Жезекиел 21:1-32 KYB2004 - Bible AI

1Анан мага Теңирден сөз болду:

2«Адам уулу! Жүзүңдү Иерусалимге буруп, ыйык жайга каршы сөз айт жана Ысрайыл жерине каршы пайгамбарчылык кыл,

3Ысрайыл жерине айт: Кудай-Теңир мындай дейт: “Мен сага каршымын, Өз кылычымды кынынан сууруп алып, сенин ичиңдеги адилди да, мыйзамсызды да кырам.

4Ал эми сендеги адилди жана мыйзамсызды кырыш үчүн, Менин кылычым кынынан суурулуп, түштүктөн түндүккө чейин ар бир адамга каршы шилтенет”.

5Ошондо ар бир адам Мен, Теңир, Өз кылычымды кынынан сууруганымды, ал кынына кайра салынбасын билет.

6Сен болсо, адам уулу, белиң сынгансып онто, алардын көз алдында кайгыга батып онто.

7Алар сенден: “Сен эмнеге онтоп жатасың?” – деп сурашса, “Келген кабардан”, – деп жооп бер. Ошондо ар бир жүрөктүн үшү алынат, бардык колдор шалдаят, ар бир рух алсырайт, бүт тизелер сууга окшоп титирейт. Мына, бул келе жатат, иш жүзүнө ашат», – дейт Кудай-Теңир.

8Анан мага Теңирден сөз болду:

9«Адам уулу! Мындай деп пайгамбарчылык кыл: Кудай-Теңир мындай дейт: “Кылыч, кылыч курчутулду жана тазаланды.

10Ал мууздоо үчүн курчутулду, ал чагылгандай жаркыраш үчүн тазаланды”. Менин уулумдун бийлик таягынын ар кандай даракты жек көргөнүнө кубанышыбыз керекпи?

11Мен аны колго алыш үчүн, тазалоого бердим. Киши өлтүргүчтүн колуна бериш үчүн, ал кылыч курчутулду жана тазаланды.

12Адам уулу, онто, боздоп ыйла, анткени ал Менин элиме жана Ысрайылдын бүт төрөлөрүнө каршы. Алар Менин элим менен бирге кылыч мизине берилет. Ошондуктан белиңди чапкыла.

13Анткени ал сыноодон өттү. Эгерде ал бийлик таягын да жек көрсө, эмне болот? Ал туруштук бере албайт, – дейт Кудай-Теңир.

14Сен болсо, адам уулу, пайгамбарчылык кыл, алаканыңды чап, ошондо кылыч эки эсе, үч эсе көбөйөт: кылыч жеңилгендерге каршы, кылыч алардын турак жайларына кирген улуу адамга каршы.

15Жүрөктөрдүн үшү алынышы үчүн, өлгөндөр мындан да көп болушу үчүн, Мен алардын бүт дарбазаларынын алдына коркунучтуу кылычты коём! Чагылгандай жаркыраган, союш үчүн курчутулган кылычты коём.

16Даярдан, оңго же солго жөнө, жүзүң кайда бурулса, ошол жакка жөнө.

17Мен да кол чабам, Өзүмдүн каарымды кандырам. Мен, Теңир, айттым».

18Анан мага Теңирден сөз болду:

19«Сен, адам уулу, Бабыл падышасынын кылычы өтө турган эки жолду элестет, ал эки жол тең бир жерден чыгышы керек, көрсөткүч кой, шаарга кире турган жолдун башына көрсөткүч кой.

20Кылыч Амон уулдарынын Рабе шаарына жана Жүйүт аймагына, сепилдүү Иерусалимге барышы үчүн жол жаса.

21Анткени Бабыл падышасы эки жолдун айрылышына, эки жолдун башына төлгө салуу үчүн токтоду: жебелерин силкилдетти, терафимден сурады, боорду карады.

22Анын оң колундагы төлгө “Иерусалимге” деп түштү, ал жерге талкалагычтарды коюш керек экенин, өлтүрүш үчүн ооз ачыш керек экенин, согуш урааны үчүн катуу кыйкырыш керек экенин, дарбазалардын алдына талкалагычтарды коюш керек экенин, жал үйүш керек экенин, курчоо мунараларын куруш керек экенин көрсөттү.

23Бул төлгө алардын көзүнө жалган болуп көрүндү. Бирок алар ант беришкендиктен, ал алардын ушул жүзү каралыгын эстеп, аларды каратып алууну чечти.

24Ошондуктан Кудай-Теңир мындай дейт: “Силер кылмыштарыңарды ачыкка чыгарып, ар бир ишиңерде өзүңөрдүн күнөөлөрүңөрдү көрсөтүп, мыйзамсыздыгыңарды өзүңөр эсиме салып жатасыңар. Муну өзүңөр эсиме салып жатасыңар, ошондуктан силер кол менен туткундалып кетесиңер.

25Сен да, Ысрайылдын татыксыз, кылмышкер жол башчысы, акыркы күнөөнүн мезгилинде күнү келген адам,

26Кудай-Теңир мындай дейт: «Баш кийимиңди чеч, таажыңды алып кой. Эми андай болбойт. Кемсинтилген көтөрүлөт, көтөрүлгөн кемсинтилет.

27Кулатам, кулатам, кулатам. Ал жок болот, ал Кимге таандык болсо, Ошол келгенге чейин ошондой болот, Мен аны Ошого берем»”.

28Сен, адам уулу, пайгамбарчылык кылып айт: Кудай-Теңир Амон уулдары жөнүндө жана алардын көрсөткөн кордугу жөнүндө мындай дейт де: “Кылыч, кылыч союш үчүн кынынан суурулду, кырып-жоюш үчүн, чагылгандай жаркыраш үчүн тазаланды.

29Сага курулай пайгамбарчылык кылышкандыгы үчүн, жалган төлгө ачышкандыгы үчүн сен өлүмгө өкүм кылынган, акыркы күнөөнүн убагында күнү келген мыйзамсыздарга кошуласың.

30Аны кынына кайра салайынбы? Сени өзүң жаралган жерде, өзүң туулган жерде соттойм.

31Сага каарымды төгөм, сага Өзүмдүн каарымдын отун үйлөйм, сени адам өлтүргөнгө чебер, канкор адамдардын колуна салып берем.

32Сен отко жем болосуң, сенин каның жерде калат. Сен жөнүндө эскерип да коюшпайт. Муну Мен, Теңир, айттым”».

>