1Жетинчи жылы, бешинчи айдын онунчу күнү Ысрайыл аксакалдарынын ичинен бир нече киши Теңирдин эркин сураганы келишип, менин бет алдыма отурушту.
2Ошондо мага Теңирден сөз болду:
3«Адам уулу! Ысрайыл аксакалдары менен сүйлөш, аларга айт: Кудай-Теңир мындай дейт: “Силер Менин эркимди сураганы келдиңерби? Мен тирүүмүн, силерге жооп бербейм”, – дейт Кудай-Теңир.
4Адам уулу, алар менен соттошкуң келеби? Алар менен соттошкуң келеби? Аларга ата-бабаларынын жийиркеничтүү иштерин айт.
5Аларга мындай де: Кудай-Теңир мындай дейт: “Мен Ысрайылды тандап алган күнү Өз колумду көтөрүп, Жакып тукумуна ант бердим. Аларга Мисир жеринде ачылып бердим, колумду көтөрүп, аларга: «Мен силердин Кудай-Теңириңермин!» – дедим.
6Ошол күнү Мен колумду көтөрүп, аларды Мисир жеринен алып чыгып, алар үчүн караштырган, жердин асылы болгон, бал менен сүт аккан жерге алып барам деп ант бердим.
7Мен аларга: «Ар бириңер көз алдыңарда турган жийиркеничтерди четке каккыла, өзүңөрдү Мисирдин жасалма кудайлары менен булгабагыла. Мен силердин Кудай-Теңириңермин!» – дедим.
8Бирок алар Мага каршы козголоң чыгарышып, Мени уккулары келген жок. Эч ким көз алдында турган жийиркеничтерден баш тарткан жок, Мисирдин жасалма кудайларын таштаган жок. Ошондо Мен: «Аларга Мен Өз каарымды төгөм, Мисир жеринде аларга каршы Өзүмдүн ачуумду аягына чыгарам», – дедим.
9Бирок Мен Өз ысымым үчүн анткен жокмун. Анткени Ысрайыл уулдары кайсы элдердин арасында жашап жатса, ошол элдердин алдында, аларды Мисир жеринен алып чыгыш үчүн, Өзүмдү аларга кайсы элдердин көз алдында ачып берсем, ошол элдердин алдында Өз ысымым булганбасын дедим.
10Мен аларды Мисир жеринен алып чыгып, чөлгө алып келдим.
11Аларга Өзүмдүн осуяттарымды бердим, Өзүмдүн мыйзамдарымды жарыя кылдым, аларды аткарган адам алар аркылуу тирүү калмак.
12Ошондой эле Мен аларга Өзүмдүн ишембилеримди бердим, аларды Мени менен алардын ортосундагы белги болуш үчүн, аларды ыйык кылган Теңир Мен экенимди билишсин үчүн бердим.
13Бирок Ысрайыл эли чөлдө Мага каршы козголоң чыгарды. Менин осуяттарым боюнча жүрүшкөн жок, Менин мыйзамдарымдан баш тартышты, аларды аткарган адам алар аркылуу тирүү калмак. Менин ишембилеримди ыйык тутушкан жок. Ошондо Мен: «Чөлдө аларды кырыш үчүн, алардын үстүнө Мен Өз каарымды төгөм», – дедим.
14Бирок Мен Өз ысымым үчүн аларды кырган жокмун. Аларды кайсы элдердин көз алдында алып чыксам, ошол элдердин алдында Өзүмдүн ысымыма акарат келбеши үчүн ошенттим.
15Атүгүл, Мен Өз колумду аларга каршы көтөрүп, Өзүм белгилеп койгон, бүт жердин асылы болгон, бал менен сүт аккан жерге аларды киргизбейм деп, чөлдө ант бердим.
16Анткени алар Менин мыйзамдарымдан баш тартышты, Менин осуяттарым боюнча жүрүшкөн жок, Менин ишембилеримди булгашты. Анткени алардын жүрөгү жасалма кудайларга умтулуп калган эле.
17Бирок Менин көзүм аларды аяды, ошондуктан аларды өлтүргөн жокмун, ошондуктан Мен аларды чөлдө таптакыр кырып салган жокмун.
18Ошондо Мен чөлдө алардын уулдарына мындай деп айттым: «Ата-бабаларыңардын каада-салттары менен жүрбөгүлө, алардын көрсөтмөлөрүн аткарбагыла, алардын жасалма кудайлары менен өзүңөрдү булгабагыла.
19Мен силердин Кудай-Теңириңермин: Менин осуяттарым боюнча жүргүлө, Менин мыйзамдарымды сактагыла, аларды аткаргыла.
20Менин ишембилеримди ыйык сактагыла, алар Мени менен силердин ортоңордогу белги болсун, силердин Кудай-Теңириңер Мен экенимди билгиле».
21Бирок уулдары да Мага каршы козголоң чыгарышты: Менин осуяттарым боюнча жүрүшкөн жок, Менин мыйзамдарымды сакташкан жок, аларды аткарган адам тирүү калмак, бирок алар аткарышкан жок, Менин ишембилеримди ыйык тутушкан жок. Ошондо Мен: «Алардын үстүнө Өзүмдүн каарымды төгөм, чөлдө аларга каршы Өзүмдүн ачуумду бүт төгөм», – дедим.
22Бирок Мен колумду тартып, Өз ысымым үчүн, аларды кайсы элдердин көз алдында алып чыксам, ошол элдердин алдында Өзүмдүн ысымыма акарат келбеш үчүн, аларды кырган жокмун.
23Ошондой эле Мен чөлдө Өз колумду көтөрүп, аларды элдердин арасына чачып жиберем, жер-жерлерге таратып жиберем деп ант бердим.
24Анткени алар Менин мыйзамдарымды аткарышкан жок, Менин осуяттарымдан баш тартышты, Менин ишембилеримди ыйык тутушкан жок, алардын көздөрү өз ата-бабаларынын жасалма кудайларына бурулду.
25Ошондо Мен аларга жаман мыйзамдарды, алар аркылуу тирүү калууга болбой турган жаман буйруктарды бердим.
26Алар ар бир тунгуч баласын отко өрттөй башташканда, Мен аларга өздөрүнүн курмандыктары менен булганууга жол бердим, аларды кырыш үчүн ошенттим, Менин Теңир экенимди билишсин дедим”.
27Адам уулу, ошондуктан Ысрайылга айт: Кудай-Теңир мындай дейт: “Ата-бабаларыңар Мага каршы жүзү каралык кылып, дагы мына булар менен Мага акарат келтиришти:
28Мен аларды колумду көтөрүп ант берген жерге алып келдим, алар болсо өздөрүнө ар кандай бийик жерлерди, ар кандай бутактуу дарактарды тандап алышып, ошол жерлерге өздөрүнүн курмандыктарын чала башташты, ошол жерлерге Мени каарданткан курмандыктарын, жыпар жыттуу заттарын коюшту, ошол жерлерде куюлуучу курмандыктарын куюшту.
29Ошондо Мен алардан: «Силер барып жүргөн эмне деген бийик жер?» – деп сурадым. (Анын аты ушул күнгө чейин Бама деп аталат.)”
30Ошондуктан Ысрайылга айт: Кудай-Теңир мындай дейт: “Силер өз ата-бабаларыңарды туурап, өзүңөрдү булгап жаткан жоксуңарбы, алардын жийиркеничтеринин артынан ээрчип, бузуктук кылып жаткан жоксуңарбы?
31Тартууларыңарды алып келип, уулдарыңарды отко өрттөп, жасалма кудайларыңар менен өзүңөрдү ушул күнгө чейин булгап жатасыңар. Ошондон кийин, Ысрайыл эли, Менден сурагыңар келип жатабы? Мен тирүүмүн, силерге жооп бербейм, – дейт Кудай-Теңир.
32Ойлогон оюңар, «Биз бутпарас элдерге, чет жерлик урууларга окшоп, таш менен жыгачка кызмат кылабыз» деген сөзүңөр ордунан чыкпайт.
33Мен тирүүмүн, – дейт Кудай-Теңир, – күчтүү колум менен, сунулган каруу-булчуңум менен, төгүлгөн каарым менен силердин үстүңөрдөн падышачылык кылам.
34Мен силерди кайсы элдердин арасына чачып жиберсем, ошол элдердин арасынан, кайсы өлкөлөргө чачып жиберсем, ошол өлкөлөрдөн алып чыгып, күчтүү колум менен, сунулган каруу-булчуңум менен, төгүлгөн каарым менен чогултам.
35Силерди элдердин чөлүнө алып келем, ошол жерде силер менен бетме-бет соттошом.
36Мисир жериндеги чөлдө Мен силердин ата-бабаларыңар менен кандай соттошсом, силер менен да ошондой соттошом, – дейт Кудай-Теңир.
37Силерди таяк астынан өткөрүп, келишим бирдигине киргизем.
38Силердин араңардан козголоңчуларды жана Мага моюн сунбагандарды бөлөм. Аларды жашап жаткан жеринен чыгарам, бирок алар Ысрайыл жерине киришпейт. Ошондо Менин Теңир экенимди билесиңер.
39Силер болсо, Ысрайыл, – Кудай-Теңир мындай дейт, – эгерде Мени укпасаңар, ар кимиңер өзүңөрдүн жасалма кудайларыңарга баргыла да, ошолорго кызмат кылгыла, мындан кийин Менин ыйык ысымымды өзүңөрдүн курмандыктарыңар менен, жасалма кудайларыңар менен булгабагыла.
40Анткени Менин ыйык тоомдо, Ысрайылдын бийик тоосунда, – дейт Кудай-Теңир, – ошол жерде бүт Ысрайыл, алар жер үстүндө канча болсо, ошонун баары Мага кызмат кылышат, ошол жерде Мен аларды ырайым менен кабыл алам, ошол жерде Мен силердин курмандыктарыңарды, биринчи түшүмүңөрдү ыйык нерселериңер менен кошо талап кылам.
41Силерди элдердин арасынан алып чыккандан кийин, силерди кайсы өлкөлөргө чачып жиберсем, ошол өлкөлөрдөн чогултуп алгандан кийин, силерди жыпар жыттуу зат катары кабыл алам. Силер аркылуу башка элдерге ыйыктыгымды көрсөтөм.
42Мен Өз колумду көтөрүп, ата-бабаларыңарга берем деп ант берген жерге, Ысрайыл жерине, силерди киргизгенде, Менин Теңир экенимди билесиңер.
43Ошол жерде силер өзүңөрдүн жолдоруңарды, силерди булгаган бардык иштериңерди эстейсиңер. Ошондо өзүңөрдүн кыянат иштериңер үчүн өзүңөрдөн өзүңөр жийиркенесиңер.
44Ысрайыл эли, Мен силерге мыйзамсыз жолдоруңарга жараша эмес, бузуку иштериңерге жараша эмес, Өз ысымым үчүн ушундай кылганда, Менин Теңир экенимди билесиңер”», – дейт Кудай-Теңир.
45Ошондо мага Теңирден сөз болду:
46«Адам уулу! Жүзүңдү түштүккө карай буруп, түштүккө каршы сөз айт жана түштүк талаасындагы токойго каршы пайгамбарчылык кыл.
47Түштүк токоюна айт: “Теңирдин сөзүн ук. Кудай-Теңир мындай дейт: «Мен сенин ичиңе от коём, ал сендеги ар кандай көгөргөн даракты да, ар кандай куураган даракты да жалмайт. Алоолонгон от өчпөйт, ал от түштүктөн тартып түндүккө чейин баарын күйгүзөт».
48Ошондо ар бир адам ал отту Мен, Теңир, күйгүзгөнүмдү көрөт, ал от өчпөйт”».
49Ошондо мен: «Оо Кудай-Теңир! Алар мен тууралуу: “Ал мисал келтирип жаткан жокпу?” – деп жатышат», – дедим.