1Теңирдин даңкына окшогон көрүнүш ушундай эле. Мен муну көргөндө, жүзтөмөндөп жерге жыгылдым, ошондо Сүйлөп Жаткандын үнүн уктум, Ал мага: «Адам уулу! Тур, Мен сени менен сүйлөшөм», – деди.
2Ал сүйлөп жатканда, мага рух кирип, мени өйдө тургузду, ошондо мен Сүйлөп Жатканды уктум.
3Ал мага мындай деди: «Адам уулу! Мен сени Ысрайыл уулдарына, Мага каршы чыккан, баш ийбеген адамдарга, жиберип жатам. Алар да, алардын ата-бабалары да ушул күнгө чейин Менин алдымда күнөө кылып келе жатышат.
4Бул уулдар көк бет, жүрөктөрү таш, Мен сени ошолорго жиберип жатам, сен аларга: “Кудай-Теңир мындай дейт!” – деп айтасың.
5Алар угабы же укпайбы, (анткени алар – козголоңчул тукум), бирок өздөрүнүн арасында пайгамбар болгонун билишсин.
6Сен болсо, адам уулу, алардан да, алардын сөздөрүнөн да коркпо. Эгерде алар сен үчүн тикенек болсо да, сен чаяндар арасында жашасаң да, алардын сөздөрүнөн коркпо, алардын жүздөрүнөн үрөйүң учпасын, анткени алар – козголоңчул тукум.
7Алар угабы же укпайбы, аларга Менин сөзүмдү айт, анткени алар – өжөр эл.
8Сен болсо, адам уулу, Мен сага эмнени айтсам, ошону ук: Сен бул козголоңчул тукумга окшоп өжөр болбо. Оозуңду ачып, Мен сага эмнени берсем, ошону же».
9Ошондо мага сунулган колду көрдүм, ал колдо түрмөк китеп бар экен.
10Ал аны менин алдымда ачты, китептин ичи да, сырты да жазылуу экен, ал китепте: «Ый, онтоо, кайгы», – деп жазылыптыр.