тирүү болот, – дейт Кудай-Теңир.
10Бирок андан кан төккөн кылмышкер уул төрөлсө, ал атасы кылбаган нерселерди кылса:
11бийик жерлерде чалынган курмандыктан жесе, өз жакынынын аялын булгаса,
12жакыр менен кедейди кысымга алса, зордук менен тартып алса, күрөөгө алган нерсени кайра бербесе, көзүн жасалма кудайларга бурса, жийиркеничтүү нерсе жасаса,
13үстөк алса, ашыгы менен алса, анда ал тирүү калабы? Жок, ал тирүү калбайт. Ушундай жийиркеничтүү иштердин баарын жасаган адам сөзсүз өлөт, анын каны өзүнүн башында.
14Бирок андан уул төрөлсө, ал атасы кылып жаткан күнөөлөрдүн баарын көрүп, анын кылганын кылбаса:
15бийик жерлерде чалынган курмандыктан жебесе, көзүн Ысрайылдын жасалма кудайларына бурбаса, өз жакынынын аялын булгабаса,
16адамды кысымга албаса, күрөө албаса, зордук менен тартып албаса, ачкага өз нанын берсе, жылаңачты кийим менен жапса,
17кедейди ыза кылуудан колун тартса, үстөк албаса, ашыгы менен албаса, Менин буйруктарымды аткарса, Менин мыйзамдарым менен жүрсө, анда ал атасынын мыйзамсыздыгы үчүн өлбөйт, ал тирүү болот.
18Ал эми анын атасы өз бир тууганын катуу кысымга алганы үчүн, тоногону үчүн, өз элинин арасында жаман иштерди кылганы үчүн, мына, ал ошол өз мыйзамсыздыгы үчүн өлөт.
19Бирок силер: “Эмне үчүн уулу өз атасынын айыбын тартпайт?” – дээрсиңер. Уулу мыйзам боюнча жана адилеттик боюнча жүрөт, Менин мыйзамдарымды сактайт, аларды аткарат, ошондуктан ал тирүү болот.
20Күнөө кылган жан өлөт. Уулу атасынын айыбын тартпайт, атасы уулунун айыбын тартпайт, адил адамдын адилдиги өзү менен калат, мыйзамсыздын мыйзамсыздыгы да өзү менен калат.
21Эгерде мыйзамсыз адам өзү кылып жүргөн бардык күнөөлөрүнөн бурулса, Менин мыйзамдарымдын бардыгын сактаса, мыйзам боюнча жана адилеттик боюнча жүрсө, тирүү болот, өлбөйт.
22Анын кылган бардык кылмыштары эске алынбайт, ал өзүнүн адилеттүүлүгү менен тирүү болот.
23Мен мыйзамсыздын өлүмүн каалабайм, – дейт Кудай-Теңир, – тескерисинче, анын өз жолунан бурулуп, тирүү калышын каалайм.
24Эгерде адил адам өз адилдигинен баш тартып, адилетсиздик кыла баштаса, мыйзамсыз адам кылган жийиркеничтүү иштердин баарын кылса, ал тирүү калабы? Анын кылган бардык жакшы иштери эске алынбайт. Ал өзүнүн кылган мыйзамсыздыгы үчүн, өзүнүн кетирген күнөөлөрү үчүн өлөт.
25Бирок силер: “Теңирдин жолу туура эмес!” – деп айтып жатасыңар. Ысрайыл эли, ук! Менин жолум туура эмеспи же силердин жолуңар туура эмеспи?
26Эгер адил адам өз адилдигинен баш тартып, мыйзамсыздык кылса жана ошон үчүн өлсө, анда ал өзүнүн кылган мыйзамсыздыгы үчүн өлөт.
27Эгерде мыйзамсыз адам өзү кылып жүргөн мыйзамсыздыгынан бурулуп, акыйкаттык жана адилеттүүлүк боюнча иш кылса, анда ал өз жанын өмүргө кайрыйт.
28Анткени ал көрүп, өзү кылып жүргөн бардык кылмыштарынан бурулду. Ал тирүү болот, өлбөйт.
29Ысрайыл болсо: “Теңирдин жолу туура эмес!” – деп жатат. Ысрайыл эли, Менин жолум туура эмеспи же силердин жолуңар туура эмеспи?
30Ошондуктан, Ысрайыл эли, Мен силерди, ар бириңерди жолуңарга жараша соттойм, – дейт Кудай-Теңир. – Күнөөңөрдү мойнуңарга алып, Кудайдан кечирим сурагыла, өзүңөрдүн кылмыштарыңар өзүңөргө тоскоол болбош үчүн, кылмыштарыңардан бурулгула.
31Өзүңөр кылып жүргөн күнөөлөрдүн баарынан баш тарткыла, өзүңөргө жаңы жүрөк жана жаңы рух жараткыла. Ысрайыл эли, силерге өлүмдүн кереги эмне?
32Анткени Мен өлүп бара жаткан адамдын өлүмүн каалабайм, – дейт Кудай-Теңир. – Бурулгула, жашагыла!