1Сен болсо Ысрайыл төрөлөрү үчүн ыйла.
2Сен мындай де: “Сенин энең эмне деген ургаачы арстан? Ал арстандардын арасында жатар эле, жаш арстандардын арасында өз күчүктөрүн чоңойтор эле.
3Ал өз күчүктөрүнүн ичинен бирин багып өстүрдү. Ал жаш арстан болду, жем алганды үйрөндү, адамдарды жеди.
4Ал жөнүндө элдер угушту. Ал элдердин оруна түштү, аны чынжыр менен кишендеп, Мисир жерине алып кетишти.
5Жаш арстандын энеси күтүп жатып, үмүтү үзүлгөнүнө көзү жеткенде, өз күчүктөрүнүн ичинен башкасын алып, аны жаш арстан кылып өстүрдү.
6Ал жаш арстан болгон соң, арстандардын арасында жүрүп, жем алганды үйрөнүп, адамдарды жеди.
7Алардын жесир аялдарын булгады, алардын шаарларын кыйратты. Анын айкырыгынан жер да, анын айыл-кыштактары да кыйрады.
8Ошондо анын тегерегиндеги аймактардын элдери ага каршы чыгышып, өздөрүнүн торун жайышты. Ал алардын оруна түштү.
9Аны чынжыр менен кишендеп, капаска салып, Бабыл падышасына алып кетишти. Мындан ары Ысрайыл тоолорунда анын үнү угулбаш үчүн, аны сепилге алып кетишти.
10Сенин энең суу жээгине отургузулган жүзүм сабагындай эле. Суунун молдугунан ал бутактуу да, жемиштүү да эле.
11Бийлөөчүлөрдүн бийлик таягы үчүн анын катуу бутактары бар эле. Анын сөңгөгү калың бутактарынын арасынан бийик көтөрүлдү, ал өзүнүн көп сандаган бутактары менен бийик болуп көрүнүп турду.
12Бирок ал каар менен жулунуп, жерге ыргытылды, анын жемишин чыгыш шамалы кургатты. Анын катуу бутактары жулунуп, куурап калды, аларды от жалмады.
13Эми болсо ал чөлгө, какшып калган, суусуз жерге отургузулду.
14Анын бутактарынын сөңгөгүнөн от чыгып, өзүнүн жемиштерин жалмады, анда бийлөөчүнүн бийлик таягы үчүн катуу бутак калбай калды. Бул – муңдуу ыр, ал ый үчүн калат».